Африка жана эл аралык күрөш

3942
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Африка жана эл аралык күрөш

 Доктор Абдуллах Насир – Иордания вилаяты

Коронавирус кризиси учурунда француз дарыгерлеринин бири каналдардын биринде сүйлөп, африкалыктарды кемсинтип, аларды жек көрүшүн билдирип: «Бул вирусту маскалар да, дарылоо да, интенсивдүү терапия да болбогон Африкада изилдебейлиби, акыры, СПИД жөнүндө изилдөөнү да ошол жерде жүргүзгөнбүз го?», – деген.

Бул – Франция Африка континентин колония кылууда пайдаланган жана адамдарды кул же лаборатория чычкандарына айланткан жийиркеничтүү колонизаторлук көз карашы. Он алтынчы кылымдын ортолорунда Африкада Франция империясы пайда болуп, отуз жыл ушул кара континенттин жарымын ээлеп алган, бул доордо көптөгөн Африка мамлекеттерин көз каранды кылып алып, байлыктарын талап-тоноп, элин кул кылды, француз тилин жана маданиятын зулум жана зомбулук менен кеңири жайды. Франция бул калктарга «өз жашоосун өздөрү башкара албай турган жана иштерин тартип менен башкарууда ак түстүүлөргө муктаж болгон кулдар» деген этибарда карады.

Бул жырткыч кандуу колонизаторлук Африка калктарынын эсинде кара күндөрдү түбөлүк мөөрлөп койду. Бул кара күндөр адамдарды кул кылып сатуу, массалык өлтүрүү, байлыктарын талап-тоноо жана үй-жайларын ойрон кылып, өрттөө болду. Кантинентте Франциянын аскерий базалары, дипломатиялык өкүлдүктөрү жана активдүү компаниялары сыяктуу рычагдары бар. Бул рычагдар Африканын президент жана премьер-министрлеринин 22синин өмүрүнө кол салды, ушуну менен Франциянын кызыкчылыгы камсыздалышына салым кошту. Бирок, таасир талашуу аймактар үстүндө Франция менен Британия ортосунда күрөш жүрүп жатканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка кубаттуу колонизатор болуп чыга келди. Анын умтулуулары, айрыкча, Европа мамлектетеринен айырмаланып, материалдык кубатка жана күчтүү экономикага ээ экендиги көз каранды жана малай мамлекеттер жаңы колонизаторго жүздөнүшүнө себеп болду. Бул болсо, мамлекеттерде, алардын катарында Африкадагы мамлекеттерде Америка таасирин орнотуу үчүн аскерий төңкөрүштөр же Америка тарабынан колдоп-кубатталган куралдуу козголоңчу кыймылдар аркылуу ишке ашты.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан баштап Франция Американын басымдарын жеңилдетүү үчүн анын колониясындагы мамлекеттерге жасалма эгемендүүлүк берүүгө мажбур болду. Себеби, Америка ага басым кылып, эски колонияларынын ордун ээлөө үчүн ал жердеги калктарды эгемендүүлүктү талап кылууга тукурду. Бирок, Франция бул эгемендүү мамлекеттерди коопсуздук, экономикалык жана маданий тармактарда – «Франкфония» (Француз тилинде сүйлөшкөн мамлекеттердин уюму) келишими жана «Франк КФА» (Франциянын Африкадагы акча бирдиги) союзу сыяктуу – келишимдерди түзүү менен өзүнө байлап алууга жетишти. О.э. Франция бул мамлекеттерди өз кирешелеринин 85 пайызын Франция Борбордук банкынын көзөмөлүнө өткөрүүгө мажбурлай алды.

Ушуга көңүл буруу зарыл, өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тартып жана француз колонизаторлугунун ийгиликсиздиги натыйжасында Франция Африканын көптөгөн мамлекеттериндеги куралдуу козголоңдорго каршы тура албады, ал жердеги экономикалык, коопсуздук жана гуманитардык абалды көзөмөлдөн чыгарып жиберди. Ал эми, Америка өз көзөмөлүн күчөтүү, ал жерлердеги баалуу жана сейрек кездешүүчү кен байлыктарды жеке өзү талап-тоноо жана Америка менен дүйнөлүк жетекчилик үчүн күрөштө маанилүү күч болууга умтулуусун токтотуу үчүн Францияны колонияларынан чыгарууга олуттуу кадамдарды таштады. Айрыкча, Франция АКШдан көз карандысыз Европа аскерий күчүн түзүү, НАТО менен кызматташууну токтотуу о.э. бирдиктүү валюта аркылуу Европанын экономикалык өз ара байланышын бекемдөө зарыл экендигин ачык айтып келе жаткан. Франциянын бул жана башка аракеттери аны менен АКШнын ортосундагы күрөштүн жалындашына жана бир нече Африка мамлекеттери жана калктары ушул оттун күйүүчү майына айланышына себеп болду.

Америка Мали, Буркина-Фасо сыяктуу бир нече Африка мамлекеттеринен Франциянын таасирин чыгарууга жетишти. Америка бул иште элдин нааразылыгынан жана азаттык каалоосунан пайдаланып, азат болуу, адам укуктарын коргоо сыяктуу анын курулай сөздөрүнө ишенген жана өлкө-жаранга АКШнын өкүмдар болушуна ыраазы болгон аң-сезимсиз жана акылсыз рувайбизаларды ишке салды.

Бир тарапта АКШ, экинчи тарапта эски колонизаторлор болгон Британия менен Франция ортосундагы бул күрөш бүткүл Африка бойлоп күч алууда. Ал тургай, бул мамлекеттер ал жердеги мамлекеттерди түздөн-түз басып алышпаган болбосо да, бирок, мамлекеттеги саясий, аскерий, экономикалык, маданий, маалымат жана башка маанилүү тармактарда өз таасирин жаюуну малайлардын колу менен ишке ашырууга аракет кылышууда. Бул малайлар мамлекет үчүн эң кооптуу адамдар эсептелип, баскынчы армиядан да кооптуу. Себеби, баскынчы ушул малайларга көңүл буруп, ошолордун артына жашынышат, өз кызыкчылыктарын алардын жардамында ишке ашырышат, баскынчыга каршы чабуулдарда да ушул малайлардан калкан катары пайдаланат. Аллах Таала айтат:

﴿هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ﴾

«Алардан этият болгун! Аларды Аллах наалаттайт! Алар кандай гана адашууда ээ!» [63:4]

Тарых жана учурдагы колонизаторлуктун маңызы мына ушундай. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдардагы Франция президенти Шарль де Голль айткандай, мурун Франция Африка өпкөсү менен дем алып келген. Ал эми, бүгүнкү күндө жаңы колонизаторлук үчүн мүмкүнчүлүк пайда болуп жатат. Т.а. саясий келесоолугу себептүү Россия сыяктуу башка оюнчулар эл аралык сахнада өз ордуна ээ болуу үмүтүндө көптөгөн Африка мамлекеттеринде Америкага кызмат кылуу үчүн сахнага чыгууга даярданышууда. Эгер, экономикалык таасирин күчөтүүгө умтулуп жаткан Кытайда да эл аралык позицияга олуттуу таасир көрсөтүүгө умтулуу болсо, кийинчерээк ал да АКШ кызыкчылыгына кызмат кылат. Ага карабастан, Кытайдын бул таасири эски колонизатордун ыраазылыгы менен, андан «балким, ушул региондогу күрөштү жеңилдетет» деген үмүттө болот. Анын үстүнө, Европа мамлекеттери ортосунда да ушул өлкөлөрдүн байлыктарын талап-тотноо жана жарандарын кул кылуу үстүндө күрөш орун алган. Бул Аллах Тааланын ушул аятынын тастыгы:

﴿تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ﴾

«Аларды биримдүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери»                                                                                         [59:14]

Арамза кимселерди сатып алуу оңой. Себеби, алар өз өлкөсүн жана жарандарын сатып болсо да бийликке келүү жана кызматка ээ болуу үчүн ал же бул колонизатор менен кызматташууга ар дайым даяр турушат. Алар эгемендүү болуу жолун билишпейт жана бийликке келип, ал жерде калуу үчүн ар дайым чет элдик жардамды издешет. Алардын арасында көз карандысыз акыл жана пикир, эрк ээлери жок. Өлкөнү кандай башкаруу жана чет элдик күчтөрсүз өнүктүрүүнү билген аң-сезимдүү мабдаий адамдар жок.

Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн башына түшкөн мусибат – бул кызматты өлкөсүнөн жана элинен абзел көргөн малай өкүмдарлар! Демек, мусулмандардын мойнунда өз өлкөсүндөгү колонизаторлорду мына ушундай малай куурчактары менен бирге жок кылуу үчүн чынчылдык жана калыстык менен аракет кылып, исламий жашоону кайрадан баштоо вазыйпасы турат. Мына ошондо, Хаким Азиз Зат Куръани Каримде:

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер» [3:110]

деп айткандай, Ислам Умматы мурунку макамын кайрадан ээлейт.

Армия сабындагы перзенттерибизден жана ага-инилерибизден турган күч-кубат ээлеринин жоопкерчилигинде учурдагы колонизаторлор бири-бири менен алек болуп турган роббаний учурду канимет билүү вазыйпасы турат. Алар бул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, рувайбиза жетекчилерди коргоону токтотушу керек. Умматтын айланасында биригип, алардын кулдуктан чыгуу умтулуусун колдоп-кубатташы, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү менен биргеликте жеңиш-үстөмдүк долбоорун көтөрүп чыгышы о.э. улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын жетекчилигиндеги ушул долбоорго нусрат бериши керек. Балким, Аллахтын уруксаты менен, бул дүйнө жана Акыретте Аллахтын ыраазылыгына жетишерсиңер.

 

Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here