Кыргызстан менен Россия аскерий кызматташтыкты бекемдейт

1697
0

Кыргызстан менен Россия аскерий кызматташтыкты бекемдейт

  Кабар: Кыргызстан менен Россия “аскерий жана аскерий техникалык”, анын ичинде, Кыргызстандын аймагындагы Россиянын аскерий базасынын алкагындагы “кызматташтыкты тереңдетүү” иши улантыларын билдиришти. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө айтылды.

 “Кыргызстандын суверенитетин коргоо жана коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде эл аралык террористтик уюмдардын мүмкүндүү куралдуу кол салуу актыларына каршы туруу керектигин белгилөө менен мамлекет башчылар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бекемдөө жана анын аймагындагы орусиялык аскердик объектилерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушат”, – деп айтылат билдирүүдө.

 Комментарий: Быйыл апрель айында Россия күтүүсүздөн өзүнүн Кыргызстан жана Тажикстандагы аскерий базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечим тууралуу Россиянын коргоо министри министри Сергей Шойгу 28-апрелде Нью-Делиде өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жыйынында: “АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз”, – деген эле.

 Андан бир аз мурда т.а. 15-апрелде Кыргызстан менен Россия биргеликте абадан коргонуу боюнча система түзөт деген кабар тарады. Россия өкмөтүнүн сайтында жарыяланган кабарда айтылышынча, абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча макулдашуу Мамлекеттик Думага жана Федерация кеңешине ратификациялоого киргизүү үчүн президенттин кароосуна коюлган. Кыргызстан жана Россия биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндөгү келишимге 2022-жылы 16-августта кол коюлган. Ошондон кийин Россия президенти тийиштүү түзүмдөргө Кыргызстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча тапшырма берген. Келишим күчүнө кирсе, россиялык аскерлерди Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Россияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бере тургандыгы маалым болгон.

2021-жылы дал ушундай эле келишимди Тажикстан ратификациялаган.

 Россия аймакта саясий мүмкүнчүлүктү АКШнын пайдасына колдон чыгарып жаткан болсо, ал эми экономикалык жактан орустун ордун Кытай ээлеп барууда. Ошол себептен Россия аймакты өзүнүн аскерий коргоосуна муктаж абалга алып келүүгө аракет кылат. Ал үчүн эң бир ишенимдүү ыкма – бул “экстремизм жана терроризмге” каршы күрөш жана афган коркунучун көбүртүп көрсөтүү. Путин режими аймакта аскерий таасирин күчөтүү үчүн жасалма коркунучтарды, же башаламандыктарды пайда кылуу жолунда ар кандай провокация же теракттарды уюштурушу да мүмкүн. Ошол себептен, биз мусулмандар мындай фитналардан сак болушубуз, эл аралык жана аймактык саясий абалдардан кабардар болуп, колонизатор кафирлер үстүбүздө таасир талашуусуна жол бербешибиз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here