Жаңы жылды майрамдоо – мункар! Ага ал жоголгонго чейин ага каршы туруу ваажиб.
Бир кездерде Хизб жигиттери “жаңы жылды майрамдоо харам” десе, айрым түшүнбөгөн адамдар аларды орган кызматкерлерине саткан учурлар болгон. Бирок, Аллахка мактоолор болсун, бүгүнкү күнгө келип, элибиздин өз Исламына умтулуусу себептүү, калктын көпчүлүгү ал күндү майрамдоодон жүз үйрүп калды. Дагы бирок, эми өкүнүчтүүсү, мусулмандар үстүнө мажбур орнотулган светтик мамлекет ал күндү майрамдоодон жүз үйрүмөк турсун – мусулман калктын эркине каршы түрдө – кайра ага жабышып-жармашып алууда.
Мисалы, былтыр экологиялык себептен улам (ооба, Аллах кайтаргандыгы үчүн эмес!) жаңы жылдык салюттарды атууга тыюу салынган эле. Эми болсо, кайрадан ага рухсат берилип олтурат, негизи, экологиялык абал былтыркыдан жакшырып кеткен жери жок! Бирок, бул светтик бийлик – адамдардын саламатчылыгына да карабастан – куфр көрүнүштөрүн жайылтуу алкагында, салюттарга рухсат берип жатат.
Учурда болсо, жаңы жылдык иш-чараларды президент өзү баштап берди жана эң акыркы айылдарга чейин ёлкалар орнотуу о.э. ал күндүү шаан-шөкөт менен өткөрүү тапшырмалары берилди, ага кайдыгер караган жетекчилер жазалана турган болду.
Бул иш-чараларды өткөрүү үчүн бюджеттен миллиондогон сомдор бөлүнүп, сапырыла баштады. “Бюджеттен бөлүнүптүр” десе эле, айрым адамдар ал акчалар алда кайдан бекер келип калгандай сезишет. Негизи, ал сиз менен менин акчам эмеспи. Мамлекет залимдик менен, ал каражаттарды салык катары жонубуздан кайыш кылып тилип алган эмеспи. Эми болсо сиз менен мен майрамга чыкпайбыз – а бирок, биздин акчабызга динсиз светтик бийлик, ага ээрчиген, өз Исламын үйрөнбөгөн, халал-харамды ажырата албай калган айрым мусулмандар майрамдап жатпайбы! Эгер биз буга каршы турбасак, анда алардын “майрамына” (күнөөсүнө) шерик болуп калабыз.
Белгилүү болгондой, буга чейин президент тарабынан “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана мархумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлык чыгарылып, муну “ысрафкерчиликке каршы” аракет катары акташкан эле. Негизи, шарият боюнча – айрым бир жагдайларды эске албаганда – жогорудагыдай той-аштарга жумшалган каражаттар ысраф эсептелбейт. Анткени, алар шариятта жайиз болгон мубах амалдардан. Ал эми, ысрафтын шарияттагы терминдик мааниси – каражатты харамга жумшоо.
Мындан маалым болгондой, бийлик элдин айрым жеке иштерине “ысрафкерчилик” шылтоосу менен тыюу салып, бирок, мамлекет өзү чыныгы ысраф иштерин улантууда. Мына, жаңы жылдык салтанаттарды уюштуруу мунун таасын мисалы болуп саналат. Ушулардан улам, мамлекеттин “ысрафкерчиликке каршы күрөшү” бул популисттик эле иш болуп, өзү болсо ысрафгерчиликтин туу чокусунда жүрөт.
Кыргызстан калкынын көпчүлүк бөлүгү жакыр жашап жаткан чакта, бийлик мусулмандардан залимдик менен топтоп алган каражаттарды ысрафка сапырууда. Болгондо да куфр майрамын белгилөө үчүн сапырып жатат.
Негизи, шарият боюнча мындай “майрам”дарды белгилөө харам экендигин бийлик эмес, ал тургай, каафирлер да билип бүтүштү.
Эй мусулмандар! Ошондуктан, каафир кожоюндарына ээрчиген жана популисттик кылып бийликке тырмышкан жетекчилериңерди ээрчип, өзүңөрдү тозокко ыргытып албагыла. Андыктан, мындай мункарларга – алар жоголгонго чейин – каршы тургула! Эгер силер каршылык эркиңерди, көпчүлүк экениңерди көрсөтүп койсоңор – бийликтегилер айт намаздарында алдыңкы сапта турушкандай, ыйман-ынсабынан келип чыкпаса да, бийлик ышкысынан келип чыгып – жаңы жылды майрамдоого да каршы чыгып башташат, иншаАллах.
Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү