Рамазан – ибадат, нусрат, жихад… фатхтар айы
(Бул ушундай бир ай болуп, бул айда нафл амалдарга фарздын сообу берилет, фарз амалдардын сообу болсо жетимиш эселеп берилет)
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِيَ أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ
«Рамазан айы, бул айда адамдарга Туура Жол болуп, хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куран түшүрүлдү»
Бардык ааламдардын Роббиси Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага, ал заттын үй-бүлөсү жана асхабдарына о.э. кыямат күнгө чейин Расулуллах ﷺ ды көркөм көрүнүштө ээрчиген заттарга саламдар болсун, амма баъд.
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Урматтуу боордоштор!
Мына арадан бир-жыл өтүп, айлардын саййиди жана эң берекелүүсү болгон рамазан айы кайрадан кирип келе жатат. Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү ушул кирип келе жаткан рамазан айын мусулмандар үчүн жакшылык жана нусрат айы кылышын Аллах Тааладан сураган абалда, бүтүндөй Ислам Үммөтүн ушул мубарак айдын башталышы менен куттуктайт. Башы рахмат, ортосу магфират жана аягы тозоктон кутулуу айы болгон бул ай бардык мусулмандар үчүн мубарак болсун. Аллах Таала рамазан айынын айт намазын рошид Халифа имамдыгында окууну насип кылсын
Баарыбызга белгилүү болгондой, рамазан айы – бул айлардын султаны. Бул айда Куръани Карим түшүрүлгөн. Бул ай ибадат, сабыр, жихад нусрат, жеңиш жана фатхтар айы болгондон тышкары, амал, иш-аракет жана эрк-кайрат көрсөтүү айы болуп эсептелет. Бул айда кылынган нафл амалдарга фарздын сообу берилет, фарз амалдардын сообу болсо жетимиш эселеп берилет. Ушундай болгон соң, бул айда бардык амалдардын катарында фарздардын таажысы болуп эсептелген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылганыбыз максатка ылайыктуу болот. Себеби, бүгүнкү күндө мусулмандардын тагдырын чечүүчү эң маанилүү маселе – бул турмуштан четтетилген Аллахтын өкүмдөрүн кайрадан турмушка кайтаруу. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизинде туура жолду кармануучу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Себеби, Халифалык динди тикелейт, мусулмандардын кол тийбестигин коргоп, каны, намысы жана байлыктарын сактайт о.э. өлкөлөрдү бириктирет. Халифалык Исламды дүйнөгө жакшылык жана хидаят рисолаты катары алып чыгат, натыйжада рамазан айы акыйкат калимасын бийик кылуу айына, фатх жана нусрат айына айланат. Тарыхта муну тастыктаган окуялар аябай көп. Төмөндө рамазан айындагы жеңиш-нусрат окуяларынан мисалдарды келтиребиз.
Бул окуялар Ислам өкүмдөрү менен башкара турган Халифалык мамлекети бар болгон күндөрдөгү жеңиш-нусрат окуялары. Анткени, ал доордогу мусулмандар рамазан айын таква айы жана ибадат айы деп билүү менен бир катарда жеңиш жана нусрат айы деп билишет эле. А бирок өкүнүчтүүсү, 100 жылдан бери мубарак рамазан айы Халифалыксыз кирип келүүдө… Жогорудагы окуяларды эскерүү экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылуу үчүн бизге түрткү болот деп үмүттөнөбүз. Анткени, Аллах Таала аракет кылып жаткан момун пенделерине аларды жерде халифа кылууну жана өзү ыраазы болгон динге мүмкүнчүлүк берүүнү убадалаган. Аллах Тааала бул тууралуу мындай дейт:
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَيَسۡتَخۡلِفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ كَمَا ٱسۡتَخۡلَفَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمۡ دِينَهُمُ ٱلَّذِي ٱرۡتَضَىٰ لَهُمۡ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّنۢ بَعۡدِ خَوۡفِهِمۡ أَمۡنٗاۚ يَعۡبُدُونَنِي لَا يُشۡرِكُونَ بِي شَيۡٔٗاۚ وَمَن كَفَرَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [24:55]
Аллах Тааладан аны менен коргонула турган жана артында туруп согуш кылына турган о.э. Ислам Үммөтүнө Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү негизинде жетекчилик кыла турган туура жолду кармануучу адилеттүү халифаны кайтарып беришин сурайбыз. Бул нерсе Аллахка кыйын эмес.
Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү
11.03.2024
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…