Автоунааларды милдеттүү камсыздандырууну ишке киргизүү сунушталды
Каржы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматы автоунааларды кайра каттоо учурунда милдеттүү камсыздандыруу полисин кошууну сунуштады. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 31-июлда коомдук талкууга чыгарылды.
“Милдеттүү камсыздандыруу жарандарга жолдордо күтүүсүз кырдаалдар учурунда келтирилген зыяндын ордун өз убагында төлөп берүүгө, финансылык туруктуулукту сактоого, зыяндын ордун толтуруунун мамлекеттик эмес булагын түзүүгө мүмкүндүк берет”, – деп айтылат документте.
Кыргызстанда башка өлкөдө катталган унааларды 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү эрежеси күчүнө кирген. 1-июлдан тартып автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар да айып пул төлөй турган болгон.
Буга чейин Кыргызстанда катталган менчик автоунааларды 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамга калк каршы чыккандыктан өкмөт аны артка жылдырууга мажбур болгон. Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак. Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.
Азыр Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 9 жеке компанияга айдоочуларга камсыздандыруу полисин берүүгө лицензия берилген. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1млн 400 миң автомобиль бар. Орто эсеп менен, булардын ар биринен полис үчүн 2 000 сомдон топтолгондо эле 2 млрд 800 млн сом болот. Бул сумма компаниялардын жылдык кирешеси болуп саналат. Жол кырсыгы болсо 2022-жылы 11 айда орто эсеп менен 6 500 жолу катталып, 10 000 адам жаракат алган. Кырсыкта өлгөндөрдүн саны 600, анын ичинен 70и жаш балдар. Эми ушул эсепте канча төлөм төлөнүшүн эсептеп көрөлү:
Каза болгон 570 кишиге 300 000 сомдон = 171 млн сом болот.
70 жаш баланы “майып бала” категориясында эсептесек, 200 000 сомдон = 14 млн сом болот
Ал эми, калган 400 адамды майыптардын тобуна кошуп карап көрөлү:
1-топтогу майыптарды 100 деп алсак, аларга 200 000сомдон = 20 млн. сом
2-топтогу майыптарды да 100 деп алсак, аларга 150 000 сомдон = 15 млн. сом
3-топтогу майыптарды 200 деп алсак, аларга 100 000 сомдон = 20 млн. сом
Салык 2% = 56 млн. сом
Иш жүргүзүүлөргө 4 млн сом кетсин деп алалы. Жыйынтыгында: 171+14+20+15+20+56+4 = 300 млн болот.
Бул 300 млн сом камсыздандыруу компанияларынын жылдык чыгашасы. Эми кирешеден чыгашаны алып таштасак: 2 млрд 800млн – 300 млн = 2 млрд 500 млн. Бул компаниялардын жылдык пайдасы болду.
Буга кошумча, компания банкрот болбошу үчүн төлөмдөр белгилүү бир суммага чектелген. Мисалы, бирөөнүн кымбат автоунаасына 1млн сомдук зыян келтирсең, сени камсыздандырган компания анын 150 миң сомун гана төлөп берет. Калганын өзүң төлөшүң керек. Демек, ОСАГО мыйзам долбоору адамдарга камкордук кылуу үчүн иштелип чыгылбастан, балким, капиталисттик компанияларга калк каражатын топтоп бериш үчүн иштелип чыкканы ачык-айкын көрүнүп турат.
Эң негизгиси милдеттүү камсыздандыруу мусулмандар үчүн арам. Эгер милдеттүү камсыздандыруу келишимин текшерип чыксак, анын эки тараптан шариятка тескери экендиги айкын болот:
Биринчиден, ал бүтүм. Себеби, ал эки тарап ортосундагы келишим болуп, сунуш жана кабыл алууну өз ичине алат. Сунуш камсыздандыруучу тарабынан, кабыл алуу болсо компания тарабынан болот. Демек, бул бүтүм шариятка дал келиши үчүн келишимдин шарттарын камтышы керек. Шаръий бүтүм нерсенин өзүнө же кызыкчылык негизине түзүлүшү керек. Ал эми, өкмөт сунуштап жаткан камсыздандыруу милдеттүү түрдө болгондуктан, айдоочулардын анда кызыкчылыгы да жок, алар тарабынан сунуш да болбогон.
Экинчиден, компаниянын өзгөчө шарттар астында камсыздандыруучуга убада бериши – кепилдик түрүнөн болуп саналат. Камсыздандырууда бул кепилдик шарттарынын бири да табылбайт.
Ошондуктан, өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, башканы болобу – камсыздандыруунун бардык түрү шаръан арам. Анткени, анын бүтүмү батыл. Камсыздандыруу компаниясынын бүтүм талабы менен бере турган убадасы да шаръан батыл. Ушуга ылайык, ушул бүтүм жана убада аркылуу алынган каражат шаръий болбогон жол менен табылган киреше эсептелип, аны жеш арам.
Демек, акимдер арам жол менен капиталисттерди байытуунун ордуна Ислам өкүмдөрүн колдонуп, мусулмандардын каражаттарын өндүрүшкө, өнөр-жайга, завод жана фабрикалар курууга багытташы керек!
“Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылган чакта, аны кабыл алгыла”
Мумтаз Маверанахрий