Яхудий вужуду ийгиликсиздикке жүздөнгөнүн моюнга алды

3354
0

Яхудий вужуду ийгиликсиздикке жүздөнгөнүн моюнга алды

Яхудий вужудунун каржы министри Бецалель Смотрич яхудий аскерлери Газада ийгиликсиздикке дуушар болгонун моюнга алды. Палестина калкына каршы жикчил көз карашы менен белгилүү болгон диний Сионизм партиясынын төрагасы Смотрич маалымат жыйынында: “Туурасын моюнга алышыбыз керек, мамлекеттик бийлик жана коопсуздук түзүмү башы ийилген абалда ийгилииксиздикке дуушар болду. Биз жарандарыбызды коргой албадык”, – деди.

Яхудий вужудунун башкы штаб башчысы Херзи Халеви да маалымат жыйынында (Израиль) армиясы жана разведкасы палестиналык Мужахиддерге каршы күрөштө бүтүндөй ийгиликсиздикке учураганын моюнга алды. Анын айтымында, жеңилүүгө байланыштуу армия ичиндеги бардык нерселер үстүнөн олуттуу текшерүүлөр өткөрүлөт.

Комментарий: Яхудий вужудунун палестиналык бир нече Мужахиддер каршысында чөгөлөп калышы, куфрдун Ислам каршысында чөгөлөшүн көрсөттү. Бул күрөштө куфрдун эң чоң ийгиликсиздиктеринин бири Мужахиддерге “террорист” тамгасын жабыштыра албай калганы болду.

АКШ армиясы Ирак жана Афганистанда миллиондогон жай тургундарды өлтүрүп, кыргындарды уюштурганына карабастан, АКШ баскынчылыгына каршы күрөшкөн Мужахиддерди жүзү жоктук менен “террорист”ке чыгарды. О.э. Сирияда канкор Асаддын жана баскынчы Россиянын күчтөрү миллиондогон мусулмандарды өлтүрүп жатканда, буга каршы күрөшкөн Мужахиддер ар түрдүү айла амалдар менен дүйнө жүзүнө “террористтер” катары көрсөтүлдү. Орус баскынчыларына каршы күрөшкөн чечендерге да кудум ушул тамга басылган. Мындан көздөлгөн максат, куфр калкынын Ислам жана мусулмандарга каршы кылып жаткан кылмыштарын актоо о.э. адамзаттын аң-сезиминде “Ислам терроризм дини” деген түшүнүктү пайда кылуу болчу.

А бирок, бул ирет куфр Ал-Кассам Мужахиддерине “террорист” тамгасын жабыштыра албай калды. Мына ушул нерсе анын эң чоң ийгиликсиздиги болду. Анткени, “террор”го каршы согуш Батыштын Исламга каршы иштеп чыккан стратегиясы болуп, Батыш өзүнүн эл аралык саясатын ушул стратегиянын негизинде белгилейт.

Мындан тышкары, Ал-Кассам Мужахиддери заманбап курал-жаракка ээ болгон жеңилбес күч катары көрсөтүлүп келген (Израиль) армиясы канчалык согушка жараксыз, тажрыйбасыз жана коркок армия экендигин ашкере кылып койду.Темир чатыр” коргонуу системасы жөнүндөгү апыртмалары ашкере болду. БУУ жана Хьюман Райтс Вотч сыяктуу уюмдар куфр мамлекеттеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн гана түзүлгөнү белгилүү болду. Ошондуктан да, муну яхудий вужудунун эле эмес, бүтүндөй куфр калкынын жеңилүүсү деп айтууга болот.

Бирок, бул канкор яхудий вужуду түп-тамыры менен жок кылынганга чейин мусулмандар үчун эч кандай ийгилик жана эч кандай жеңиш жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Яхудий вужуду түп-тамыры менен жок кылынышы албетте Ислам армиясынын бутка турушу менен ишке ашат. А бирок, бүгүнкү күндө Ислам армиясы бутка турушуна башкы командачылык макамын зомбулук менен ээлеп алган Батышка малай акимдер жол бербей жатышат. Анткени, булар яхудий вужуду жок кылынышы менен өздөрүнүн бийлигине да чекит коюларын өто жакшы билишет. Демек, яхудий вужудун бүтүндөй жок кылуу Ислам армиясын бир туу алдында бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ушундай болгон соң, Газадагы кыргындарга кайгырып жаткан калыс мусулмандарэгер чындап эле Палестина азат болушун каалашса – Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн колунан келишинче аракет кылышы керек. Халифалык мамлекети Палестинаны яхудий вужудунан тазалоо менен эле чектелбестен, бардык Ислам өлкөлөрүндөгү колонизаторлорду кууп чыгат о.э. Ислам рисолатын дүйнө жүзүнө жеткирет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here