Шаардык кеңеш жол акыны кымбаттатуу чечимин кабыл алды

715
0

Шаардык кеңеш жол акыны кымбаттатуу чечимин кабыл алды

Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы отурумунда борбордо муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатуу чечимин кабыл алды. Ага ылайык, накталай төлөм менен жол акы 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Буга чейин муниципалдык автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушу берилип, ал ишке ашпай калган.

Тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир келген өкмөт өлкөнү монополия кылып алган капиталисттердин мүлкүн бөлүштүрүүнүн ордуна калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Тескерисинче, монополисттер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип берүүдө.

Өкмөт мындан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. Жол үчүн алына турган каражат автунаага куюлган ар бир литр бензинге 1 сом кошулуп алынмакчы. Булардын баары ансыз да каржалып турган калктын жакырчылыгын дагы да күчөтүшү талашсыз.

Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өскөн. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда.

Үстүбүзгө капитализм колдонулганы себептүү бүт дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан калкы да мына ушундай зулумдар чеңгелинде жашап жатышат. Мунун каршысында Ислам байлык бир ууч капиталист-монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын түрдүү салыктарды төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлыкты байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен, коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту ордуна коёт! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас өкүмдөрү сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, ал мыйзамдар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, балким, алар күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here