Газада ок атышпоо келишими узартылды
Катардын ортомчулугу жана АКШнын аймактагы болгон аракетинин натыйжасында Хамас менен “израилдин” ортосундагы ок атышпоо келишими дагы эки күнгө узартылды. Бул аралыкта туткун алмашуу иштери улантылмакчы. Учурда “израил” түрмөлөрүнөн бошотула турган палестиндердин саны 350гө жетти. Мунун каршысында Хамас аял жана балдардан турган 60тан ашык туткунду бошотту. Алардын арасында чет өлкөлүктөр жана кош жарандыкка ээ адамдар арбын.
Белгилүү болгондой, АКШ менен “израил” 8-октябрдагы баскынчылык согушту баштап жаткан учурда негизги үч максатты жарыялашкан. Алардын биринчиси – Газанын түндүгүндөгү калкты араб өлкөлөрүнө жана Газанын түштүгүнө көчүрүү. Экинчиси – туткундарды эч кандай шартсыз, күч менен бошотуп алуу. Үчүнчүсү – Газа аймагын толугу менен талкалап, Хамасты жок кылуу. А бирок, кургактыктагы согуш бул максаттардын бирине да жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеди. Газа калкынын болгону 30 пайызы гана жер которууга мажбур болду. Калктын негизги бөлүгү Ыйык жерди каны-жаны менен коргоп жатат. Ал эми, жөөттөрдүн туткундарды шартсыз бошотуп алуу максаты жарым жолдо кумга сиңип, палестиналык туткундарды бошотууга мажбур болууда. Хамасты жок кылуу аракети болсо азырынча кыял боюнча калып кетти. Буга кошумча, израил армиясы коркок жана жөндөмсүздүгүн ачык көрсөттү. Мужахиддер ар күнү жөөттөрдүн ондогон аскердик техникасын талкалап, аскерлерин жок кылып жаткан чакта, “израил” жайкын тургундарды бомбалап, өлгөн аскерлеринин санын азайтып көрсөтүүдөн ары өтө албады. Тескерисинче, дүйнөлүк коомчулук алдында ырайымсыз, канкордугу ашкере болуп, эки жүздүү эл аралык түзүмгө зыян жеткирди.
Демек, мусулмандарга Газадагы бир ууч жамааттын кайраттуу аракети дем бериши керек. Ошондой эле, казармаларда жаткан мусулман армиялары кыянатчы жетекчилердин буйругуна моюн сунуудан арылуусу шарт. Анткени, Палестина маселесинин түпкү чечими мусулман армияларын аракетке келтирүү жана кыянатчы жетекчилерди тактыларынан оодаруу аркылуу ишке ашат!
Мумтаз Маверанахрий
domperidone over the counter – domperidone cost cyclobenzaprine 15mg us
buy medex – cozaar drug order losartan 25mg online cheap