Медициналык таалим, саламаттыкты сактоого тиешелүү кесиптер жана илимий изилдөөлөр

1398
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Саламаттыкты сактоо жаатындагы маселе жана коидалар

  Медициналык таалим, саламаттыкты сактоого тиешелүү кесиптер жана илимий изилдөөлөр

Медициналык таалим

  Халифалык мамлекетиндеги системалуу таалим максаттарынын бири калктын перзенттерин түрдүү тармактарда, анын ичинде медицина жана ага тиешелүү тармактарда адис окумуштуулар катары өстүрүп чыгаруу. Ошондуктан, таалим билим алуучуну Аллах Таала инсанга моюн сундуруп берген аалам менен мамиле кылууга даярдайт. Аллах Таала айтат:

وَسَخَّرَ لَكُم مَّا فِی ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَمَا فِی ٱلۡأَرۡضِ جَمِیعࣰا مِّنۡهُۚ إِنَّ فِی ذَ ٰ⁠لِكَ لَـَٔایَـٰتࣲ لِّقَوۡمࣲ یَتَفَكَّرُونَ

  “ Ал Өз тарабынан (тактап айтканда, өз эрк-каалоосу менен) силерге асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Албетте, мында ой жүгүртө алган коом үчүн (үлгү) аяттар бар”. [45:13].

  Ошондуктан, мусулман киши алардан пайдалануу жана аларды Ислам үммөтүнүн кызыкчылыгына иштетүү үчүн тажрыйба илимдерин үйрөнөт. Саламаттыкты сактоо үчүн таалим жана тажрыйбаны жолго коюу Халифалык мамлекетине важиб. Мамлекет саламаттыкты сактоо таалимин тартипке салышы о.э. саламаттыкты сактоо кесип-өнөрлөрү менен алектенүүгө уруксат бериле турган ар кандай адам үчүн кесип-өнөр нормаларын белгилеп бериши керек. Табибдер, фармацевттер, дарыгерлер, радиографтар жана башка ишмердүүлүгү саламаттыкты сактоого тиешелүү болгон кесип ээлеринин иштерин тартипке салышы керек.

Табибдер, дарыгерлер жана башка туура таалим алган тажрыйбалуу, кызмат көрсөтүүчү күчтөр менен камсыздоо

  Халифалык мамлекети табибдер, дарыгерлер жана башка саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүчү бардык адистердин саны жетиштүү болушун камсыздашы керек. О.э. мамлекет бул тармактагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын да камсыздашы керек. Медицина кызматкерлеринин жөндөм жана тажрыйбаларын о.э. кызмат көрсөтүүдөгү жөнөкөйлүктү кепилдеши керек. Табибдер – бул диагноз коюуда, жисманий жана рухий ооруларды дарылоодо билим жана тажрыйбага ээ болгон кишилер. Абу Давуд, Нисаий, Ибн Мажжа жана башкалар Расулуллах с.а.в.дан риваят кылышат:

مَنْ تَطَبَّبَ وَلَمْ يُعْلَمْ مِنْهُ طِبٌّ قَبْلَ ذَلِكَ؛ فَهُوَ ضَامِنٌ

  “Ким табибдик кылса жана буга чейин анын табибдиги билинбеген болсо, демек ал зомин т.а. зыян жеткиргенине жооп берет”. Хаким бул хадистин иснады сахих деген жана ага Захабий да кошулган.

Медайымдык жана башка медициналык кесиптер

Медайымдык бейтаптарды, майыптарды, жараат алгандарды кароону о.э. алардын ден соолугун калыбына келтирүүдө жана оорулардан сактанууда аларга жардам берүүнү түшүндүрөт. Расулуллах с.а.в. доорунда аялдар да Аллахтын жолунда жихадга чыгышат эле. Анас разияллоху анхудан риваят кылынат:

كان رسولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّم يغزو بأمِّ سُلَيمٍ ونسوةٍ معها من الأنصارِ يَسقين الماءَ ويُداوين الجرحَى

 “Расулуллах с.а.в. Умму Сулайм жана аны менен бирге ансорийлерден болгон аялдар менен казатка чыгар эле. Аялдар мужахиддерге суу берет эле жана жарадар болгондорду дарылайт эле.” Абу Иса бул хадисти хасан сахих деген.

 Муслим Умму Атийя ал-ансариядан риваят кылат, Умму Атийя разияллоху анха айтат:

غزوتُ معَ رسولِ اللَّهِ صلَّى اللَّهُ عليْهِ وسلَّمَ سبعَ غزواتٍ أخلُفُهم في رحالِهم وأصنَعُ لَهمُ الطَّعامَ وأداوي الجرحى وأقومُ على المرضَى

 “Расулуллах с.а.в. менен биргеликте жети казатка катыштым. Мен мужахиддердин артында жүрөт элем. Аларга тамак даярдап, жарадарларын дарылайт элем жана бейтаптардын жанында болот элем”.

  Махмуд ибн Лубайддан риваят кылынат:

لما أصيب أكحل (١) سعد يوم الخندق فثقل، حولوه عند امرأة يقال لها رفيدة، وكانت تداوي الجرحى، فكان النبي – صلى الله عليه وآله وسلم – إذا مر به يقول: «كَيْفَ أَمْسَيْتَ؟» وإذا أصبح قال: «كَيْفَ أَصْبَحْتَ؟» فيخبره ….

   “Хандак күнү Саъд жараат алган соң анын абалы начарлап кетти. Ошондо аны Руфайда деген аялдын алдына алып келишти. Руфайда жарадарларды дарылайт эле. Набий с.а.в. Саъддын жанынан өтүп калса: “Күнүң кандай өттү”, – деп сурайт эле, эртең менен болсо: “Түндү кандай өткөрдүң ”, деп сурайт эле. Саъд болсо, күнү менен түнү кандай өткөргөнүн айтып берет эле”.

  Кылымдар өтүп, саламаттыкты сактоо өнүгүшү менен адис фармацевттер, медициналык радиографтар, медайымдар, наркологдор, лаборанттар, оптикачылар, вирусологдор, протезчилер, терапевттер, стоматологдор, томографтар, ядролук терапевттер сыяктуу медициналык кесип-өнөр ээлери пайда болду. Лазер жана хиррургиялык жабдыктар адистери, психолог, диетолог жана акушердик адистери, тез жардам, сүйлөө жана угуу терапиясы, латералдык реабилитация жана латералдык терапия, физиотерапия жана булардан башка кесип-өнөрлөр пайда болду. Халифалык мамлекетине Үммөт иштерин башкарууну важиб кыла турган шаръий далилдер, мамлекетке саламаттыкты сактоо үчүн коюлган максаттарды толук ишке ашыруу үчүн мына ушундай кесип-өнөр ээлерин да жетиштүү көлөмдө даярдоону важиб кылат. О.э. табиб болуу үчүн адамда жетиштүү билим жана тажрыйба болушун важиб кыла турган шаръий далилдер өзүнүн белгиленген милдетин аткарышы үчүн ар кандай кесип өнөр ээсинде жетиштүү билим жана тажрыйба болушун важиб кылат. Анткени, Ислам табиб болбогон кишини табибдик менен алектенүүдөн кайтаргандыктан, табигый түрдө, медициналык тармактагы кесип-өнөр ээлерин да билимсиз жана тажрыйбасыз туруп бул кесип менен алектенүүдөн кайтарат. Ошондуктан, Ислам мамлекети ким табиб экендигин, табибдик макамын белгилей турган нормаларды коюшу керек. Бул нормаларга  туура келбеген кишилерди медицина тармагына жакын жолотпошу керек. Анткени, эгер андай киши өзүнүн билими жана адистиги чөйрөсүнө кирбеген бирер ишти кылып койсо жана анын натыйжасында бейтапка зыян жеткирсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жеткирген зыянды төлөйт. Анткени, бул иши аркылуу чектен чыккан болуп эсептелет жана жеткирилген зыянды өзүнүн жанынан төлөйт. Табибдердин жардамчылары медайымдар, рентген жана фармацевтикалык адистер жана башкалар да өз ишинде шалаакылык кылышып, бейтапка зыян жеткиришсе, алар да зомин деп аталат жана жоопкерчиликке тартылышат.

Медициналык таалим боюнча окуу программаларын түзүү жана саламаттыкты сактоо тармагында адистердин тажрыйбасын ашыруу

Билими жана тажрыйбасы жок кишилер дарыгердик кылышы мүмкүн эместигин эсепке алып, мамлекет адис табиб-врачтар жана окутуучулар лажнасын (комитет) түзөт. Алардын милдети университеттерде медициналык таалим программаларын түзүү, табиб-врачка медицина тармагында ишмердүүлүккө уруксат кагазын  берүү үчүн табиб-врачтан талап кылына турган жөндөмдү о.э. окуу материалдарынын минималдык санын белгилөөдөн турат. Дагы бул лажна ушул тармактагы адистер тарабынан ар бир адистик үчүн программаларды иштеп чыгат. Ушул адистикти ээлеген табиб-врачтарга уруксат кагаздары берилет. Хиррургдар, ички оорулар, жаш балдар дарыгерлери жана башкалар ушулар түркүмүнөн. Мамлекет медициналык кесип-өнөрлөр, фармацевтика жана башка медицинага тиешелүү лажналарды да түзөт.

Ушул лажнанын милдети төмөнкүлөрдөн турат:

1 – Окуу жайлардагы таалим программаларын түзүү. Академиялык илимдин төмөнкү бөлүгүн жана керек болгон техникалык чеберчиликти камтыган программа түзүү да ушул лажнанын мойнунда болот.

2 – Негизги даярдык жана негизги квалификация үчүн стандарттарды белгилөө.

3 – Ушул стандарттарга толук жооп берилген учурда табибдик менен алектенүүгө уруксат кагазын берүү.

4 – Квалификациядан кийин сапат стандарттарына ылайыкташтырууну көзөмөл кылуу.

5 – Зарыл болгон стандарттарга жооп берүүдөгү кемчиликтерди чектөө.

 Ушул лажна кеңири таалим усулдары жана программаларын иштеп чыгууга муктаж болбостур, бирок, ал түрдүү таалим программалары жүзөгө чыгарышы керек болгон жөндөм жана мукамалдыкты камсыздай турган максаттарды алдыга коюуга муктаж болот. Ушул лажна илим жана маърифатты о.э. илимий чеберчилик жана зарыл болгон тажрыйбанын эң төмөнкү деңгээлин белгилеп коюшу керек. Медицина тармагындагы адамдарды ушул стандарттар координациясын камсыздоого багытташы керек. О.э. бул лажна эгер негизги талаптардын эң төмөнкү деңгээлин ээлеген болушса, жергиликтүү таалим программаларын тастыктоо  үчүн көзөмөлдөө ыйгарым-укугуна да ээ болушу керек. Мына ошондон кийин бул лажна  ушул жергиликтүү программаларды ылайыктуу убакыт аралыгында өзү койгон стандарттарга жооп беришин көздөй багыттайт.

Жетиштүү деңгээлдеги тренинг (тажрыйба негизиндеги таалим)

Белгилүү бир таалимге же белгилүү бир адистикке ээ болгон табиб, дарыгер же фармацевт аткарышы мүмкүн болгон айрым амалий чеберчиликтер бар. Кээде жергиликтүү муктаждыктарды кандыруу максатында түрдүү чеберчиликтерди өнүктүрүү үчүн кайрадан жергиликтүү программалар иштелип чыгат. Айрыкча, мамлекет курулгандан кийинки өткөөл мезгилде жетиштүү деңгээлдеги белгилүү бир кесип ээлери табылбай калган абалда таанымал кесип ээси белгилүү бир милдеттерди аткарууга окуп жаткан кишилер жамаатын туруктуу көзөмөлдөө үчүн аларга жетекчилик кылышы мүмкүн болот.

  О.э. Халифалык мамлекетинде аялдардын саламаттыгын сактоо үчүн көп сандагы табиба-аял врачтар, саламаттыкты сактоодогу кесип-өнөр ээлери жана акушеркалар даярдалышы керек. Бул иште аялдын эне жана үй кожойкеси деген ролун унутпаш керек. Аял сакталышы важиб болгон намыс экендигин эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан, аялдар узак мөөнөттүү эмгек өргүүлөрүнө же жарым күндүк эмгекке муктаж болушат. Алар өздөрүнүн негизги милдеттерин сактап калган абалда тажрыйба алмашуу иштерин аткарышына туура келет. Бул нерсе көптөгөн аялдардын муктаждыгын камсыздоо үчүн жана адис аялдар жетишпей жаткан учурда профессионалдык окуу программаларына киришин талап кылат. Анткени, эркектер жана аялдардын саламаттыгын сактоо иштерин, шаръий өкүмдөргө ылайык татыктуу чараларды колдонууга жөндөмү бар саламаттыкты сактоо кызматкерлери аткарышат.

Илимий изилдөө жана үзгүлтүксүз медициналык таалим

  Изилдөө таалими – бул институт жана университеттерде билим алгандан кийин бериле турган таалим. Изилдөө таалиминде студент илимий изилдөөдө жаңылык жаратуу тармагын үйрөнөт о.э. ал сакафат жана илимдин белгилүү бир тармагында адис болуп жетилет.  Ал атайын жана өтө назик изилдөөлөрдү алып барат жана мунун натыйжасында жаңы түшүнүккө келет, жаңы ачылыштарды жаратат. Бүгүнкү күндө медицина илими ири утуштарга жетишүүдө. Мамлекет табиб-дарыгерлерди изденүүнү улантууга жана ачылыштардын бардыгын тереңдеп үйрөнүүгө шыктандырышы керек. Ошондо алар саламаттыкты сактоо кызматтарынын эң абзелин, эң алдыңкысын жана эң өнүккөнүн сунуштоого мүмкүнчүлүк табышат. Ал үчүн үзгүлтүксүз илимий басылмаларды чыгарып, табиб-дарыгерлерге таратышы, конфренцияларды о.э. дарыгерлер үчүн ар биринин адистиги боюнча үзгүлтүксүз интенсивдик курстарды уюштурушу керек болот. Жаңылыкты күзөтүүнүн өзү жетиштүү болбойт. Ислам мамлекети илимий изилдөөдө жана илимий жаңылыктарды жаратууда, анын ичинде медицина тармагында жаңылыктарды жаратууда алдыңкы мамлекеттер катарында болушу керек. Бардык жарандарга жашоодо учурай турган бардык иштерде, анын ичинде медицина тармагында да илимий ачылыштарды жаратуу укугу берилген болсо да, бирок, илимий ачылыштар жаратыла турган лабораторияларды Ислам мамлекетинин өзү курушу керек. Медицина жана башка илим-билимдерде тынымсыз изилдөө жүргүзүүгө, жаңылыктарды жаратууга  кызыккандарга шарт түзүп берүү үчүн медресе жана институттардан тышкарыда да билим очокторун даярдап бериши керек. Ошондо үммөт арасынан мужтахиддер, жаңылык жаратуучу ойлоп табуучулар жамааты жетилип чыгат. Мамлекет ал тургай окумуштуу жана дарыгерлерди да илимий тармакта алдыңкы орунда болуу  үчүн, жаңылык жаратуу жана ойлоп табууда күчүн аябастыкка шыктандырат.

   Бирок, Ислам мамлекети тез жайылуучу ваба, дарылап болбой турган оорулар сыяктуу айрым ооруларга жана айрым медициналык абалдарга өзгөчө көңүл бурат. Мындай абалдарда ойлоп табуу жана илимий ачылыштардан келе турган каржылык кирешеге карабастан, аларда илимий изилдөө жүргүзөт. Чындыгында, Расулуллах с.а.в. дарыланууга жана дабаа издөөгө чакырган.  Аъробий дарылануу жөнүндө сураганда Расулуллах с.а.в.:

نَعَمْ يَا عِبَادَ اللَّهِ تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلَّا وَضَعَ لَهُ شِفَاءً،أَوْ قَالَ دَوَاءً إِلَّا دَاءً وَاحِدًا

  Ооба, эй Аллахтын пенделери, дарылангыла. Албетте Аллах Таала бирер ооруну шыпаасыз калтырбаган.” Башка риваятта “…бир дарттан башкасын шыпаасыз калтырбаган”. Ошондо: Я Расулуллах, ал кандай дарт,-  деп сурашты. Расулуллах с.а.в.:ал карылык дарты”, деп жооп берди. Термизий риваят кылган жана аны хасан, сахих хадис деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here