Жөөт бийлиги Газага болгон чабуулду күчөттү

2297
0

Жөөт бийлиги Газага болгон чабуулду күчөттү

Бир нече күндөн бери Газаны бомбалап жаткан баскынчы жөөт армиясы чектен ашып, оорукананы бомбалады. Натыйжада, ооруканадагы 500дөн ашык мусулман курман болду. Муну менен баскынчы жөөттөрдүн чабуулунан курман болгондордун саны 2750дөн ашты. Курман болгондордун жарымынан көбү жаш наристелер. “израил”дин коргоо министри болсо мусулман жетекчилери жөнөтүп жаткан гуманитардык жардамдарды шылдыңга алып, “Газага жардамдар эмес, бомбалар гана кирет” деп билдирди.

         Жөөт армиясы муну менен эле чектелбестен, террористтик аракеттерин улантып, Аксо мечитинин имамдары шейх Исам Амира менен Юсуф Мухазараны да камакка алды. Аалымдар үммөт армияларын Газаны коргоо үчүн аттанууга чакырышкан эле.

Мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери болсо жөөт зулумдугу каршысында сүкүт сактоону жана кыянаттыктарын улантышууда. Маселен, Египет президенти Сиси АКШ президенти Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүп, согуштун аймакка кеңейишин алдын алууну келишишти. Ал эми, Түркия бийлиги “израил” менен Палестинага ортомчу болуу үчүн жан үрөп аракет кылууда.

Мунун каршысында Үммөттүн көйгөйүн өз көйгөйү катары желкесине көтөрүп чыккан “Хизб ут Тахрир” саясий партиясы бир катар өлкөлөрдө  жүрүштөрдү жасады. Билдирүүлөрдө Палестина маселесинин түпкү чечими болгон кошуундардын Газага аттануусуна чакырыктар жасалды. Миңдеген мусулмандардын катышуусунда Пакистан, Иордания жана Түркиянын бир катар шаарларында иш-чаралар болууда. Айрыкча, жаштар “жолдорду ачкыла Палестинага барууга даярбыз” деген чакырыктарды жасады. Ал эми, диний ишмер Абдулла Имамуулу өлкө жетекчилери жана кошуун башчыларына кайрылып: “Силердин жүрөгүңөр сыздабай жатабы? Ушул күнгө чейин Батыш каалаганы үчүн кошуундарды аракетке келтирдиңер. Эми мусулмандар үчүн, Алланын өкүмү үчүн ушул ишти кылгыла! Силер кааласаңар баскынчы жөөттөрдү картадан өчүрө турган кубатка жана мүмкүнчүлүккө ээсиңер! Аксону куткаруу менен келечек муунга ысымдарыңарды алтын тамгалар менен калтыргыла! Мына силерге тарыхый мүмкүнчүлүк. Бул мүмкүнчүлүктү текке кетирбегиле!”, – деди.

Жогорудан маалым болгондой, палестиналыктар кайрадан мусулман жетекчилеринин кыянаттыгына күбө болууда. Ислам өлкөлөрүнүн кыянатчы акимдери жөөт вужуду менен канчалык тил бириктирбесин, мусулмандар эч качан Куддустан баш тартышпайт. Анткени, ал Исламий жер болуп, аны кайтарып алуу важиб. О.э. ал жер Аллахтын уруксаты менен албетте кайтарып алынат. Бул үчүн  Палестина жөөттөрдүн эс-учун жогото турган соккуларды берүүчү жана аларды ыйык жерден түп-тамыры менен сууруп таштай турган армияны күтүүдө. Түпкүлүгүндө, жөөттөрдүн кандай алсыз жана коркоктугу 7-октябрда Хамас тобу тарабынан жасалган операцияда ашкере болду. Эгер Ислам армиясы аттанса ыплас жөөттөрдүн абалын элестетип көрүңүз. Алла Таала айтат:

“Ал китеп ээлери болгон каапырлар (зулум кылган) турак жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмес элеңер. Алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алланын азабы болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла! (Хашр: 2).

Ушундай болгон соң, эй кошуун жетекчилери! Бардык нерсеге кадыр болгон Аллага гана таянгыла! Анын аяттарынан ибрат алгыла! Алланын жардамына ишенгиле жана кыянатчы, каапырлардан жүзүңөрдү бургула!  Анткени, чыныгы кубат Батышта эмес, Алланын алдында экенин унутпагыла!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here