Баалардын туруктуу жогорулашы – империализм кесепеттеринин бири
Өлкөбүздөгү баалар 2020-жылдан тарта кескин жогорулады. 2023-жылда баалардын жогорулоо темпи бир аз басаңдаган болсо да, бирок туруктуу жогорулоо темпи сакталып турат. Эксперттер жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 10 пайызды түзөрүн божомолдошууда. Ал эми, Евразия өнүгүү банкы 2024-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 7,8 % болот деп эсептейт.
Кыргызстан импортко абдан көз каранды өлкө болгондуктан, дүйнөдөгү олку-солку абалдан жана дүйнөлүк фондулук биржалардагы чайкоочулуктан улам жаралган баалар өлкөбүзгө түздөн-түз таасир кылары анык. Ошондуктан, бийлик азык-түлүк, тагырак айтканда ун продукциялары жана күйүүчү май продукциялары жаатында Россиянын этегин кармап, ушул продукцияларды андан алат. Бул кандайдыр бир деңгээлде ушул продукциялардын бааларынын туруктуулугун камсыздап, дүйнөлүк баалардын таасиринен алыс тутат. Башкача айтканда, ушул продукциялардын баалары – дүйнөдө болуп жаткандай – бир түндө эле жогорулап кетпейт. Бул «туруктуу жагдай» албетте саясий көз карандылыкты талап кылат. Бирок, өлкөгө импорттолуп жаткан нерселер бир гана ушул продукциялардан турбагандыктан, ошондой эле өлкөбүз импортко көз каранды болгондуктан, баалар туруктуу түрдө жогорулап турат.
Андан тышкары, баалардын өсүшүнө таасир кылып жаткан факторлорго тыштан алынып жаткан карыздарды жана учурдагы кагаз акча системасын кошсок болот. Маселен, 2023-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик карыз 6 млрд 590 миң долларга жетти. Анын 4 млрд 482 млн доллары тышкы карызды түзөт. Бул тышкы карыздын чоң бөлүгү, тагырагы 1 млрд 706 млн доллары Кытайдын банкына таандык.
2020-жылдын октябрь айынын жыйынтыгында Кыргызстандын карызы 4 млрд 843,81 млн доллар болгон, демек мамлекеттик карыз үч жыл ичинде 1,1 млрд долларга көбөйгөн. 2010-жылдарга чейин мамлекеттик карызды төлөөгө жылына 10 миллиард сомго чейин гана каражат жумшалган болсо, 2015-жылдан баштап орточо 15 миллиард сомдой жумшалып турган. Акыркы беш жылдан бери төлөнүп жаткан сумма 30 миллиард сомдон ашып турган. 2023-жылдын он айында бул үчүн 49 млрд сом сарпталды. Карызды жабуу үчүн 2024-жылы 67 млрд сом, 2025-жылы 87 млрд сом сарпталат деп мерчемделген.
Андан тышкары, кагаз акча системасынан улам баалар жогорулап жатат. Себеби, экспортко караганда импортубуз көп болгондуктан, чет элдик валюта өлкөгө киргенден көрө көбүрөөк чыгып турат. Бул жагдай өлкөдө чет элдик валютанын туруктуу дефицитин жаратат. Натыйжада, чет элдик валютанын куну жогорулап, автоматтык түрдө баалар көтөрүлөт. Себеби, өлкөгө кирип келип жаткан импорт чет элдик валютага сатылып алынат.
Ушулардын баары баалардын жогорулашына алып келүүдө. Бул албетте капиталисттик (колониялдык) системанын кырсыктуу натыйжасы болуп эсептелет. Капиталисттик система өзгөртүлмөйүн бул кырсык эч качан токтобойт, адамдар анын азабын тартып, андан чыга алышпайт. Ошон үчүн, бул жаман абалдан чыгуу жана динибиздин буйругун аткаруу үчүн Халифалыкты тикелөө зарыл. Себеби, Ислам системасы камтылган Халифалык гана адамдарды бул зулумдан алып чыгып, адилеттүү системаны курат!
Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Харун Абдулхак