“израил” өкмөтү кризисте

3688
0

“израил” өкмөтү кризисте

“израил” оппозиция лидерлери Йаир Лапид Бенни Гантз, Гади Эйзенкот, Гидеон Саара өкмөттөн чыгып кетүү билдирүүсү менен чыгышты. Өтмүштө каржы министри, тышкы иштер министри жана өкмөт башчылык кызматтарды аркалап келген Лапид, “өкмөт мамлекетти башкаруу жөндөмдө эмес жана Нетаняху өлкөнү башкарууга ылайык эмес” деп билдирди. Ал “Йаш Атид” партиясын шайлоо аркылуу колдоого же альтернативдүү өкмөттү куроо аркылуу өзгөрүүнү колдоого даяр экендигин кошумчалады.

Буга чейин Нетаняху өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасын токтотууга мажбур болгон. Бул реформага каршы жүз миңдеген адам нааразылык акцияларына чыгышкан. Ал эми, 7-октябрдан бери уланып жаткан Газадагы ийгиликсиздиктер өкмөттүн абалын дагы да оор абалга түшүрдү. Мындан улам, Нетаняху өкмөтү Газадагы согушту аягына чейин улантууга, жок дегенде токтотпой турууга кызыктар. Анткени, согуш токтогондун эртеси өкмөттөн айдалып, жоопко тартылуу ыктымалын жакшы билип турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here