Песков: ЕАЭБден баарыбыз пайда көрдүк

4539
0

Песков: ЕАЭБден баарыбыз пайда көрдүк

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ)ге мүчө мамлекеттер уюмдун алкагындагы кызматташтык себептүү бекемделип, эл аралык экономикадагы коркунучтардан коргонгон. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Известия” гезитине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө интеграция өтө маанилүү жана пайдалуу.

“Биз Армения, Кыргызстан, Белорус жана Россиянын экономикасындагы өсүштү байкап жатабыз. Бир сөз менен айтканда, кызматташтыктан баарыбыз пайда көрдүк”, – деди Песков.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 25-26-декабрында Санкт-Петербургда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммити жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны учурунда Путин ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасында өсүш байкалып жатканын баса белгилеп, бул биримдикти эл аралык таасири бар уюм деп атаган.

Комментарий: Путиндин ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн негизги максаты, уюмга мүчө мамлекеттерди Россияга бекем байлап алуу жана өз кызыкчылыгы жолунда пайдалануу болгон. Чындыгында, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери – Белорусия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин берилгендигин сыйлоо үчүн аларга айрым мүмкүнчүлүктөрдү бергенин эсепке албаганда – жалаң гана Россиянын кызыкчылыгына кызмат кылып келди. Себеби, уюмдун мыйзам жана нормаларын Россия белгилейт жана адаттагыдай эле бул уюмдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланат.

Мисалы, ЕАЭБ келишими боюнча бардык мүчөлөр ортосунда товарлар, кызматтар, капитал жана эмгек тармактарында айырбаштоо эркиндиги о.э. соода, энергетика, өнөржай, айыл-чарба жана транспорт тармактарында макулдашкан абалда саясат жүргүзүү кепилденген. Ошого карабастан, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин т.а. 2015-жылы болгону 150 миллион доллардык товар экспорт кылган. Негизи, ал ЕАЭБге мүчө болгонго чейин т.а. 2014-жылы Казакстанга жалпы баасы 340 миллион доллардан ашуун товар экспорт кылган.

О.э. келишимде көрсөтүлгөн “биримдиктин ичинде жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши жана эмгек мигранттарына берилүүчү жеңилдиктер” кагазда калып кетти. Россия Орто Азия мамлекеттерине басым өткөрүү үчүн болор-болбос шылтоолор аркылуу жумушчу күчү агымынан курал катары пайдаланууда. Ал тургай, эмгек мигранттары көп келген өлкөлөрдү Россияга кошуп алуу жөнүндө ачык сөз кыла баштады.

Мына ушундан белгилүү болгондой, Россия ЕАЭБ жана анын уставын жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн түзгөн. Колонизатор мамлекеттер эч качан өзүнүн колониялары менен келишим түзбөйт. Башкача айтканда, “келишим” деген аталыш менен алардын үстүнөн өкүм жүргүзөт. Алардын бирден-бир максаты, колония мамлекеттердин байлыктарын тартып алуу, калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу жана материалдык пайда көрүү. Качан Халифалык мамлекети тикеленип, колонизаторлорду Исламий өлкөлөрдөн кууп чыкканга чейин, булар ар түрдүү шылтоолор менен баскынчылыгын уланта беришет. Демек, мындай кордуктан кутулуу үчүн, бардык мусулмандар Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылып жаткан калыс мусулмандар менен биргеликте аракет кылышы керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here