Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары
Мамлекет ар бир муктаж болгон адамды дары-дармектер менен камсыздоону кепилдейт жана натыйжалуу дары каражаттары жетишпей жаткан ооруларды дарылоонун жаңы усулдарын издейт
Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо түзүмү – фармацевтикалык компаниялар саламаттыкты сактоого таасирин өткөргөн азыркы абалда болгону сыяктуу – өкмөттөргө басым өткөрүүчү фармацевтикалык компаниялардын көзөмөлү алдында болбойт:
а) бүгүнкү күндөгү фармацевтикалык компаниялар изилдөөгө ылайык болгон дары каражаттарынын артыкчылыгын рентабелдик-пайда жагына карай чечишет. Эгер изилдөөгө ылайык маанилүү иш болсо да, бирок анчалык пайдалуу киреше алып келбесе, алар мындай изилдөөнү каржылашпайт жана өкмөттөрдү да аны каржылоого чакырышпайт. Ири фармацевтикалык компаниялар саламаттыкты сактоо чечимдерин өздөрүнүн өндүргөн продукциялары боюнча багыттоо менен учурдагы дарылоо усулдары боюнча толук монополияны өздөрүндө сактап калышат. Глобалдык илимдин болгону 10%ы дүйнөдөгү оорулардын 90%ын түзгөн ооруларга багытталганнын айтышат жана бул 10/90 боштук деп аталат. Ошондуктан, кирешеси аз мамлекеттерде кеңири жайылган оорулардын көпчүлүгү – бул оорулардан аз пайда көрүп жатканы себептүү – фармацевтикалык компаниялардын этибарынан четте калат.
Британиянын мурдагы эл аралык өнүгүү министри Клер Шорт айым фармацевтикалык компанияларды жакырлар үчүн дары-дармектерге инвестиция жаткарыбай жаткандыкта айыптап: “Биз ири өлчөмдө пайда алып келген техникалык инновациялар доорунда жашап жатабыз. Бирок чындык ушул, иш-аракеттердин көпчүлүгү жалаң гана өнөржайы өнүккөн мамлекеттердеги маанилүү ооруларга каратылган. Изилдөөлөр үчүн глобалдык каржылоонун болгону 10 пайызы гана эң жакырларга таасирин тийгизип жаткан оорунун 90%ына бөлүнөт.
Буга тескери көрүнүштө, Халифалык мамлекети мисалы, безгек сыяктуу дүйнөдөгү адамдарды эң көп азаптап жаткан жана алардын өлүмүнө себеп болуп жаткан оорулардын дабаасын издөөгө артыкчылыктуу маани берет.
б) фармацевтикалык компаниялар өздөрүнүн илимий иштерин интеллектуалдык менчик укуктары жана патенттер аркылуу коргошот. Бул алардын маалыматтарды көптөгөн жылдар бою монополия кылышын түшүндүрөт жана мындай абал көбүнчө ондогон жылдарга созулат. Бул болсо, эгер маалыматтар кеңири жайылган болсо, пайдалуу болушу мүмкүн болгон продукцияларды өндүрүү ийгилигине тоскоолдук кылат о.э. алардын патенттеринин убагы аяктаганга чейин бааларды кымбат кармап туруу үчүн иштетилет. О.э. фармацевтикалык компаниялар көбүнчө кошумча пайда алып келе турган дары-дармектерди чыгарышат. Айрым абалдарда болсо, өтө деле пайда алып келбей турган дары-дармектерди чыгарышат. Бирок, алар өздөрү чыгарып жаткан дары-дармектерди кабыл алышы үчүн өкмөттөргө басым өткөрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан, өкмөттөр мындай дары-дармектерди “жалпы экономика үчүн пайдасы бар” деген шылтоо менен мындай компаниялардын пайдасына чечим кабыл алышат жана бул чечимдер адамдардын пайдасына тууура келеби, же жокпу деген шарт болбойт.
Ал эми Исламдын көз карашына келсек, капиталисттик түзүмдөрдөгү автордук жана патент укуктары деп аталган нерселер шариятка туура келбеген шарттар болуп, аларга амал кылуу шарт эмес. Себеби, Исламда соода келишимин түзүү сатып алуучуга мүлккө ээлик кылуу укугун жана өзү ээ болгон мүлктө тасарруф жүргүзүү укугун берет. Бул шарттардын шариятка туура келбешинин дагы бир себеби, интеллектуалдык мүлктү коргоо шарттары сатылган мүлктөн пайдаланууну патент ээлерине гана чектеп коёт. Бул болсо батыл жана Аллахтын китебине жана Расулунун сүннөтүнө тескери келе турган иш болуп эсептелет. Исламдагы соода келишиминин шарттарына тескери келген ар кандай шарт батыл жана сатып алуучу кардар бул шарттарга байлап коюлган эмес.
Жогоруда айтылган пикирлерди далилдөө үчүн айрым мисалдарды келтиребиз:
Коронавирус пандемиясы учурунда “Remdesivir” препараты пайдалуу экендиги кеңири масштабда жарыяланды. Ал тургай аны АКШ президенти Дональд Трамп да жарыялады. Негизи, изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул препарат симптомдордун убактысын 15 күндөн 11 күнгө чейин кыскартат. Мунун болсо, аман калуу деңгээлин жакшыртууга же интенсивдүү терапияга жаткырылышын азайтууга пайдасы аз.
2009-жылы чочко тумоосу пандемиясы учурунда Британия өкмөтү “Roche” компаниясы иштеп чыккан “Tamiflu” перепаратын запас кылып, камдап койду. Бирок, бул дары тумоонун жайылышын да, анын таасирлерин да азайта албады. Маалыматтар көрсөтүп тургандай, бул тумоо белгилеринин мөөнөтүн чоңдордо орточо 7 күндөн 6 күнгө чейин, жаш балдарда 5, 8 күнгө чейин кыскартууда өтө эле аз пайдасын тийгизди. Бирок, Британия өкмөтү бул препарат үчүн 473 миллион фунт стерлинг жумшады.
Дары-дармексиз айыктыруу көбүнчө этибардан четте калат. Мисалы, адамдарга тамеки тартууну токтотууга жардам берүү үчүн колдонулган чаралар далилдегендей, бул чаралар тамеки тартуунун натыйжасында келип чыга турган өпкөнүн өнөкөт обструктивдик ооруларын дарылоо үчүн негизги дары каражаттарына караганда үнөмдүүлүк жагынан үч жарым эсе натыйжалуу болгон. Көпчүлүк мамлекеттер дагы деле профилактикалык чараларга эмес, тескерисинче, дары-дармектер менен дабалоого көңүл буруп келишет.
Жашоо таризин өзгөртүү аркылуу профилактикалык чаралардын ордуна дары каражаттары менен дабалоого дагы бир мисал чоңдордогу диабет оорусу. Британиялык дарыгер, доктор Девид Унвин 2017-2018-жылдарда диабетке каршы дары-дармектердин рецептин 57 000 фунт стерлингге азайтууга жетишти. Ал альтернативдик вариантты сунуштады. Т.а. бейтаптарды ахлакий жактан колдогон абалда диабетти тартипке салууну сунуштады. Британияда улуттук саламаттыкты сактоо бюджетинин болжол менен 10 %ы диабет үчүн жумшалат. Негизи, көпчүлүк абалдарда бул ооруну диета жана жисманий машыгуулар жардамында ашыкча салмакты жоготуу аркылуу да дарыласа болот.
Ал эми, Халифалык мамлекетиндеги изилдөөлөр саламаттыкты сактоонун муктаждыгына карай багытталат жана эгер зарыл болсо, жаңы болсо да эң жакшы дарылоо усулдары изделет. О.э. саламаттыкты сактоо тармагы фармацевтикалык компаниялардын карамагында болбойт. Халифалык мамлекети ири фармацевтикалык компанияларга пайда алып келбегени үчүн этибардан четте калган салттуу же азыктык дабалоолорду колдонууну да эсепке алат. Себеби, Халифалыктагы саламаттыкты сактоо түзүмүнүн максаты, капиталисттик өнөржайдын кызыкчылыктарын коргоо эмес, тескерисинче адамдардын иштерин башкаруу болуп эсептелет.