بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Дүйнөдөгү банктардын банкрот болуусунун себеп жана акыбеттери
Устаз Абу Хамза Хутваний
АКШ жана Швейцариядагы бир нече банктын банкротко учурашы дүйнөлүк финансылык коомчукта ири финансылык сокку болду, бул болсо аманатчылардын (банкка акча койгондордун) арасында чоң тынчсызданууну ойготту. Эгер, ири мамлекеттер жана борбордук банктар ыкчам чараларды көрбөгөндө жана ири банктар банкротко учураган банктарды сатып алышпаганда, мунун акыбети үрөй учуруп, 2008-жылдагы ипотека кризисинде болгон окуяларга окшойт эле.
Бул банкроттун маанилүү себептери:
- Пайыздык коюмдун жогорулашы;
- Акция жана баалуу кагаздардын жогорулашы;
- Фонддулук биржанын жогорулашы.
15 жыл мурун пайыздык ставка 0,5 %дан ашпастан дээрлик өзгөрүүсүз турган болсо, бул ставка акыркы бир жылда жогорулап, ушул күндөрдө 5 %га жетти т.а. бир жыл ичинде тогуз эсеге көбөйдү. Бул, инфляциянын көтөрүлүшү, өсүп-өнүгүүнүн басаңдашы, мамлекеттин чыгашалары көбөйүшү жана АКШ карызынын максималдуу 31 триллион долларга жетиши сыяктуу бир нече проблемаларды чечүү үчүн жасалды.
Silicon Valley банкына келсек, ал 189 миллиард долларга ээ эле. Анын 80 миллиарды мамлекеттик облигациялардан туруп, көрө турган пайдасы 1,5 %ды түзгөн. Ал эми, пайыздык ставка абдан көтөрүлө баштаганда банк аманатчыларга жаңы курс боюнча жогорку ставкада пайыз төлөй баштады, бирок, өзү пайда көргөн пайыз нөлгө жакын төмөн ставкада болду. Акыбетте Silicon Valley банкынан акчаларын чыгарып алып жаткан аманатчылардын дагы да көбөйүп жаткан талаптарын кандыруу үчүн бул банктын жетиштүү активи калбады. Айрыкча, технология тармагында капиталдын азайып, депозиттер кыскаргандыктан банк 21 миллиард доллар көлөмүндө баалуу кагаздарды сатууга мажбур болуп, 1,8 миллиард доллар зыян көрдү.
Бирок, баалуу кагаздарды зыянга сатуу чарасы да акчаларын чыгарып жаткан аманатчылардын талабын кандыруу үчүн жетиштүү болбоду. Банк айырмачылыкты токтотуу үчүн 2,25 миллиард доллар көлөмүндө жаңы баалуу кагаздарды басып чыгаруу ниетинде экенин жарыялады. Ошондо Silicon Valley банкынын финансылык абалы оор экендиги жана өтүмдүүлүктү камсыздай албай жатканы ачыкка чыкты. Бул болсо, кардарларынын арасында тынчсыздануу пайда болушуна алып келди, өз кезегинде, банкка болгон ишенимдин бүтүндөй жоголушуна себеп болду… Миңдеген аманатчылар өз акчаларын алуу талабын коюшту жана бир күндө эле банктан 42 миллиард доллар чыгарылды, банктын биржадагы акциялары төмөндөп кетти.
Дал ушундай себептерден улам, Швейцариядагы көлөмү боюнча экинчи орунда турган жана 167 жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан Credit Suisse банкы да банкротко учурады.
О.э. АКШдагы эки банк (Signature жана Silvergate) да банкротко учурап, Silicon Valley эмне болсо, алар да ошол абалга түштү. Эгер, Америкадагы он бир ири банктар тарабынан колдоп-кубатталбаганда First Republic банкы да дал ушинтип банкротко учурамак. JPMorgan Chase банкы жетектеген банктар бул проблемалуу банкка 30 миллиард доллар коюу менен аны кулоодон сактап калышты.
Дүйнөнүн алты ири борбордук банктары өз ара кызматташып аракет кылышып, өтүмдүүлүктү камсыздады о.э. кризис башка соода банктарына өтүп кетишин алдын алуу үчүн дүйнөлүк система аркылуу АКШ долларынын агымын күчөтүштү. Бул борбордук банктар: АКШ Федералдык резервдик системасы, Европа борбордук банкы, Англия банкы, Япония банкы, Канада банкы, Швейцария улуттук банкы.
Капиталисттик финансылык системанын банкрот банктар проблемасын чечүүсүнүн эң маанилүү жолу – акча бөлүп, сатып алуу болду… Мунун натыйжасында Швейцариянын «UBS» банкы өлкөдөгү банкротко учураган Credit Suisse банкын сатып алды жана АКШ банктары да өлкөдөгү банкротко учураган банктарды сатып алышты.
Бул банкроттордун акыбеттери:
- Өнүккөн технологиялык компаниялар 330 миңден ашуун жумушчуларды кыскартышты. Алардын 90 миңи жылдын башынан бери кыскартылган. Бул болсо, жумушсуздук деңгээлинин жогорулашына алып келди.
- Чакан аманатчылардын акчалары абага учуп жок болду, бирок, 250 миң доллардан ашык каражат койгон ири аманатчылар – алар камсыздандырылганы үчүн – эч нерсе жоготушкан жок.
- Швейцариянын Credit Suisse банкында үлүшү болгон Фарс булуңунун банктары чоң зыян көрдү. Алар: Саудия Улуттук соода банкы, Катар Инвестиция банкы жана Saudi Olayan Group.
АКШнын Harris Associates компаниясы Швейцариянын Credit Suisse банкындагы өзүнүн бардык үлүшүн банкрот болордон үч ай мурун сатып жиберген. Демек, көрүнүп тургандай, ири сүткор банктар Фарс булуңу банктарына каршы тил бириктиришкен, жогоруда айтылган банктын банкрот болушунун себептери Фарс булуңунун банктарынан сыр тутулган.
- Дүйнөнүн ири сүткор банктары чакаен банктарды жутууда, себеби, бул жырткычтар дүйнөсүндө ири жырткычтар гана жашай алат.
Чечим кандай?
Мына ушундай банктардын банкрот болушунун жана акчалардын жоготулушунун чечими Исламдан башка системада жок. Себеби, айырмалап бөлбөстөн чакан жана ири акчалуулардын акчасын коргогон шаръий чечим Исламда гана бар. Негизи, Ислам сүткордукту харам кылган. Биржа жана акционердик компаниялар да динибизде харам болуп, баалуу кагаздарга уруксат берилбейт. Исламдын валютасы – алтын жана күмүш. Эгер, экономикада ушул шаръий өкүмдөрдү колдонгон Ислам мамлекети болсо, анда акчалардын жоголушу деген нерсе болбойт. Тескерисинче, жогоруда айтылган факторлор себеп болгон акча жоготуулар капитализмде болот.
Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.