Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек ара маселеси талкууланды

2141
0

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек ара маселеси талкууланды

 Кабар: Өкмөттүк делегациялар Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек араларынын кесилишин аныктоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, 30-апрелде Кыргызстан Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

  Кабарда келишинче, жолугушуулар 25-29-апрель күндөрү Баткен шаарында болуп өткөн.

Кабарда: “Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, – деп айтылат.
 О.э. кабарда кийинки жолугушуу Тажикстан аймагында өтө тургандыгы айтылган.

 Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин жалпы узундугу болжол менен 987 км. Эки өлкө отуз жылдан бери чек ара маселесин чече албай келет. Болжол менен дагы 300 км чек ара тилкеси тактала элек.

 Комментарий: АКШнын Борбор Азия боюнча 2019-2025-жылдарга болжолдонгон стратегиясында – чек аралар коопсуздугун камсыздоо үчүн 90 миллион доллардан ашык каражат бөлүү, кадрларды даярдоо боюнча 200 дөн ашык иш-чараларды өткөрүү жана 2600дөн ашык чек арачыны машыгуудан өткөрүү белгиленген.

 2022-жылдын май айында жогорудагы стратегиянын алкагында АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниэл Розенблюм Өзбекстандын чек ара аскерлерине 50 даана “Toyota Hilux” жана “Fortuner” унааларын тапшырды. Унааларды чек ара аскерлеринин атынан командачынын орунбасары, полковник Бахтиёр Мансуров кабыл алды. Баасы 2,25 миллион долларга барабар болгон унаалар АКШ Өзбекстанга коопсуздук тармагында берип жаткан жардамдын бир бөлүгү экендиги айтылды.

 О.э. 2022-жылдын май айында АКШнын Тажикстандаги элчиси Жон Марк Поммершайм Тажикстан менен дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Душанбеде өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Вашингтон алдыдагы эки жылдын ичинде Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллион доллар каражат берерин” билдирген. Мындан тышкары, АКШ Тажикстанга чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн “Puma” үлгүсүндөгү дрондорду жеткирип бере турган болгон. Буга чейинки 26 жылдын ичинде АКШ Тажикстанга 1,8 миллиард доллардык “жардам” берген.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги куралдуу кагылыштан кийин т.а. 2021-жылдын июнь айында Анкарага сапар кылды. Ошол сапардын алкагында Түркия Кыргызстанга аскерий-техникалык жардам бере турган болду. Ошентип, Кыргызстан Түркиядан “Байрактар” дрондорун сатып алды. Кыргыз өкмөтү да сатып алынган дрондорду чек араларды көзөмөлдөө жана күчөтүү жолунда пайдаланууда…

 Белгилүү болгондой, “бөлүп таштап, анан башкар” принциби негизинде саясат жүргүзгөн колонизатор мамлекеттер мусулмандар мамлекетин талкалап жок кылууда “улутчулдук” жана “мекенчилдик” пикирлеринен жемиштүү пайдаланышкан. Ушул пикирлер жардамында үммөттү бөлүп-жарып, майда мамлекетчелерге бөлүп таштаган соң, алардын ортосуна жасалма чек араларды тартып чыгышкан. Бул чек аралар тартылып жаткан кезде алар “кошуна” элдер ортосундагы кырдаалды ар дайым курч абалда кармап туруу үчүн чек араларда атайылап талаштуу аймактарды калтырып коюшкан. Советтер Союзу доорунда тартылган, атайын башаламан белгиленген чек ара аймактарындагы жаңжалдардан бүгүнкү күнгө чейин жүздөгөн жай тургундар каза болду жана мунун аягы көрүнө элек.

 Расмий өкмөттөр өз ара жолугушуп, чек ара маселелери боюнча макулдашып, аймактарды тактап алган күндө да колонизатор мамлекеттер бул көйгөйлөр биротоло чечилип кетишине жол беришпейт. Тескерисинче, алар каражат жана аскерий техникаларды берүү менен чек араларды бекемдөөгө, ортого тикендүү зым тартууга, эч ким өтө албай турган аңгектерди казууга үндөп келет.

 Негизи, чек ара көйгөйлөрү аны тактоо, ортого тикендүү зым тартып, бекемдөө менен эле чечилип калбайт. Бул көйгөйдүн бирден-бир чечими – бир Үммөт өкүлдөрү болгон мусулмандар ортосундагы жасалма чек араларды жок кылып, колонизатор кафирлер зээнибизге сиңирип койгон улутчулдук, мекенчилдик түшүнүктөрүнөн кутулууда жана бир байрак алдына биригүүдө. Бул болсо, Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ушундай болгон соң, биз эки дүйнө бактысына алып баруучу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here