بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ал-Ваъй тобу Политехника университетинде «Рамазан – күч-кубат жана үстөмдүк айы» деп аталган китеп көргөзмөсүн өткөрдү
2023-жылы 12-13-апрель күндөрү Ал-Ваъй тобу «Вади Харя» менен «Абу Рамман» имараттарында китеп көргөзмөсүн өткөрдү.
Көптөгөн адамдарга толгон бул көргөзмөдө «Ислам түзүмү», «Хизб-ут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү манхажы», «Капиталисттик Батыш мафкурасын четке кагуу» сыяктуу китептер, аны менен бирге саламаттыкты сактоо, финансы, ижтима, экономика жана саясат тармактарындагы китептер тартуу кылынды.
Баса белгилөө зарыл, студенттердин катышуусунда өткөн көргөзмөнү профессорлор, мугалимдер жана академиктер алкышташты. «Исламда экономика түзүмү», «Исламдын экономикалык чечимдерге көз карашы» жана «Хизб ут-Тахрирдин өзгөрүү жасоодогу манхажы» сыяктуу айрым китептер жөнүндө жана коомдо өзгөрүү жасоонун жолу туурасында талкуулар болду. Айрыкча, «Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо» китеби университеттин медицина факультетинин студенттеринин көңүлүн өзүнө бурду жана Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоо структурасы жөнүндө бир канча суроолор берилди. Көргөзмө университеттин студенттери, профессорлору жана окумуштуулары арасында чоң кызыгуу жаратты.
Роя гезити, №439, 2023-жыл, 19-апрель.