Батыш Орто Азия үчүн күрөштө санкциялардан шылтоо катары пайдаланууда
Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү кабарлашынча, Европа парламентинин өкүлдөрү Борбор Азияга жасаган сапарын аякташты, сапар учурунда жогорку кызматтагы саясатчылар менен өткөрүлгөн талкууларда санкцияларды кыйгап өтүү маселелери борбордук орунда болду. Европа парламентинин делегациясы Кыргызстанда президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери жана мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз маалымат каражаттары менен жолугушкан.
Тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Дэвид Макаллистер ушуларды баса белгиледи: «Орто Азия Евробиримдик үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биздин Казакстан жана Кыргызстанга болгон сапарыбыз региондогу өлкөлөр менен кызматташуубузду жана таасирибизди бекемдөө зарыл экенин ырастады. (…) Биз көтөргөн эң актуалдуу маселелердин бири санкцияларды кыйгап өтүү коркунучу болуп эсептелет».
Белгилүү болгондой, өткөн жылы Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода алмашуу мурунку жылга салыштырмалуу 15% өсүп, 40 млрд $дан ашкан. Анын ичинде, Казакстан менен болгон соода алмашуусу 10 пайыз жогорулап, 26 млрд долларга жеткен. Бул өлкө менен болгон соодасы 2021-жылы 30% өскөн. Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 23% өсүп, 9,28 млрд долларга жеткен. Кыргызстан менен болгон соода 30 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түзгөн. Тажикстан менен болгон товар алмашуу 18 пайыз өсүп, 1,5 млрд доллардан ашкан. Ал эми, Түркмөнстан менен Орусиянын соодасы 1 млрд долларды түздү. Албетте, бул сандар расмий катталган товарлардын көрсөткүчү болуп эсептелет. Ал эми, санкциялык товарлардын негизги бөлүгү жашыруун жана башка товарлардын аты менен өткөрүлөт.
Мындан улам, Батыш Кыргызстанды Орусия таасиринен алыстатып, Кытайдын таасири кирип келишине каршы аракеттерин күчөтүп барууда. Анткени, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Мунун каршысында, Кытай бийлигин кожоюн кылып тандап алганы көрүнүүдө. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын 2022-жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада 2022-жылы Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд га жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү.
Батыш “Орусия Кыргызстан аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп жатат” деген шылтоо менен өлкө бийлигине басым өткөрүүнү күчөтө баштады. Буга кошумча, Батыш башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанды да эл аралык мыйзам жана уюмдар менен чынжырлап алган. Муну Европарламенттин өткөн айдагы резолюциясы жана бийликтин “Азаттык” тууралуу чечими да тастыктап турат.
Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Демек, санкциялар да мына ушул саясий кызыкчылыктардын алкагында кабыл алынууда. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга жакындоосу күчөсө санкциялар күчөтүлөт. Батыш империалисттери өз малайларынын толук моюн сунуусун каалашкандыктан, басым өткөрүүчү кийинки теманы негиз кылуу менен ишин улантып бара бермекчи.
Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун үстүбүздөгү бул сыяктуу өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий