Хизб-ут-Тахрирдин даъватчы алгачкы мүчөлөрүнүн биринин тазиясы
﴿مِنْ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾
«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар. Алардын (айрымдары) өз убадасына турушту, (айрымдары) болсо ынтызар. Алар (Аллахка берген убадаларын) өзгөртүшкөн жок»
Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты өлкө калкына жана даъватты көтөрүп чыккандарга Хизбдин ак ниет жана таква мүчөлөрүнүн бири, Хизбдин алгачкы мүчөлөрүнөн болгон ажы Мухаммад Муса Абдулхалим Убайддын (Абу Жаъфар) дүйнөдөн өткөнүн терең кайгы жана сабыр менен кабарлайт.
Роббисинин алдына хижрий 1445-жылы 4-мухаррам, миладий 2023-жылы 22-июль күнү сапар алган кадырлуу факих боордошубуз Абу Жаъфар бүткүл өмүрүн көптөгөн азарларга жана азап-кыйынчылыктарга карабастан, сабырдуулук, олуттуулук жана убада-шертине бекем туруу менен Халифалыкты тикелөөгө багыштады. Биз боордошубузду ушундай деп эсептейбиз. Бирок, эч кимди Аллахка күнөөдөн аруу деп көрсөтпөйбүз.
Абу Жаъфар Хизбдин сабына өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын ортолорунда кошулган. Ушул себептен улам, ал коопсуздук кызматы жана разведка тарабынан катуу куугунтук жана кыйынчылыктарга учураган, айрыкча, сексенинчи жылдары.
Маркум шейх сабыр кылып, Аллахтан ажр-сооп үмүт кылып өткөргөн беш жылдык оорудан кийин 85 жашында дүйнөдөн өттү.
Аллах Азза ва Жалладан устазды магфират кылып, кең рахматына алышын, бейиште анбиялар, сыддыктар, шейиттер жана салихтер менен бирге кылышын сурайбыз, алар менен чогуу болуу кандай гана бакыт! Үй-бүлөсүнө Аллахтан сабыр тилеп, көңүл айтабыз.
Сөзүбүздүн акырында Аллах Субханаху ва Таала:
﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾
«Алар мусибат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз» дешет» [2:156]
деп буйруган сөзүнөн башка сөздү айтпайбыз.
Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү