«Акса ташкыны» жана Касим Сулайманий үчүн өч алуу

3611
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Акса ташкыны» жана Касим Сулайманий үчүн өч алуу

«Кудсул Арабий» 2023-жылы 27-декабрда Ирандын Ислам ыңкылабы сакчыларынын маалымат катчысы Рамазан Шарифтин ушул билдирүүсүн жарыялады: «Акса ташкыны операциясы 2020-жылы Американын чабуулу менен өлтүрүлгөн Касим Сулайманий үчүн өч алуу операцияларынын бири болду жана мындай өч алуулар уланат». Рамазан Шарифтин билдирүүсүнө жооп катары Хамас кыймылы берген билдирүүдө: «Исламий карышылык кыймылы «Хамас» Ислам ыңкылабы сакчыларынын маалымат катчысы генерал Рамазан Шариф «Акса ташкыны» операциясы жана анын себептери жөнүндө айткан сөздөрүн четке кагат», – деп келген. Билдирүүдө: «Биз «Акса ташкыны» операциясынын мотив жана себептерин, себептердин негизгиси  Акса мечитине коркунуч туудуруп жаткан кооп-коркунучтар экенин бир нече ирет айтканбыз», – деп кошумчаланат. Билдирүүнүн соңунда мындай делген: «Биз Фалестин каршылык кыймылынын бардык иш-аракети баскынчыга, анын элибизге жана ыйык жайларыбызга каршы токтобой келе жаткан кол салуусуна жооп катары ишке ашырылганын да баса белгилейбиз».

Устаз Мухаммад Абу Хишам Хизб-ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн жазган түшүндүрмөсүндө айтат: «Кубаттуу армияга, заманбап алдыңкы куралдарга ээ болуп туруп Батыштын куурчактарына айланган жана билдирүүлөрү менен курулай сайраган Иран өкүмдарлары Ирак жана Афганистанга каршы согушта АКШнын тарабында турду. Сирия жана Иракка миңдеген аскерлерди жөнөтүп, бул эки мамлекетти ойрон кылды. «Куддус кошууну» деген күчтөрдү түзгөндүгүнө карабастан, Фалестинге бир да аскер жөнөткөн жок. Алар канкор кылмышкер Касим Сулайманийдин өлтүрүлгөнү үчүн Кассам мужахиддери өч алышын күтүп жатышат. Бирок, аларга яхудийлер күнү-түнү сокку берип, Ыңкылап сакчыларынын жетекчилерин тынымсыз өлтүрүп жатса да, алар керектүү жайда жана учурда жооп соккусун берерин айтып, коркутуу менен чектелишүүдө. Ушул орунда суроо пайда туулат: Иран өз жетекчилеринин өлтүрүлгөнү үчүн эмнеге өч албай жатат?! Өч алуудан аларды эмне тосуп жатат?! Баскынчы мамлекет эң күчсүз абалда турганда, Иран өкүмдарлары ар дайым коркутуп келишкендей, эмнеге аны картадан өчүрүп салбай жатышат?!

Устаз Абу Хишам өз түшүндүрмөсүндө минтип жооп берди: «Кимдин колу Ирак, Сирия жана Яманда мусулмандар канына бөлөнгөн болсо, анын Газага жардам көрсөтүшү жана Фалестинди азат кылууда ролу болушу мүмкүн эместигин мусулмандар түшүнүшөт. Себеби, Фалестинди эр жүрөк жана Аллахтын жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпогон баатырлар азат кылышат. Алар Фалестинди азат кылышат жана яхудийлер тебелеген жайларды тазалашат. Силер, эй, Иран өкүмдарлары, бул баатырлар арасында эмессиңер, тескерисинче, башка малай өкүмдарлар сыяктуу, Фалестинге каршы тил бириктиргендер арасындасыңар». Ал Кассам мужахиддерине кайрылып, сөзүн бүтүрдү: «Ислам ыңкылап сакчыларынын маалымат катчысы «Акса ташкыны» Касим Сулайманий үчүн өч алуу операцияларынын бири болгонун айтты, кийин ал четке кагылды. Бул, Кассам мужахиддери жана башка топтор үчүн эч кандай жакшылык үмүт кылып болбогон бул кылмышкерлер менен алаканы үзүү мүмкүнчүлүгү. Мужахиддерге каршы тил бириктирип жаткан Катар, Түркия жана Мисир өкүмдарлары менен да алаканы үзүү керек. Негизи, бул өкүмдарлар силерди жаман көрүшү ооздорунан ашкере болду, жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоң. Алар Аллах Таалага гана бекем байланышы зарыл. Мужахид пенделерине жардам берүүгө жалгыз Аллах гана кудуреттүү.

﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

«Нусрат күч-кудурет жана дааналык ээси болгон Аллах алдынан келет»            [3:126]».

 

Роя гезити, №477, 2024-жыл, 10-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here