Реалдуулуктагы кушкабарлар жана аракет кылуунун фарз экендиги

820
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Реалдуулуктагы кушкабарлар жана аракет кылуунун фарз экендиги

 Устаз Ахмад Хутваний

Халифалык хижрий 1342-жылы ражаб айында расмий түрдө кулатылды. Биз учурда хижрий 1444-жылдын ражаб жана шаъбан айларынан өтүп, Рамазанга келдик. Бул болсо, Халифалыктын кулатылганына 102 жылдан ашканын түшүндүрөт. Бул доордо мусулмандар Халифалыктын жок болгондугунун натыйжасында көптөгөн мусибаттарды, жеңилүү жана кырсыктарды башынан өткөрүштү. Аларга куфр мыйзамдары өкүмдар болуп, жахил, фажир жана рувайбиза малай өкүмдарлар өкүм жүргүзүштү.

Ислам Умматы караңгылыкта калды… Жыйырманчы кылым Ислам өкүмдөрү бекер кылынып, бактысыздык, кыйроо, бөлүнүү, ал тургай, колонизатор кафирге көз каранды болуу сыяктуу белгилери менен башка кылымдардан өзгөчөлөнүп турду… Бул кылым бүткөн соң, ушул узак жылдардагы караңгылык уйкусунан кийин азыр мындай суроолор ортого чыгууда: ойгонууга үмүт барбы? Исламдын жетекчилик жана кожоюндукка экинчи ирет кайтышы үчүн жарык нур көрүнүп жатабы? Өтө созулган караңгы түндөрдөн кийин мусулмандарга жаңы жаркыраган таң атып жатканына далалат кылган жана анык көрүү мүмкүн болгон бул башараттар – эгер алар чынында эле реалдуулукта болсо – кана?

Соңку эл аралык окуяларга жана саясий жаңылыктарга назар салган киши реалдуулукта көңүл бурууга жана пикирлөөгө ылайык өзгөрүүлөр болуп жатканына күбө болот. Ыктымал, бул окуялар Ислам нусратынын себептерин даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин алдын ала көрүп кубанышыбызга жараса, ажеп эмес. Бул окуяларды төрткө бөлсөк болот:

Биринчи: эл аралык күрөш.

Эл аралык күрөш жалыны ири мамлекеттер ортосунда дагы да күчөп жатат жана чоң мамлекеттер ортосунда үлкөн жаракаларды пайда кылып, алардын ресурстарын түгөтүп жатат. Буга Украина согушу ачык-айкын мисал болсо керек.

Экинчи: боштук жана кыйроо абалы.

Бул абалда Америка жана чоң мамлекеттер бир катар маселелер боюнча стратегиялык чечим кабыл алалбоо даражасына жеткендиги көрүнүп турат. Америкада Демократтар менен Республикачылардан турган эки партия ортосунда бөлүнүү жүз берди жана бул бир мамлекетти эки мамлекете айлантты. Эки партия бири-бири менен күрөшүп, ушундай бир жолдор менен атаандашып жатышат, бул жолдор эски рамкадан бүтүндөй чыгып кетти. Абал абдан чаташып кетти, бул кээ бир малай өкүмдарларды, мисалы, Америка мамлекетине эмес, ушул эки партиянын бирине дос болууга үндөп жатат. Маселен, Саудия өкүмдары Мухаммад бин Салман АКШдагы өкүмдар Демократтар партиясы жетектеген администрацияга дос болуунун ордуна, өкүмдар болбогон Республикачылар партиясын дос тутуп жатат.

Бул абал Американын дүйнөдөгү оброю силкинишине алып келди. Силкинүү Европа Союзунун мамлекеттерин, Россия жана Кытайды да четте калтырбады. Аларды тагдырий маанилүү маселелерди да чече албай турган чаташ абалга салды. Эми, бул мамлекеттер проблемаларды «реалдуулукту өзгөртүү шарт» деген мааниде чечпей, тескерисинче, «реалдуулукка көнүү керек» деген мааниде чечип калды.

Ушул мамлекеттерде экономикалык абалдын жамандашканын да айта турган болсок о.э. жумушсуздук көбөйүп, өсүү төмөндөп, инфляция жана баалар жогорулап, карыздарлык сезилээрлик даражада көбөйүп жатканын да кошумчалай турган болсок, бул абал аларды улам-улам жаралып жаткан саясий жана экономикалык кризистерге каршы тура албай турган, кескиндикти токтото албай турган күчсүз жана кыймылсыз абалда жашоого мажбур кылууда деп айтсак болот.

Үчүнчү: адамдардын жалпы туруксуздукту сезип жаткандыгы.

Адамдарда жалпы туруксуздук сезими пайда болду. Буга үй-бүлөнү кыйратып, бузулууга алып келген залим социалдык кризистер себеп болууда. Токтобой жаткан бул кризистер адамдын табияты кабыл албай жаткан бузгунчу түшүнүктөрдүн жайылышынын жана алар болуп көрбөгөндөй үгүттөлүп жатканынын натыйжасында келип чыгууда. Акыбетте, бул кризистер коомдо туруктуулук жана кадыржамдыктын бүтүндөй жоголушуна алып келди. Экономикалык кризистердин бузгунчу капитализм себептүү бардык өлкөлөргө кеңири жайылганынын коркунучу да социалдык кризистердин коркунучунан аз эмес.

Төртүнчү: адамзат проблемаларын чечүүгө Исламдын кудуреттүүлүгүнө болгон ишенимдин күчөп жаткандыгы.

Ислам бардык проблемаларга каршы туруп, аларды оңой чечүүгө кудуреттүү жана бүткүл дүйнөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ деген мусулмандардагы ишеним такай күчөп жатат. Ушул даражада күчөдү дейсиң, чоң мамлекеттер Ислам Умматы аларга көз каранды болуудан чыгууга олуттуу кадамдар менен бара жатканын түшүнүп турат.

Мына, бүгүн Буркина-Фасо, Кот-д’Ивуар, Мали жана Борбордук Африка сыяктуу кичине, күчсүз жана жакыр мамлекеттер Франция алардын өлкөсүн чыгып кетишин талап кылып жатышканын, ондогон жылдардан бери эзип келе жаткан жеп тойгус колонизаторлордон азат болууну каалап жатышканын көрүп турабыз.

Булар кубандырган маанилүү реалдуулук жөнүндөгү сөздөр. Ал эми, мусулмандардан талап кылынып жаткан вазыйпаларга келсек, ал эки талаптан турат:

Биринчи талап: аракет кылууга тоскоолдук кылып жаткан кооп-коркунучтарды жоюу үчүн адамдарга акыйдадан келип чыккан түшүнүктөрдү берүү:

Түшүнүктөрдү, өзгөчө акыйдадан келип чыккан түшүнүктөрдү берүү абдан маанилүү, бул үчүн ушул эки кооп-коркунучту жоюу зарыл:

1)   Дүнүйө менен алек болуу жана дүнүйө ташбиштерине байланып калуу. Албетте, дүнүйөгө берилүүгө оор экономикалык абал о.э. көпчүлүктүн жашоо таризин капиталисттик түшүнүктөр ээлеп алгандыгы себеп.

2)   Адамдар жашоодо чыныгы жана түпкү өзгөрүүлөрдү жасоого үмүтсүздүккө түшүүсү.

Экинчи талап: нусратка жетүү үчүн зарыл иш-аракет менен алектенүү өтө маанилүү экенин көрсөтүү:

Баса белгилеп айтсак, ойгонууга себеп болгон иш-аракетти кылуу жана аларды туура жол менен аткаруу нусратка алып барат. Демек, ушул иш-аракетти таптакыр токтотпоо керек. Себеби, иш-аракетти токтотуу – багынуу жана алсыздык. Ошондой болгон соң, болгон күчтү жумшоо, астейдил, мыкты даярдык көрүү, аракет үчүн зарыл болгон жамаий түшүнүктөрдү сунуштоо, андан кийин бул түшүнүктөрдү желкеде көтөрүп адамдарга жеткирүү зарыл. Муну менен, коомдо жалпы аң-сезимден келип чыккан коомдук пикир жүзөгө келип, идеологияны коргой турган жана кучагына ала турган күчтүү элдик колдоо жаралышы керек. Булар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн кылынат.

Унутпашыбыз керек, жада калса Аллах тарабынан муъжизалар менен колдоп-кубатталган анбиялардан да ал муъжизалары ишке ашышы үчүн аракет талап кылынган. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى إِذِ اسْتَسْقَاهُ قَوْمُهُ أَنِ اضْرِب بِّعَصَاكَ الْحَجَرَ فَانبَجَسَتْ مِنْهُ اثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْناً﴾

«Мусанын коому андан суу сураганда (Биз ага): «Таягың менен ташты ургун!» – деп вахий жибердик. Анан, андан (таштан) он эки булак атылып чыкты»                                  [7:160]

﴿فَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنِ اضْرِب بِّعَصَاكَ الْبَحْرَ فَانفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍ كَالطَّوْدِ الْعَظِيمِ﴾

«Биз Мусага: «(Таягың менен) деңизди ургун», – деп вахий жибердик. Анан (деңиз) бөлүнүп, ар бир бөлүк (суу) бийик тоо сымал болду»                                                                                            [26:63]

Андыктан, нусратка алып барчу иш-аракеттер менен алектенүү канчалык зарыл экенин көрсөтүү керек.

 

Роя гезити, №432, 2023-жыл, 1-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here