Халифалык мамлекетинде медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үлгүсү (модели)

3684
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары

Халифалык мамлекетинде медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үлгүсү (модели)

  Саламаттыкты сактоону тартипке салуу маселеси мамлекеттин саламаттыкты сактоо кызыкчылыктары боюнча ыйгарым-укуктары алкагына кирет. Ал белгилүү бир мабдаъга хос эмес. Бул саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн эң алдыңкы заманбап услубдарга туура келген көрүнүштө чечиле турган маселе.

  Халифалык мамлекети конституциясынын 97- беренесине даллилдер менен түшүндүрмө берилгендей: “Башкармалык жана мекемелерди о.э. идараларды башкаруу саясаты түзүмдөгү жөнөкөйлүк, ишти тез бүтүрүү жана башкарууну өз колуна алган адамдар жетиштүү билимге ээ болушу негизине курулат.” Расулуллах с.а.в. айтат:

إنَّ اللَّهَ كتبَ الإحسانَ على كلِّ شيءٍ فإذا قتلتُم فأحسِنوا القِتلةَ وإذا ذبحتُم فأحسِنوا الذِّبحةَ وليُحدَّ أحدُكم شفرتَهُ وليُرِح ذبيحتَه

  “Албетте Аллах Таала ар бир ишти чырайлуу аткарууну фарз кылды. Эгер өлтүрсөңөр, бул ишти чырайлуу кылгыла. Эгер мал сойсоңор, союуну чырайлуу кылгыла. Бычакты жакшылап курчутуп алып анан курмандыкты сойгула”. Муслим риваят кылган. Ошондуктан, шарият амалдарды аткарууда жакшылыкка умтулууга буюрат. Ушуга ылайык, саламаттыкты сактоодо үч шарт талап кылынат: Биринчиси, түзүмдөгү жөнөкөйлүк. Бул милдеттерди аткаруу ыңгайлуу болушуна шарт түзөт. Буга тескери көрүнүштө, татаал түзүм бейтаптар жана кызматкерлер үчүн керексиз машакат жана ашыкча азап-кыйынчылыктарга себеп болот. Экинчиси, милдеттерди аткаруудагы ыкчамдык жана активдүүлүк. Бул болсо керексиз кечигүүлөрдүн алдын алат. Үчүнчүсү, медицина кызматкерлеринин жөндөм жана тажрыйбалары. Бул болсо, милдетти жакшы аткаруунун кепилдиги болуп эсептелет.

  Ал эми идарий услубдарга келсек, ар кандай идарий услубду колдонууга болот. Болгону, белгилүү бир идарий услубду колдонуудан тыйган махсус насс келген болсо, бул мустасна абал болуп эсептелет. Себеби, идарий услубдун “Мубах” деген умумий өкүмү бар. Ушул өкүмдөн тосо турган хос далилсиз мубахтыктан четке чыгууга болбойт.

  Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо жамааттарынын иши дарыгерлер, медайымдар, физиотерапия боюнча техниктер, фармацевттер жана башкалар ортосунда, иш жараянындагы зарылдыкка карай, тажрыйба алмашууну талап кылат. Мунун эң жакшы үлгүсү эркектерди эркектер жана аялдарды аялдар дарылашы жана шашылыш зарылдыктан тышкары абалдарда мындан башка усулга таптакыр кайрылбастык. Дарылоо дененин зарыл болгон бөлүгүнө чектелет, башка жактарына өтүлбөйт. Дарылоодогу эң абзел үлгүгө жетүү жана муктаждыктарды кандыруу үчүн Халифалык мамлекети эркек жана аял табибдерди жетиштүү өлчөмдө даярдашы керек. Бирок, аял кишинин исламий коомдо жубай, эне жана үй кожойкеси сыпатындагы негизги ордун назарда туткан абалда, табибдер жана медайымдар сыяктуу көп сандагы аялдарды даярдоого о.э. аларды жарым күндүк жумуш менен камсыздоого зарылдык пайда болот. О.э. мамлекет биринчи даражалуу, орто-экинчи даражалуу жана үчүнчү даражалуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздашы керек:

А-биринчи даражалуу медициналык жардам – бул төмөнкү милдеттерди аткара турган негизги медициналык жардам:

Ал аймактарда болот.

Ал умумий дарыгерлер, фармацевттер, медайымдар, акушерлер, кечиктиргис медициналык жардам о.э. алгачкы медициналык жардам кызматкерлери жана башкалар тарабынан башкарылат.

Мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде дарыланышы мүмкүн болгон умумий жана түздөн-түз медициналык көйгөйлөр менен алектенет.

 Диагнозу анык болбогон, изилдөө жана алгачкы текшерүүлөрдү жүргүзүү керек болгон медициналык кароолорду өткөрөт.

Көбүрөөк экинчи даражалуу медициналык жардамга муктаж болгон бейтаптарды аныктайт.

Ден соолук көйгөйлөрүнүн алдын алуу жана алардан сактануу менен алектенет.

Биринчи даражалуу медициналык жардам – бул алгачкы медициналык жардам борборлорунда же умумий медициналык кызмат көрсөтүшү керек болгон умумий медициналык борборлордо көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул жардам алыскы айыл аймактарында көчмө поликлиникалар аркылуу көрсөтүлөт. Аларды бөлүштүрүү жергиликтүү муктаждыктар жана зарылдыктардан келип чыккан абалда белгиленет.

Б – экинчи даражалуу медициналык жардамга келсек, бул адамдардын оорусу ооруканаларга жаткырууну талап кылган кезде ооруканаларда көрсөтүлүүчү медициналык кызмат. Бул кызматтын алкагына ички органдардын оорулары, хиррургиялык операциялар, жаш балдар менен аялдардын оорулары жана ушул сыяктуу негизги адистиктер кирет. О.э. бул кызматка тез жардам, кечиктиргис медициналык жардам бөлүмү да кирет. Адис жана консультанттарды поликлиникалар менен камсыздоо да ушул кызматтын алкагында. Бул поликлиникаларда алдыңкы (заманбап техникалар жардамындагы эң өнүккөн услубдар менен) текшерүүлөр, ооруканаларда ишке ашырылышы керек болгон атайын операция жана адистештирилген дарылоону талап кылуучу оорулар үчүн өзүнө хос шарттар түзүлгөн болот. Мындай поликлиникалар төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:

Кеңири камтуучу аймактык борбор болот. (Ар бир умала(нахия-район)до калктын санына ылайык келген, жок дегенде бирөө болсо да, оорукана болушу керек).

Ошол поликлиникаларда шашылыш медициналык жардамды кабыл алуу жана дарылоо бөлүмү: стационардык дарылоо үчүн көптөгөн жатаканалар, хиррургиялык кабинеттер, интенсивдүү терапия, амбулатория бөлүмү, ар түрдүү күнүмдүк дарылоо үчүн бөлүмдөр жана лабораториялар, рентген сыяктуу бир нече текшерүүчү жабдыктар бар болушу керек.

Экинчи даражалуу медициналык жардамдын максаты – бул жогорку саламаттыкты сактоо башкармалыгынын эксперттик органдары тарабынан орнотулган эң акыркы тастыкталган дарылоо усулдарына ылайык бүтүндөй калктын муктаждыгын кандыруу үчүн тажрыйбалуу, жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү.

Мындай имараттарды куруу жана каржылоо мамлекеттин мойнундагы милдет. Эгер жогоруда айтылган сыпаттар менен мындай шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, айрыкча өткөөл мезгилде, мамлекет жеке менчик ооруканалардан жаиз жолдор менен пайдалануу аркылуу өзү ылайыктуу деп тапкан усулда ушундай шарттарды түзөт. Же мамлекеттин аймагында жетиштүү шарттар камсыздалганга чейин көчмө ооруканаларды түзөт же бейтаптарды ызы-чуу азыраак болгон жайларга көчүрөт.

  Мусулмандар арасында ооруканалардын биринчи үлгүлөрү аскерий жүрүштөр – жихаддар кезинде колдонулган “көчмө ооруканалар” болгон. Мисалы, Руфайда ал-Асламий разияллоху анха жана башкалар согуш маалында жарадарларды дарылоо менен алектенишкен. Кийинки кылымдарда болсо, чыныгы ооруканалар пайда боло баштаган. Экинчи кылымдын башында т.а. халифа Харун ар-Рашиддин доорунда Багдадда оорукана курулган. Аллахтын изни менен кайрадан тикелене турган Халифалык мамлекетинде да ар бир вилаят жана аймакта ооруканалардын саны калктын муктаждыгына жана жергиликтүү талаптарга карай белгиленет о.э. кызмат көрсөтүү деңгээли өркүндөтүлөт.

В – Үчүнчү даражалуу медициналык жардам

  Кээде мамлекетте өтө олуттуу оорулар менен алектене турган атайын ооруканалардын санын көбөйтүүгө муктаждык пайда болот. Андай абалда вилаят жана аймактык ооруканаларда чечилбей турган абалдар үчүн атайын дарылоо борборлору уюштурулат жана ал борборлор өзүнчө адистиктер үчүн белгиленет. Мисалы, бир катар вилаяттар үчүн адистештирилген балдар ооруканасы же жүрөк ооруларын, рак бездерин дарылоо борборлору ишке киришет. Аймактагы ооруканалар түрдүү адистиктер боюнча артыкчылыктуу дарылоо борборлоруна же өзгөчө медициналык жайларга айландырылат. Ошентип, мындай жандашуу медициналык комплекстер дагы да адистешкен болушуна шарт түзөт, татаал медициналык муктаждыктарды кандыруу боюнча алардын тажрыйбаларын дагы да өстүрөт.

  Дүйнө жүзүндө саламаттыкты сактоо максаттарына дагы да жакшыраак, жемиштүүрөөк кызмат кыла  турган усул жана каражаттарды билүү үчүн кайрылуу мүмкүн болгон үлгүлөр бар… Үчүнчү даражалуу ооруканаларда ыкчам дарылоону талап кылган абалдар жүз бергенде зыянды жоюу үчүн байланыш каражаттарынан пайдаланууну жолго коюш керек. Мисалы, медициналык жардамга адистештирилген тез жардам учактарынан пайдалануу же ушул сыяктуу байланыш каражаттарын өнүктүрүү жана алардан кеңири көлөмдө колдонуу. О.э. аралыктан туруп дарылоону жолго коюу үчүн медициналык жабдыктарды өнүктүрүү же бейтапты атайын ооруканага жеткенге чейин андан кооп-коркунучту алыстата каражаттар менен дарылоо усулдарын өркүндөтүш керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here