АКШ Кыргызстанга санкция салышы күтүлүүдө
АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынууда. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.
Макалада америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегени, мындан улам Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген. Буга Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 “DJI Agras T30” учкучсуз учактарынын партиясынын Казакстанда кармалганы негиз болгону айтылат. Тыюу салынган товарларды алган орусиялык фирмалар Орусиянын коргонуу өнөр жайынын белгилүү жеткирүүчүлөрү болгон. О.э Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250% өскөнү көрсөтүлгөн. Ал эми, Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын аракеттерин айыптап, “Кыргызстан биздин жакын өнөктөшүбүз жана союздашыбыз, андан тышкары албетте, бизди абдан өнүккөн интеграциялык процесстерге катышканыбыз да бириктирип турат”, – деп билдирди.
Белгилүү болгондой, өткөн жылы Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода алмашуу мурунку жылга салыштырмалуу 15% өсүп, 40 млрд $дан ашкан. Анын ичинде, Казакстан менен болгон соода алмашуусу 10 пайыз жогорулап, 26 млрд долларга жеткен. Бул өлкө менен болгон соодасы 2021-жылы 30% өскөн. Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 23% өсүп, 9,28 млрд долларга жеткен. Кыргызстан менен болгон соода 30 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түзгөн. Тажикстан менен болгон товар алмашуу 18 пайыз өсүп, 1,5 млрд доллардан ашкан. Ал эми, Түркмөнстан менен Орусиянын соодасы 1 млрд долларды түздү. Албетте, бул сандар расмий катталган товарлардын көрсөткүчү болуп эсептелет. Ал эми, санкциялык товарлардын негизги бөлүгү жашыруун жана башка товарлардын аты менен өткөрүлөт.
Буга чейин Америка Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияны санкциялык тизмеге киргизген. Муну менен катар Батыш дипломаттары биринин артынан экинчиси санкциялык товарлардын Орусияга айланып өтүүсүн талкуулоо үчүн өлкөгө келип кетишкен. Ал эми, өткөн жумада Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алынган. Аны жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы колдогон. Документте 2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген. Буга кошумча, Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун – “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун – артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскерткен. Булардын баары кыргыз бийлигине карата саясий жана кыйыр түрдөгү басым болду. Натыйжада, Бишкек шаардык соту Маданият министрлиги менен “Азаттык Медиа” мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитти. Муну менен Ленин райондук сотунун чечими жокко чыгып, соттук териштирүүлөр токтотулду.
Демек, Батыш Кыргызстанды Орусия таасиринен алыстатып, Кытайдын таасири кирип келишине каршы аракеттерин күчөтүп барууда. Анткени, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Мунун каршысында, Кытай бийлигин кожоюн кылып тандап алганы көрүнүүдө. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын 2022-жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада 2022-жылы Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд га жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү.
Ал эми, Кыргызстанга Европа жана Американын жогорку даражадагы өкүлдөрү келгенине карабай, эки тараптуу стратегиялык келишимдерге кол коюла элек. Маселен, Кыргызстан Евро Биримдик менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга 1999-жылы кол койгон. Макулдашууну кеңейтилген түрдө жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Евро Биримдик кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болгонун 2019-жылы эле билдирсе да кол коюу жараяны артка жылууда. 2022-жылдын 27-октябрында Астанада президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишел менен жолугуп, келишимге кол коюу жараянын талкуулаган. Ал эми, быйыл Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарында бул маселе ачык боюнча калды.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы алакага келсек, Кыргызстан кызматташтык жөнүндө стратегиялык документти 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Андан бери бир нече жолу эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрсө да, келишимди жаңылоого кадам жасала элек. Мындан улам, Батыш “Орусия Кыргызстан аркылуу санкцияларды айланып өтүп жатат” деген шылтоо менен өлкө бийлигине басым өткөрүүнү күчөтө баштады. Буга кошумча, Батыш башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанды да эл аралык мыйзам жана уюмдар менен чынжырлап алган. Муну Европарламенттин басымы жана бийликтин “Азаттык” тууралуу чечими да тастыктап турат.
Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Демек, санкциялар да мына ушул саясий кызыкчылыктардын алкагында кабыл алынат. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга жакындоосу күчөсө санкциялар салынат. Батыш империалисттери өз малайларынын толук моюн сунуусун каалашкандыктан, басым өткөрүүчү кийинки теманы негиз кылуу менен ишин улантып бара бермекчи.
Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун үстүбүздөгү бул сыяктуу өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий