Путин: ЖККУ өлкөлөр ортосундагы ынтымакты бекемдейт
ЖККУ алкагында биргелешип иш алып баруу мамлекеттердин жана элдердин ортосунда ынтымакты бекемдөөгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Владимир Путин ЖККУнун Минскидеги саммитинде билдирди. Путиндин айтымында, жыл ичинде ЖККУ мамлекеттери союздук байланышты чыңдоо боюнча активдүү иш алып барган.
“ЖККУга мүчө мамлекеттер саясий жана аскердик-стратегиялык актуалдуу маселелерде, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги курч көйгөйлөрдө позицияларын ыкчам түрдө аныктап алышты”, “Күжүрмөн даярдыкты сактоо, башкаруу системасын жакшыртуу жана аскер кызматкерлеринин даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү”, – деди Путин.
Мындан тышкары, Путин ЖККУ саммитинде ШКУ жана КМШ менен мамилелерди өнүктүрүү маселелери да талкууланганын билдирди.
Комментарий: Украинадагы согуштун натыйжасында Россиянын эл аралык саясаттагы таасири начарлап барууда. Ошол себептен улам, анын кол алдындагы аймактарды – саясий жана экономикалык жактан – бир тараптан АКШ менен Европа мамлекеттери тарткылап жаткан болсо, экинчи тараптан Кытай тарткылап жатат. Бул абал айрыкча, үстүбүздөгү жылдын башында Франция президенти Эммануел Макрондун Орто Азияга сапары учурунда даана көрүндү.
Франция президенти экономикалык мамилелерди бекемдөөгө олуттуу көңүл бурду о.э. экология, атомдук энергия, өнөржай жана айыл чарба тармактарында кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты. Анын Астана жана Ташкентке сапарынан кийин Москва өзүн тынчсыздандырган маселелер боюнча билдирүүлөрдү бере баштады.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Россия” телеканалына берген интервьюсунда: “Европа Союзу бизди Борбор Азиядан, Кавказдан сүрүп чыгаруу ниетин анык көрсөтүүдө. Бул максаттары эч качан ишке ашпайт. Ал жерлерде биздин тарыхий жолубуз бар, биз эч кайда кетпейбиз. Биздин өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз муну жакшы билишет”, – деди.
Көрүнүп тургандай, Россиянын да СССРден калган мурастарын оңой эле тапшырып салуу ниети жок. Ошондуктан, Путин Борбор Азияны өзүнүн таасири алдында кармап калуу максатында ЖККУдан пайдаланмакчы болууда. Негизи, 2002-жылы түзүлгөн ЖККУ – “тынчтыкты сактоо, жамааттык негизде аймактык жана глобалдык коопсуздукту коргоо” маскасы артында Россиянын мурдагы колонияларындагы аскерий таасирин бекемдөө үчүн о.э. аймакка башка державалардын аралашуусуна тоскоолдук кылуу үчун түзүлгөн уюм.
Бирок, Путинге ЖККУнун күчү менен Борбор Азияны өз таасири алдында кармап калуу кыйын. Себеби, ар бир уюмдун күчү ошол уюмду түзгөн мамлекеттин эл аралык таасиринен көз каранды. Россиянын эл аралык саясаттагы таасири алсырап бара жаткандыгы жашыруун сыр эмес. бирок эмнеси болгон күндө да, мусулмандар маселеге исламий көз караштан жандашуусу керек. Шариятта – аскерий болобу, саясий болобу, экономикалык болобу, же пикирий болобу айырмасыз – мусулмандар үстүнөн кафирлердин өкүмдарлыгын камсыздай турган уюмдарга кошулуу же алар менен келишимдерди түзүү арам. Аллах Таала айтат:
وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
“Аллах эч качан кафирлерге момундар үстүнө жол бербейт” [4:141]
Демек, мусулмандардын бул абалга сүкүт сакташы жаиз эмес. Айрыкча, Ислам үммөтүнүн дартына кайдыгер болбогон калыс мусулмандар мындай уюмдарды да, алардын артында турган колонизатор мамлекеттерди да Исламия өлкөлөрдөн кууп чыгарууга бел байлашы керек. Бардык адамдар түшүнүшү керек болгон нерсе, туруктуулуктун жана бейпил жашоонун бирден бир кепилдиги – бул Исламий өлкөлөрдү Батыштын колонизатордугунан куткаруу. Бул болсо албетте, Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат.
Абдурахман Адилов