Лозанна – кыянаттык келишими

2019
0

Лозанна – кыянаттык келишими

         Усманий Халифалык мамлекети кулаганы расмий түрдө 1924-жылдын 3-мартында жарыяланса да, иш жүзүндө каапыр колонизаторлор буга Лозанна келишими аркылуу жетишишкен. Бүгүн Лозанна келишимине кол коюлганына 100 жыл болду. 1923-жылдын 24-июлунда Союздаш күчтөр жана Анкара өкмөтү тарабынан кол коюлган Лозанна келишиминин натыйжасында Усманий мамлекеттин жерлери улуттук мекендерге бөлүп ташталды. Анда эмесе сөз башынан болсун…

         Биринчи дүйнөлүк согуш Антанта союзунун жеңиши менен аяктады. Согушта жеңилип, эң көп зыян тарткан Халифалык мамлекети болду. Себеби, ал көптөгөн жерлеринен айрылды. Халифалык мамлекетинин жоготуулары жерлер менен эле чектелип калбады. Согушка жумшалган аскерий чыгымдар себептүү мамлекеттин экономикасы да  оор абалда калды. Мындай абалдан пайдаланган Ангия башында турган союздаштар Халифалык мамлекетин жок кылууга киришти. Себеби, Халифалык мамлекети бүгүн жеңилгени менен, эртең бутка туруп, жоготкон жерлерин кайтарып алышы мүмкүн экендигин жакшы билишер эле. Крестүүлөр жана монголдор баскынынан кийин мусулмандар кайрадан бутка туруп, душманын кууп жибергени бул акыйкатты тастыктап турган.

         Англистер ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, мусулмандарды дининен биротоло алыстатуу жана Ислам мамлекетин чачыранды кылып, дүйнө жүзүнөн шыпырып салуу пландарын ишке ашыра баштады. Алардын максаты, мусулмандар бутка тура албай алсыз бойдон калып кетишин кепилдөө болчу. Ошондуктан, Стамбулда Халифалык мамлекети бар болушуна карабастан, Союздаш күчтөр 1923-жылы 24-июлда Мустафа Кемел башында турган Анкара өкмөтү менен Лозанна келишимин түзүүгө киришти. Бул болсо, Халифалык мамлекетине берилген акыркы сокку болду. Себеби, андагы негизги беренелер Халифалык башкаруусун жок кылуу негизинде түзүлгөн эле.

         Алгач, Лозанна келишиминин эркин соода келишимине ылайык, кысыктарды көзөмөлдөө Усманийлерден алынып, Европа мамлекеттери кысыктардан эркин өтүшү мүмкүндүгү, чет тилде окутуучу мектептер жана азчылыктардын укуктары кайры мусулмандар пайдасына чечилиши, исламий мамлекеттерде миссионердик ишмердүлүккө мыйзамдуу түс берилиши жөнүндөгү беренелер жарыяланды. Мындай кордукка себеп болгон келишим тилекке каршы маалымат каражаттарында түрк калкынын жеңиши катары чагылдырылды. Ал эми, кыянаттык келишимди түзгөн саткындар кылым бою “эл баатыры” көрсөтүлдү. Алар Лозаннадан кайтканда Усманий Халифалыктын 5/1 жерин сактап калышын улуу жеңиш деп эсептешти. Маселен, келишимдин 17-беренесинде Халифалык Миср жана Судандагы бардык укуктарынан ажыратылды. 20-беренеде Англиянын Кипрге ээлик кылышы таанылды. Ата-бабаларыбыз мал-жанын аябай фатх кылган Эгей деңизиндеги аралдар Грекия менен Италияга эч кандай каршылыксыз белек кылынды. Хатай Францияга Масул менен Керкук Англияга тапшырылды. Бул кыянатчылар өкмөтү эл аралык майданда таанылышы каршылыгында мындан ашыгын берүүгө да даяр эле. Келишимдеги бул сыяктуу беренелерди санап олтурсак, макалабызга сыйбай калышы шексиз.

         Лозанна келишиминин Ислам жана мусулмандарга кыянаттык экенин Лорд Курзондун сөздөрү да тастыктап турат. Андан “Түрктөрдүн эгемендигин эмне үчүн тааныдың” деп айыптап сурашканда ушундай деген: “Силер жаңыласыңар. Мындан кийин түрктөр эч качан мурунку кубатына ээ боло алышпайт. Анткени, биз алардын рухун, ыйманын Лозанна келишими аркылуу өлтүрдүк. Түрктөр Исламдан узакташат”. Чындыгында, бул келишимдеги негизги кыянаттык маддий жоготуулар эмес эле. Негизги сокку Ислам жана мусулмандарга урулду. Келишимдеги Халифалык мамлекетин жок кылууга каратылган “Халифалык бүтүндөй жок кылынат”, “Халифа жана анын үй-бүлөсү чет өлкөгө сүргүн кылынат”, “Халифанын мал-дүйнөсү конфискация кылынат”, “Мамлекет илманий (шариятка негизделбеген) мамлекет деп жарыяланат”,  деген 4 берене жашыруун калды. Себеби, буга межлис мүчөлөрү да каршы эле. Ошондуктан, ал межлис күч менен таратылып, анын ордуна 1923-жылы 2-августта бардык нерсени эч кандай шартсыз кабыл ала турган улуттук межлис түзүлдү. 1923-жылы 28-августта Лозанна келишими тастыкталып, күчүнө кирди. Лозаннада каалаганына жетишкен Англия 8 ай бою аны ишке ашыруу менен алек болду:

1923-жылы 23-августта Улуттук межлис келишимди тастыктады;

25-августта Грекия парламенти келишимди тастыктады;

1924-жылдын 3-мартында Халифалык кулатылды;

6-мартта Англиянын Лорддор палатасы келишимди тастыктады.

12-мартта Италия парламентте келишим тастыкталганын билдирди;

31-мартта Түркия келишим документин Францияга жиберди;

10-апрелде Англияда жалпы палата келишим тастыкталды;

6-апрелде Япония келишимди тастыктады.

         Мына ушуну менен кичинекей республиканын каршылыгында дүйнөлүк мамлекет, Үммөттүн Халифалык мамлекети саясий картадан өчүрүлдү. Үммөт башсыз, калкансыз калды. Халифалык мамлекети кулатылып, республика жарыяланган соң, өз динин бекем кармаган мусулмандар дарга асылды, азан түрк тилинде айтыла турган болду, мусулмандардын Кериман Халис сыяктуу кыздары жарым жылаңач сулуулук конкурсуна катыша турган болду,  жакырчылык, динсиздик күчөдү. Кыскасы, ошол күндөн бери Үммөттүн башынан кордук кете элек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here