بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ислам өз фазилети менен душманынын каалоосу ортосунда
Шайх Исам Амира
Ислам – инсандын өзү, башкалар жана Жаратуучусу менен болгон алакасын тартипке салуу үчүн Аллах тарабынан Расулу Мухаммад ﷺга түшүрүлгөн дин. Ислам өзгөчө жашоо таризине ээ болуп, адамзат билген бардык системалардан айырмаланат. Ушул айырма туура акыйдада жана жетик мыйзамчылыкта көрүнөт. Өзгөчө, бул айырма Ислам зулум кылбастан жана бирөөлөрдүн байлыгына көз артпай канааттануу жана жагымдуулук менен жайылып, кеңейишинде, жада калса караңгылыктан нурга, диндердин адилетсиздигинен Ислам адилетине, дүйнө бактысыздыгынан бул дүйнө жана Акырет кеңдигине инсандарды алып чыгышында айкын болот.
Исламдын жайылууга байланыштуу өзгөчө фазилеттери бар. О.э. Исламдын мусулмандарга байланыштуу жана аларга вазыйпа жүктөгөн умтулуулары бар, мусулмандар аларды жашоодо жүзөгө чыгарууга ар дайым аракет кылышы кажет. Мусулмандардын умтулуусуна катарлаш Ислам душмандарынын да умтулуулары бар. Душмандардын умтулуулары Ислам Меккеде дүйнөгө келген алгачкы күндөн бери пайда болгон жана бүгүнкү күнгө чейин түрдүү көрүнүштөрдө уланууда. Эки тараптын умтулуулары ар түрдүү болгондуктан, Исламдын душмандарына каршы күрөш уланат. Бул абал Аллах Өзү тагдыр кылган нерсени жүзөгө чыгарып, акыйкат батылды жеңгенге чейин, адилет адилетсиздикти жеңип, Ислам отурукташкан жана көчмөн калктардын үйүнө кирип барганга чейин, Ислам Умматынын бийлиги жер жүзүнүн чыгыш жана батышына чейин азиздин азиздиги же кордун кордугу менен жетип барганга чейин уланат… Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат. Ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат.
Ислам дининин фазилеттери:
- Аалам, инсан, тирүүлүк жана алардын алардан мурунку вужудга жана алардан кийинки вужудга алакасы жөнүндө туура акыйданы берүү.
- Ушул акыйдадан алынган түзүмдү өлкө ичинде кеңири жана толук колдонуу.
- Ислам даъватын Аллах жолунда жихад кылуу аркылуу бүткүл дүйнөгө алып чыгуу.
Мусулмандардын умтулуулары:
- Инсандарды мажбурлабастан Аллахтын динине топ-топ болуп киргизүү.
- Бүткүл дүйнөдө Ислам бийлигин орнотуу.
- Аллах Азза Жалланын ыраазылыгына жетүү.
Ал эми, Ислам душмандарынын умтулуулары мусулмандардын умтулуусуна бүтүндөй тескери болуп, таптакыр айырмаланат. Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿وَلَن تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلاَ النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾
«Яхудий жана христандар алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт»
[2:120]
﴿وَلَئِنْ أَتَيْتَ الَّذِينَ أُوْتُواْ الْكِتَابَ بِكُلِّ آيَةٍ مَّا تَبِعُواْ قِبْلَتَكَ وَمَا أَنتَ بِتَابِعٍ قِبْلَتَهُمْ﴾
«Ант болсун, эгер сен ахли китептерге (яхудий жана христиандарга) бар болгон мужизалардын баарын көрсөтсөң да, алар сенин Кыблаңа жүз бурушпайт. Сен да алардын Кыбласына кароочу эмессиң» [2:145]
﴿وَدَّ كَثِيرٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يَرُدُّونَكُمْ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِكُمْ كُفَّاراً حَسَدًا مِنْ عِندِ أَنفُسِهِم مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْحَقُّ﴾
«Ахли китептердин көпчүлүгү силерди – ыймандуу болгонуңардан кийин, аларга да акыйкат ачык даана болгондон кийин – көрө албастыктары себептүү куфрга кайтарууну көздөйт» [2:109]
Мусулмандардын бул умтулуулары илгертен, Ислам таңы аткандан бери ачык көөдөлөнүп, мусулмандардын кийинки кылымдарында да уланды жана кафирлер бир кылым мурун Усманий Халифалык мамлекетин кулатканга чейин аракетин токтоткон жок. Андан кийин мусулмандар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Умматты ойготуу жана Умматтын улуулугун тикелөө долбоору үчүн олуттуу аракет кыла башташкан соң ушул умтулуулары кайра жаңыланды.
Бул өтмүш жана азыркы мисалдардан көрүнүп тургандай, демек, Ислам душмандарынын умтулуулары Ислам дининен коркуу үстүнө курулуп, Исламга каршы күрөштө айла-амал жолун карманууда жана Исламдын үстөм келишине кыжырданышууда.
Өтмүштө алар Набий ﷺдын Ислам рисаласын дүйнөгө алып чыгуусун алдын алуу үчүн бардык жолдорду сынап көрүштү. Ислам даъваты Мекке жана анын айланасындагы, жада калса Араб жарым аралынын бардык региондорундагы үйлөргө жарып кирбестиги үчүн Ислам динине каршы тоскоолдуктарды коюшту. Пайгамбар алайхиссаламга даъваттан баш тартуу үчүн ар түрдүү кызыктыруучу сунуштарды беришти. Мисалы, «Тарихи Ибн Хишам»да Мухаммад ибн Каъб Курзийден мындай риваят келген: «Бул окуя Утба ибн Робиа менен болду. Ал Курайш саййиддеринен эле. Бир күнү Расулуллах ﷺ мечитте жалгыз олтурганда Утба Курайштын жыйынында болчу. Утба: «Барып Мухаммад менен сүйлөшөйүнбү? Ага бир нече нерселерди сунуштап көрөмүн, балким кээ бирин кабыл алар, эмнени кааласа, берет элек, бизди тынч коёр эле», – деди. Ал кезде Хамза розияллоху анху Исламга кирип, Расулуллах соллаллаху алайхи васалламдын сахабалары көбөйүп бара жатканы көрүнүп турган. Курайштар: «Туура, эй, Абул Валид, анын алдына бар. Аны менен сүйлөшүп көр», – дешти. Утба ордунан туруп Расулуллах соллаллаху алайхи васалламдын алдына барып айтты: “Эй, агамдын уулу, сага маалым, сен биздин туугандарыбыз ичинде урматтуу, уругу улуу инсансың… Бирок, сен коомуңа оор нерсени алып келдиң, аны менен биримдигин бөлдүң, арзууларын жокко чыгардың, кудайларын жана диндерин айыптадың. Алардын ата-бабаларын кафир дедиң. Мага кулак сал, сага бир нече нерселерди сунуштаймын, ойлонуп көр, кайсы бирин кабыл алсаң, ажеп эмес”. Расулуллах ﷺ: «Оо, Абу валид, айт, угуп жатам», – деди. Ал: “Эгер, сен алып келген бул нерсе аркылуу мал-дүйнөнү каалап жаткан болсоң, сага мал-дүйнө чогултуп берели, арабызда эң байыбыз болгун. Эгер, абройду каалап жаткан болсоң, сени өзүбүзгө башчы кылып алалы, сенин уруксатыңсыз бир да ишти кылбайлы. Эгер, ал аркылуу падышалыкты каалап жаткан болсоң, сени өзүбүзгө падыша кылып алалы. Эгер, сага келип жаткан бул нерсе бирер жин болсо, аны кайтара албай жаткан болсоң, дарыгерлерди алып келели. Айыкканыңа чейин мал-дүйнөбүздү жумшайлы. Көбүнчө адамга ушундай нерсе келсе, дабаланса айыгып кетет”. Утба сөзүн бүтүргөн соң кулак салып турган Расулуллах соллаллаху алайхи васаллам: «Эй, Абул Валид, сөзүң бүттүбү?», – деди. «Ооба», – деди Утба. «Эми мени уккун», – деди Расулуллах соллаллаху алайхи васаллам. Утба: «Кулагым сенде», – деди. Расулуллах ﷺ ушул аятты тилават кылды:
﴿حـمۤ * تَنزِيلٌ مِّنَ الرَّحْمَـنِ ٱلرَّحِيمِ * كِتَـابٌ فُصِّلَتْ آيَـاتُهُ قُرْآناً عَرَبِيّاً لِّقَوْمٍ يَعْلَمُونَ بَشِيراً وَنَذِيراً فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لاَ يَسْمَعُونَ﴾
«Ха, Мим. (Бул Куран) Мээримдүү жана Ырайымдуу тарабынан түшүрүлгөн. Ал биле турган коом үчүн куш кабар берүүчү жана эскертүүчү – арапча Куран абалында (түшүрүлүп), аяттары иреттүү баян кылынган Китеп. Кийин (кафирлердин) көпчүлүгү (анын аяттары тууралуу пикир жүгүртүүдөн) жүз үйрүштү, демек алар «угушпайт»» [41:1-4]
Расулуллах ﷺ ушул аятты Утбага окууну улантты. Утба кулак салып, колдорун артына алып таянып тыңдады. Расулуллах сажда аятын окуп, сажда кылды. Андан кийин: «Эй, Абул Валид, укчу нерсени уктуң, эми өзүң билесиң», – деди. Утба ордунан туруп шериктерине барды. Алар бир-бирине: «Аллахка ант болсун, Абул Валид жаныбыздан кеткендеги жүзүнөн башка жүз менен кайтып келе жатат», – дешти. Ал келип олтурган соң: «Эй, Абул Валид, кандай сөз алып келдиң?», – дешти. Утба айтты: «Аллахка ант болсун, андан мен мурун эч укпаган сөздү уктум. Аллахка ант болсун, ал сыйкыр эмес, ыр да эмес, төлгөчүлүк да эмес. Эй, Курайш жамааты, менин айтканымды кылгыла. Ал адамды өз абалына койгула. Андан четтегиле. Аллахка ант болсун, мен уккан бул сөздөр куш кабар алып келбей койбойт. Эгер, башка арабдар аны жок кылышса, ошол башкалар силерди Мухаммаддан куткарышкан болот. Эгер, ал арабдардан үстөм келсе, анын мүлкү силердин мүлкүңөр болот. Анын урматы силердин сый-урматыңар болот. Эң бактылуу адамдардан болосуңар». Утбанын бул сөздөрүн угушуп: “Эй, Абул Валид, сени ал тили менен сыйкырлап коюптур”, – дешти. Утба: «Бул адам туурасында менин пикирим ушундай, ал жагын өзүңөр билесиңер», – деди.
Кафирлердин бүгүнкү күндөгү умтулууларына келсек, Америка жана Россиядагы куфр жетекчилеринин билдирүүлөрү, алардын өз региондорундагы жана мусулман өлкөлөрүндөгү Исламдын тикеленишине каршы кылмыштары баарына жакшы маалым. Алардын эң маанилүүсү – НАТОнун Азия жана Европадагы күчтөрүнүн командачысы Уэсли Кларктын билдирүүсү. Кларк бул сөздөрү менен Буштун 2001-жылдагы Афганистанга каршы согушу Исламга каршы согуш болгонун ачыктады: «Ким биз Афганистанга 11-сентябрь окуясы үчүн өч алганы кирди деп ойлогон болсо, ал жаңылышат, катасын оңдоп алсын. Биз андан да кооптуу нерсеге-Исламга каршы согушка кирдик. Биз Ислам мусулмандар чечим кабыл алган долбоорго айланышын каалабайбыз, тескерисинче, алардын Исламы кандай болушу керектигин биз чечебиз…».
Жакында мусулмандар капарсыз калган дагы бир иш болду. Макрон Франция мусулмандарынын диний кеңешин таратып, анын ордуна Франция Ислам Форуму деп аталган жаңы уюм ачканын жарыялады. Макрон басма сөз конференциясында соңку жылдарда Исламга каршы ийгиликтери менен мактанып, мусулмандардын 28 миң үйүндө штурм операциясы өткөрүлгөнүн, 906 исламий уюмду (мечит жана коомдорду) бүтүндөй же убактылуу жапканын маалымдады! О.э. ал мусулмандардын 52 миллион каражатын мамлекетке өткөргөнүн, кайрымусулмандар тарабынан мусулмандарга каршы сөздөр көбөйгөнүн, араб тилинин таалимине чекит коюлуп, үйдөгү таалим же мамлекеттик мекемеден тышкарыдагы таалим бекер кылынганын жана бардык чет тилдердин таалими мамлекеттин көзөмөлүнө алынганын айтып мактанды! Андан тышкары, абдан өкүнүчтүү сөздөрдү айтты, алар кудум азыркы замандын кыргын жана инквизициясынан башка нерсеге далалат кылбайт!
Жыйынтыктап айтканда, Исламды жек көргөндөр жана митаамдар каалашпаса да, Исламдын фазилеттеринен, Ислам душмандарынын умтулууларынан капарсыздар капарсыз калышса да, бирок Ислам өз фазилеттери менен душмандарынын умтулуулары ортосунда өзүнүн жолун ылдам жарып өтүп, Аллах Азза ва Жала убада кылган жана Расулуллах ﷺ башарат кылган мамлекеттин тикелениши тарапка аракет кылууда. Бул үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Ислам динин азиз кылуу үчүн аракет кылып жаткандардын нусратка жетишине Аллах уруксат бериши гана калды. Халифалык мамлекети ойрон кылуучу зилзиладан айырмаланып, абат кылуучу зилзила болот жана дүйнөнүн биринчи мамлекетине айланып, капиталисттик жана социалисттик түзүмдөрдүн зулуму жана зомбулугу ээлеп алган дүйнөдөгү бүткүл адамзатты береке, адилет жана мухабатка жетектейт.
﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Албетте, Аллах Ага (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз, Аллах күчтүү, кудуреттүү» [22:40]
Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.