Куртулмуш: Бул нерсе БУУ таштандыга ташталганын ачык жарыялоо
Түркия парламентинин Спикери Нуъман Куртулмуш БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Мисир-Палестина ортосундагы Рафах чек арасынан өткөрүлбөгөнүн каралады. Анын айтымында, бул нерсе БУУ таштанды кутусуна ташталганын ачык жарыялоо болуп эсептелет.
“Белгилүү болгондой, биз Түркия катары Россия менен Украинанын ортосундагы согушта жай тургундар өлүмүнүн алдын үчүн биринчи мүнөттөрдөн баштап мойнубузга түшкөн жоопкерчиликти аткарууга аракет кылып келебиз. Туткундарды алмаштыруу жана дан-азык коридорун ачуу аркылуу ушул аймакта Россия менен Украина ортосундагы согуш кризисин азайтуу үчүн ыкчам аракеттерди кылып жатабыз. Бирок дагы бир нерсени айта кетүү инсандык милдетибиз. Өкүнүчтүүсү, Украинада согуш башталгандан бери акыркы 2 жылдын ичинде өлгөндөрдүн саны Газада 45 күндө өлгөндөрдүн санына барабар. Биз адамдарды бөлбөйбүз. Ал тургай, бир кишинин өлтүрүлүшү да бүтүндөй адамзаттын өлтүрүлүшү сыяктуу чоң кылмыш болуп эсептелет. Мындан тышкары, бүгүн Газада Израилдин агрессивдүү чабуулдары алдында ири аскерий кылмыштар ишке ашырылып, гуманитардык кыргындар уланууда”. “БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Рафах чек арасынан өтүшүнө уруксат берилбеди. Бул нерсе БУУ таштанды кутусуна ташталганын ачык жарыялоо болуп эсептелет”, – деди Куртулмуш.
Комментарий: БУУ – бул 1945-жылы дүйнө жүзүндө тынчтыкты бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо шылтоосу менен түзүлгөн эл аралык уюм. А бирок, ал түзүлгөн күндөн бери мусулмандар жашаган эч бир жерде тынчтыкты бекемдегенин же коопсуздукту камсыздаганын көрбөдүк. Негизи, БУУнун кол алдында “Коопсуздук кеңеши” деген орган бар. Анын негизги милдети, элдер ортосунда тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту камсыздоо. Ал тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаңжалдарды текшерүү иши менен да алектенет. Эгер бирер мамлекет анын талабын аткарбаса ал темир жол, деңиз жана аба жолдорун жаап, почта, телеграф, радиону же экономикалык алкаларды токтотуу укугуна ээ. Эгер аталган чаралар да жетиштүү болбосо, анда куралдуу күчтөрүн ишке салууга акылуу. Бул укук БУУнун коопсуздук кеңешине гана берилген. Ко-ош, анан эмне үчүн бул орган жогоруда айтылган чараларды Газада жаш балдар, аялдар, карылар дебей жай тургундарды кыргын кылып жаткан яхудий вужудуна карата колдонбой жатат? Себеби, кыргын кылынып жаткан тарап мусулмандар болууда.
О.э. БУУнун адам укуктары декларациясы да бар. Бул декларацияга ылайык, ар бир адамдын – улуту, жынысы, расасы, тили, динине карабастан – укук жана эркиндиктери кепилдениши керек. Бирок, маселе мусулмандарга келгенде көздөр сокур, кулактар дүлөй болуп калат. Өтө эле мажбур болуп калган учурда, болгону тынчсыздануу билдирип коюу менен чектелишет. Себеби, алар “адам укуктары” дегенде жалаң гана өздөрүнүн укуктарын түшүнүшөт.
Мындан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун алдында эл аралык сот да түзүлгөн. Ал сот БУУнун уставы негизинде иш алып барат. Кайсы бир мамлекет БУУнун уставына моюн сунбаса же БУУну тааныбаса анын иши ушул эл аралык сотко тапшырылат. Ал эми Палестинада БУУга тиешелүү мектепти атайылап бомбалаган жана БУУнун башкы катчысы Гутерришти чек арадан өткөрбөй койгон яхудийлерге болсо бул сот колдонулбайт.
Чындыгында дүйнөдө жүз берип жаткан окуялар БУУ сыяктуу уюмдарды эле эмес, аларды түзгон мамлекеттерди о.э. алардын Исламий өлкөлөрдөгү малайларын да бириктирип туруп таштандыга таштоонун убагы келгенин көрсөтүп турат. Айрыкча яхудий вужудунун Газадагы куралсыз жай тургундардын үстүнөн жаадырып жаткан бомбалары бул куфр мамлекеттер тарабынан түзүлгөн уюмдардын чыныгы жүзүн ашкере кылды. Ушундай болгон соң, мусулмандардын башына балээлерди жаадырып жаткан яхудий вужудун жазалап коюуга кудуреттүү армияларды аттандыруунун ордуна яхудийлердин үстүнөн БУУга арызданып отурган алтымышка чукул Исламий өлкө башчыларына айтыла турган сөз деле калбады.
Зохид Заргар
buy tizanidine online – order hydrochlorothiazide 25mg generic buy hydrochlorothiazide 25mg without prescription