Жаңы жылды майрамдоо – харам.
Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам Умматы кафирлердин таламайында калды. Бул чабуул бир гана мусулмандардын байлыктарын талап-тоноого, жерлерин басып алууга чектелген жок. Аны менен кошо кафирлер сакафий чабуулду да алып барышты. Кала берсе, бул сакафий чабуул эң негизги орунда турат десек жаңылышпайбыз. Себеби, кафирлер мусулмандарга каршы канчалаган согуштарды алып барып, бирок жеңилүү ызаасын татышкан. Ошондуктан, алар мусулмандардын бекемдигинин сыры жөнүндө баш катырышып, Ислам акыйдасына токтолушкан. Ислам акыйдасын бузуп, анын ордуна куфрду киргизүү – мусулмандарды жеңүүнүн жолу деген жыйынтыкка келишишкен. Мындан улам, кылымдарга созулган сакафий чабуул кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жетип, мусулмандардын аң-сезимин уулоого жетишти. Ал эми, Усманий Халифалык кулаган соң, кафирлер үчүн бул чабуул жеңилдеп, кафирлердин кээ бир батыл түшүнүктөрү мусулмандардын арасында да жайылды.
Ушундай батыл түшүнүктөрдүн бири – бул “Жаңы жылды” майрамдоо. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө бул майрамды айрым мусулмандар да белгилеп жатышат. Алардын кээ бир “бул жөн гана шаттык күнү” дешсе, кээ бири ачык эле майрамдап, жөрөлгөлөрүн жасап жатышат.
Бирок, динибиз хак менен батылды ачык айырмалап, Исламдын өкүмүн гана кабыл алууну буйруду. Аллах Таала айтат:
«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, жетик кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым». (5:3).
Ислам Кыяматка чейинки бардык маселелердин чечимин берип, ал чечимдерди гана кабыл алууну милдеттендирүүдө. Ошондуктан, мусулман шарияттын өкүмдөрүн аткаруусу важиб.
Аллах Таала айтат:
“Алар (Рахмандын сүйүктүү пенделери) жалган күбөлүк беришпейт жана келжирек (пайдасыз сөз же иштин) жанынан өткөн чактарында асыл заадалык менен (андан жүзүн үйрүгөн абалдарында) өтүшөт”. (25:72).
Бул аяттын тафсиринде Абу ал-Алия, Таус, ибр Сирин, ад-Даххак, ар-Раби ибн Анас жана башкалар бул жерде мушриктердин майрамдарын белгилөө жөнүндө сөз болуп жатат дешкен. (Ибн Касирдин тафсири).
Пайгамбарыбыздын суннатына кайрыла турган болсок, Расулуллах (с.а.в) айтты: “Кимде-ким өзүн башка бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон”. (ибн Нажим).
Ошондой эле, Анас ибн Маликтен риваят кылынат: Расулуллах (с.а.в.) Мадинага хижрат кылганда, мадиналыктардын эки майрамы бар эле, ал күндү шаттык жана оюндар менен өткөрүшчү. Ал (с.а.в.) сурады: “Бул күндөр эмнени билдирет?”. Алар айтышты: “Бул күндөрдү шаттануу менен өткөрөбүз, жахилияттан бери майрамдап келебиз”. Ошондо Расулуллах с.а.в. аларга айтты: “Чынында, Аллах аларды эки эң жакшы күнгө: Курбан айт жана Орозо айтка алмаштырды!”.
Бул хадистерде Расулуллах (с.а.в.) башка коомдорду ээрчибөөнү буйруп, Ислам Умматы алардан айырмаланган өзгөчө уммат экенин баса белгилеп, Ислам эки майрамды гана: Курбан айт жана Орозо айт майрамдарын гана белгилөөнү буйруганын айтып жатат. Ошондуктан, ким “Аллахка жана Расулуна кулак салуудан баш тартса, анда (туура жолдон) адашат”. (Ахмад, Муслим). Аллах андан сактасын.
Умар ибн ал-Хаттаб розияллоху анхудан риваят кылынат: “Мушриктердин майрам күндөрү алардын ибадатканаларына кирбегиле, чындыгында (Аллахтын) каары (ал учурда) аларга түшөт”. Ал дагы айтат: “Аллахтын душмандарынын (кафирлердин) майрамы учурунда алардан алыс болгула”. (ал-Байхаки).
Пайгамбарыбыздын бул суннатын жана асхабдарынын көрсөтмөлөрүн, тагырак айтканда, кафирлердин майрамына катышпоо буйругун салих ата-бабаларыбыз карманып келишти.
Бул маселеде төрт мазхаб уламаларынын да бир пикири болгон.
1). Ханафий мазхабы:
“Эгер, бирер (мусулман) Нооруз күнү – бул күндү улуулабастан, бирок адамдар арасында калыптанып калган адат боюнча – кимдир бирөөгө белек берсе, кафир болуп калбайт. Бирок, мусулман дал ушул күнү андай кылбашы керек, кафир коомго окшоп калбастыгы үчүн аны ал күндөн мурун же андан кийин кылышы кажет. Себеби, Расулуллах (с.а.в.) айтты: ““Кимде-ким өзүн башка бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон”. («аль-Бахр ар-Раик шарх кунуз ад-Дакаик», ибн Наджима, 8/555).
2). Маликий мазхабы:
Ибн ал-Хаж ал-Маликий айрым мусулмандардын кафирлерди (ахли китабды) майрамы менен куттуктап, белек берип жатышканы жөнүндө: “Аттиң, бул нерсе болбогондо”, – деген. («аль-Мадхаль», 2/46-48).
3). Шафии мазхабы:
Аз-Замири аш-Шафии айтат: “Ким кафирлердин майрамына макул болсо, ал айыпталат”. («ан-Нажм аль-Уаххаж фи шарх аль-Минхаж», 9/244).
4). Ханбали мазхабы:
Ал-Бахути ал-Ханбали айтат: “Насроний жана яхудийлердин майрамына катышууга тыюу салынган”. («Кишф аль-Кина ан матн ал-Икна», 3/131).
Көрүнүп тургандай, төрт мазхаб боюнча кафирлердин майрамына катышуу харам эсептелип жатат.
Шайхул-Ислам Ибн Таймия ушуларды айткан: “Кафирлердин майрам күндөрүнө ээрчүү, алардын батыл итикадын жана куфр амалдарын жакшы көрүү болуп эсептелет. Бул болсо, кафирлерге мусулмандарды жолдон адаштырууга, кемсинтүүгө мүмкүнчүлүк жаратат”. (Мажмуъ аль-Фатава аль-Шайх Ибн Усаймин, (3/44, 3/369).
Шайх Ибн Усаймин (Аллах ал кишини Өз рахматына алсын) бул тууралуу мындай деген: “Кафирлерди рождество же башка майрамдары менен куттуктоонун харамдыгына көпчүлүк уламалар келишишкен. Ибн Аль Коййим өзүнүн Ахкаам аль-Зиммах китебинде ушул сөздөрдү келтирген: “Кафирлерди майрамы менен куттуктоо бардык аалымдардын назарында харам болуп эсептелет, а түгүл, аларга “майрамыңыз менен куттуктайм” же “майрамыңарды жакшы өткөргүлө” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу да харам болуп саналат. Муну айткан мусулман кафирликтен кутулса да, күнөөкөр болот. Бул кудум крестке сажда кылган сыяктуу, балким андан да жаманыраак иш. Бирөөнү арак ичкени үчүн, же адам өлтүргөнү үчүн, же зынаа кылганы үчүн куттуктоо канчалык чоң күнөө болсо, жаңы-жыл менен куттуктоо дагы дал ошондой күнөө. Өзүнүн динин сыйлабаган инсандар көбүнчө ушул катага жол беришет. Алар кылып жаткан иши канчалык үлкөн күнөө экенин түшүнүшпөйт. Башкаларды Аллахка баш ийбегени үчүн же бидъат амал кылганы үчүн куттуктаган инсан Аллахтын азабына дуушар болот.” (1/205, 206).
Жогоруда көрсөтүлгөн хужжаттар кафирлердин майрамына катышуу, аларга окшоо, аларды ээрчүү сыяктуу болорун баса белгилеп, андан тыйылууга үндөп жатат. Аллах Таала динибизди кемчиликсиз жетик кылып берди жана Ислам дининин гана өкүмдөрүн алууну буйруду. Мусулман пенде бул өткүнчү дуняны эмес, Акыретин ойлоп жашайт. Андыктан, кафирлерди ээрчип, Кыяматта алар менен бирге тирилип калуудан Аллахым Өзү сактасын!
Харун АбдулХак