Сенат өзбек-казак чек арасын аныктаган документти жактырды
Өзбекстандын Олий Мажлис Сенаты кырк экинчи жалпы жыйынында “Өзбекстан республикасы менен Казакстан республикасы ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамды жактырды. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Кабарда айтылышынча, аталган документке Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 21-декабрында кол коюшкан. Келишим боюнча, Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттери ортосунда 2 миң 356 километрден ашык чек ара тилкеси демаркацияланган .
Сенаттын билдирүүсүндө: “Макулдашуу менен өзбек-казак чек арасын тактоо жаатындагы иштер толук аяктады о.э. чек ара коопсуздугун жана кол тийбестигин камсыздоо үчүн эң маанилүү шарттар түзүлдү ”, – деп айтылат.
Комментарий: Өткөн кылымдын башында Британия жана Франция мамлекеттери Сайкс-Пико келишими менен араб өлкөлөрү ортосунда чек араларды белгилегени сыяктуу эле, кудайсыз коммунисттер өкмөтү да эзелтеден бир Үммөт өкүлдөрү болгон Туркистан мусулмандарына “улут” жана “мекен” деген кооптуу түшүнүктөрдү сиңирип, беш республикага бөлүп салды.
Ислам көз карашынан алганда – кайсы жерде болушуна карабастан – мусулмандардын ортосун бөлүп-жаруу арам. Кандуу жол менен Исламий өлкөлөрдө белгиленген чек араларды таануу таптакыр жаиз эмес. Себеби, Ислам Үммөтүн бири-биринен ажыратуу, бөлүп таштоо, алсыратуу, карама-каршылыкка дуушар кылуу, убагы келгенде бири-бирине тукуруп, уруштуруп коюу максатында мусулмандар ортосуна жасалма чек араларды тартуу – бул куфрдун планы. Мындай бөлүп-жаруунун акыбетинде мусулмандар ортосунда жаңы-жаңы көйгөйлөр жана тоскоолдуктар пайда болору табигый көрүнүш. Исламий өлкөлөрдүн ар жеринде бөлүнүүнүн натыйжасында жүз берген көптөгөн аянычтуу абалдарга күбө болуп келебиз. Негизи, мусулман адам ар дайым “дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар менин боордошум, анын көйгөйү менин көйгөйүм, анын кубанычы менин кубанычым, анын кайгысы менин да кайгым” деген позицияда турушу керек.
Ал эми, учурда – Борбор Азияда болобу, же башка Исламий аймактарда болобу айырмасыз – мусулмандар мындай жасалма чек араларга нааразы экендигин ачык билдире башташты. Эгер бирер чек ара посту ачылары жөнүндө кабар тараган болсо – мейли ал кабар тастыкталбаган болсо да – чек аранын эки тарабындагы мусулмандардын кубанычына чек жок. А бирок, мусулмандар колонизаторлор белгилеп берген чек араларды тааныбай, биригүүнү көздөй ашыгып жаткан бир мезгилде мамлекеттик имамдар ушул жасалма чек араларды жактап чыгышып, мусулмандардын башына бүткөн балээ болушууда. Бул да жетишпегендей, алар мусулмандарын ортосун бөлүп койгон жасалма чек араларда туруп алышып, мусулмандарды силаи рахмдан (тууганчылык карым-катыштан) тосуп жаткан чек арачыларды “мужахиддер”, бул жасалма чек араларды коргоо үчүн курал көтөрүп турууну “Жихад”, эки мусулманды ажыратуу жолунда жан берүүнү “Шейиттик”, деген фатваларды берип жатышы “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болууда. Эгер бул имамдар калыстык кылышканда, мусулман калктар ортосун бөлүп турган бул жасалма чек аралардын чыныгы Шаръий өкүмүн баяндап, бул чек араларды түп-тамыры менен жоюуга чакырышмак.
Мындан тышкары, мусулмандардын көйгөйлөрү чек араларды демаркациялоо же эки мамлекет ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен чечилбейт. Башкача айтканда, мусулмандардын көйгөйлөрү колонизатор мамлекеттер мусулмандардын зээнине сиңирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн жана чириген пикирлерди таштап, кайрадан Ислам динине кайтуу жана Аллахтын өкүмдөрүн жашоодо колдонуу аркылуу гана чечилет. Эгер мусулмандар чындап эле ортодо көйгөй болбошун, кайрадан мурункудай бир Үммөт өкүлү катары боордош болуп жашоону о.э. бири-бири менен эч кандай тоскоолдук жана көйгөйсүз эркин катташууну каалашса, анда куфр тарабынан ортого тартылган чек араларды жок кылышы, Ислам акыйдасы жана дини негизинде биригиши керек. Мусулмандар үчүн мындан башка жол жок.
Абдурахман Адилов