Президент Эрдоган: Биз ЛГБТга каршыбыз!

3403
0

Президент Эрдоган: Биз ЛГБТга каршыбыз!

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган шайлоо кампаниясында сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттерди күчтүү мамлекетке айландыруучу факторлордун бири үй-бүлө экендигин белгилеп, атаандаштарын ЛГБТга ыктагандыкта айыптады. Эрдогандын айтымында, ал улуттун каалоосуна жана көрсөтүп жаткан багытына карап иш кылат. Атаандаштары болсо, адамгерчиликке жатпаган агымдарды колдоп, өлкөнүн утуштарына сокурдук менен чабуул кылышат.

“Биз ар бир маселеде ким эмне дегенине эмес, улутубуз эмнени каалап жатканына жана улутубуз бизге кандай багыт көрсөтүп жатканына карайбыз. Алар болсо, ЛГБТ тарапкерлери, ушундай эмеспи? Биз ЛГБТга каршыбыз. Анткени, биз үй-бүлөнүн ыйыктыгына ишенебиз. Алар ЛГБТ болууну улантышсын. Биз үй-бүлөбүздү бузбайбыз. Себеби, мамлекеттерди күчтүү мамлекетке айландыруучу нерсе үй-бүлө. Бул күчтүү үй-бүлөлөр ичинде ЛГБТга орун жок. Ошондуктан, 14-май ЛГБТ тарапкерлерине сабак берип коюу күнү болот”, – деди Эрдоган.

Комментарий: Адистердин айтымында, Түркияда ЛГБТлардын (лезбиянка,  гей,  бисексуал,  трансгендер) эң күчөгөн доору учурдагы президент Режеп Таййип Эрдогандын тушуна туура келет. Мисалы, 2003-жылы июнь айында биринчи жолу Ламбдаистамбул (ЛГБТ уюму) тарабынан Стамбулдун Истиклал көчөсүндө ЛГБТ “жүрүшү” өткөрүлдү. Бир аптага созулган “сыймык жумалыгы”нын акыркы күнүндө “Стамбул сыймыгы” деп аталган ЛГБТ жүрүшү уюштурулду. Ошондон бери жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан ушул шерменде жүрүшкө ЛГБТ өкүлдөрүнөн тышкары, маданият кызматкерлери менен саясатчылар да катышууда. “Сыймык жүрүшү” деп атап алышкан бузуктукка чакыруучу жүрүштөр маалында “Бизге көнүүгө мажбурсуңар” деп жар салышат. О.э. Түркияда ЛГБТ коомчулугу үчүн гей-барлар жана гейлерге тишелүү бизнес клубдар о.э. түрк ЛГБТлар арасында кеңири колдонулуучу өздөрүнө тиешелүү социалдык тармактар да бар.

2007-жылы Стамбул университетинде “ЛГБТ студенттердин” биринчи расмий коому түзүлдү. Бурсада “Gökkuşağı” ЛГБТ уюмунун негиздөөчүсү Ойку Эврен Озен 2007-жылы депутаттыкка талапкердигин койду. Кийинчерээк, ал эң көп добуш менен Бурса-Османгазы райондук жана провинциялык делегациясына шайланды. Бурса “Gökkuşağı” ЛГБТ ассоциациясы Түркиядагы трансгендерлердин укуктары боюнча биринчи расмий уюм болуп эсептелет. 2011-жылдын июнь айында Диярбакырда уюштурулган биринчи күрт ЛГБТ тобунун “Hevjin” маалымат бөлүмү “күрт гомосексуалдары жана транссексуалдары да бар” деген ураан астында жүрүш уюштурду. 2015-жыл, 7-июндагы парламенттик шайлоодо Элдик демократиялык партия тарабынан ЛГБТ укуктарын коргоочу активист Барыш Сулунун талапкердиги көрсөтүлдү. Булардын баары бийлик Эрдоган мырзанын колунда турган кезде болуп өткөн иштер. Бирок, Эрдоган өкмөтү бул иштерге каршы эч кандай чара көрбөдү. Болгону 2015-жылдын 28-июнунда уюштурулган он үчүнчү “Стамбул сыймык жүрүшүнө”  – бул жүрүш Рамазан айына туура келгени себептүү, коопсуздук жагын эске алып – Стамбул бийлиги тыюу салып койду. Жүрүшкө катышкан депутат Махмут Танал жана депутат Филиз Керестечиоглу тынчтык жүрүшүнө тыюу салынганына нааразылык билдиришти.

Президент Эрдогандын Түркияда ЛГБТ топторуна тыюу салмак тургай, зынага коюлган жазаны жокко чыгарышы күтүүсүз окуя болду. Андан соң, ал муну Батыштын талабы менен кылгандыгын ачык моюнга алды. Мындан тышкары, Эрдоган 2002-жылы ЛГБТ өкүлдөрү үчүн баарына тең мыйзамдарды жаратуу идеясын колдой тургандыгын белгилеп өзү катышкан телеберүүдө: “Гомосексуалдар да өздөрүнүн укук жана эркиндиктери алкагында мыйзамдуу камсыздалышы керек. Маал-маалы менен айрым телеканалдарда аларга каршы көрсөтүлө турган мамилени адамгерчилик деп билбейбиз”, – деген эле.

Булардан тышкары, ушул жийиркеничтүү топко ар түрдүү шарттарды түзүп бере турган жана алардын жийиркеничтүү иштерине мыйзамдуу түс бере турган “Стамбул келишимине” да 2011-жылдын 11-майында дал ушул Эрдоган өкмөтү кол койгон. Батыштын баалуулуктары негизинде түзүлгөн бул келишимге кол коюлгандан кийин гомосексуал бузуктарга ахлаксыз иш-аракеттерин жана бузукулугун жаюу үчүн кеңири майдан пайда болду. “Стамбул келишиминдеги” №6284-мыйзамга ылайык, ЛГБТ өкүлдөрү о.э. бир-бири менен достошкондордун  жана студенткалардын никесиз жуп болуп бир үйдө жашашы коргоого алынат. Бул келишимдин 3-беренесиндеги “б” бөлүмүндө аялдын аял менен, эркектин эркек менен никесин мыйзамдаштыруу сыяктуу үй-бүлө түзүлүшүнө бүтүндөй тескери болгон айрым түшүнүктөр киргизилген. Келишимдин 4/3 беренесинде жыныстык ориентация, жыныстык тандоолор жана ар кандай бузукулук мыйзам менен корголгон. Келишимде үй-бүлө түшүнүгү жок. Анда “эрди-катын” сыяктуу жынысты ажыратуучу сөздөрдүн ордуна “жуптар”, “биргеликте жашаган адамдар”, “шериктер”, “өмүрлүк жолдош”  сыяктуу сөздөр киргизилген. “Стамбул келишими”нин борборунда гендер түшүнүгү турат. Өкүнүчтүүсү, бул келишимде дин  жана ар-намыс зомбулуктун булагы катары көрсөтүлгөн. Үй-бүлөдөгү эркек өз аялынын же кызынын кийимине аралашса, бул зомбулук деп аталып, ал жазага тартылат. Ал тургай, коомдогу баалуулуктарды коргоо жана ЛГБТ кыймылын каралоо да кылмыш болуп эсептелет… Бул келишимден көздөлгөн максат ахлаксыз ЛГБТ тобун мыйзамдаштыруу экендиги көрүнүп тургандыктан, бул келишимди көптөгөн адамдар, анын ичинде интеллигенттер каралап чыгышты. Натыйжада өкмөт №6284-мыйзамды сөз жүзүндө жокко чыгарды, иш жүзүндө аткарылышы болсо уланууда.

А бирок, бул фактылар ЛГБТ маселесинде Эрдогандын атаандаштарын актоо маангисин түшүндүрбөйт. Себеби, алар да ЛГБТга жан тартууда Эрдогандан ашса ашат, бирок кем калышпайт. Мындай адепсиздиктерди жок кыла турган башкаруу түзүмү Халифалык мамлекетинде гана бар. Ошондуктан, мусулмандар 14-майдагы шайлоого алаксып калуудан же “эки зыяндын жеңилин тандоо” коидасын орунсуз иштетүүдөн алыс болушу, булардын бардыгын четке сүрүп коюп, Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылышы керек.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here