Аялдардын жана балдардын саламаттыгы

2069
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

 Бисмиллахир рохманир рохиим

 Адамдардын саламаттыгын сактоо профилактикасы

Аялдардын жана балдардын саламаттыгы

  Бүгүнкү күндөгү глобалдык капиталисттик түзүм шартында жакыр мамлекеттерде аялдар жана жаш балдардын өлүмү – саламаттыкты сактоого жетиштүү амал кылынбаганы себептүү – кабыл алынгыс деңгээлде жогору бойдон калууда. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2017-жылы кош бойлуулук жана төрөт маалында, же андан кийин 295 миң аял каза болгон. Бул өлүмдөрдүн көпчүлүгү (94%ы) ресурстары аз болгон аймактарда катталган. 2018-жылы дүйнөлүк масштабда божомол кылынган энелер өлүмүнүн 76 %ы (240 000)    Сахаранын түштүгүндөгү Африка мамлекеттерине о.э. Түштүк Азия мамлекеттерине туура келген.

 Ислам болсо, турмуш куруу, балалуу болуу жана көбөйүүгө чакырат. Ушуга ылайык, энелердин кош бойлуулукка чейинки, кош бойлуулук учурундагы жана андан кийинки саламаттыгы көзөмөлгө алынат. Жаш балдардын саламаттыгын сактоого, балагатка жеткенге чейин алардын ден соолукта өсүшүн үзгүлтүксүз күзөтүп барууга көңүл бурулат. Кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн бөбөктөр жана балагатка жете элек жаш балдардын ден соолугу үгүлтүксүз күзөтүлөт. Ал үчүн ар бир калктуу пунктта “Эне жана баланы коргоо”  борборлору уюштурулат. Ал борборлор дарыгер, медайым, диетолог жана социалдык кызматкерлерден туруп, алардын бардыгы кош бойлуу аялдардын, жаш балдардын саламаттыгы жана жалпы саламаттык боюнча кошумча тажрыйбага ээ болушат. Ал борборлор алгачкы жана негизги саламаттыкты сактоо борборуна караштуу болушат. Ар бир борбор бардык аялдар менен жаш балдарды маалыматтар базасына жайгаштырат о.э. алардын ден соолугуна жоопкер болушат.

“Эне жана баланы коргоо” борборлорунун милдеттери:

1 – эмдөө аркылуу жана кийинки эмдөө дозаларын кабыл алууну күзөтүп баруу аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу.

2 – маал-маалы менен текшерүүлөрдөн өткөрүү аркылуу саламаттык көйгөйлөрүн эрте аныктоо.

3 – коомдогу саламаттык көйгөйлөрүн күзөтүп баруу жана зарыл болгон чараларды колдонуу.

4 – саламаттыкты жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга кеңеш берүү о.э. көбөйүүгө шыктандыруу.

  Турмушка чыккан жана боюнда боло элек аялдарга келсек, саламаттыкты сактоо мекемелери массалык түшүндүрүу иштери, көрсөтмөлөр, фильмдер о.э. эне жана баланы борборлору тарабынан таратыла турган татыктуу каражаттар аркылуу аялдарга тиешелүу көйгөйлөр жөнүндө о.э. төрөт жараянына даярдык көрүү жөнүндө маалымат жана түшүнүктөрдү берип турушат. Ушул бардык материалдардын чыгарылышы Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын тажрыйбалуу тобу тарабынан көзөмөл кылынат. Бир эле убакта түшүнүктүү жана пайдалуу маалыматтар берилет. Топтун мүчөлөрү ар бир вилаят жана аймактагы үрп-адат жана салттардын өзгөчөлүктөрүн да этибардан четте калтырышпайт. Ушул көрсөтмөлөрдүн максатка ылайыктуу экендигин жана алар аялдардын аң-сезимине жетип барышын тынымсыз күзөтүп турушат.

  Эне жана баланы коргоо борборлору кош бойлуулук жараянында энеге же балага таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон ооруларды күзөтүп барышат жана дарыланууну сунушташат же зарыл болгон кеңештерди беришет. Халифалык мамлекетинде аялдардын саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулат. Аял затына мындай көңүл буруу алгач хулафаи рошидиндер доорунда пайда болгон. Риваяттарга караганда, Умар ибн Хаттоб р.а. жесирлердин,  улгайган аялдардын жана күйөөлөрү жихадда жоголуп кеткен же шейит болуп кеткен аялдардын муктаждыктарын камсыздоого умтулат эле. Ошондуктан, мамлекет кош бойлуулук жараянында жана кош бойлуу болбогондо да, мисалы, көкүрөк бездеги рак оорусун эрте аныктоо үчүн мезгилдик текшерүүлөр сыяктуу аялдардын саламаттыгын топографиялык текшерүүдөн өткөрүүнү, текшерүүлөр саясатында биринчи орунга коёт. О.э. мамлекет аялдарды  төрөт маалында жана андан кийинки акушерлер менен камсыздоо милдетин да моюнга алат.

  Халифалык мамлекети аялдардын саламаттыгы боюнча жетиштүү сандагы адистерди даярдоо боюнча иш алып барышы керек. Шарият өкүмдөрүнө ылайык, эркектер аялдарды жана аялдар эркектерди дарылашы мүмкүн болсо да, бирок, аялдарды дарылоо жана аларды көзөмөл кылуу иштери менен аялдар алектенгени абзел. Ошондуктан аялдардын оорулары боюнча, эне жана баланын саламаттыгы жаатында жетиштүү сандагы аял адистерди даярдап чыгарышы зарыл. Буга кошумча, Халифалык мамлекети мусулман мамлекеттериндеги төрөт маалында же андан кийинки кан кетиши же инфекция жугушу сыяктуу энелер өлүмү абалдарын кеңири үйрөнүп чыгышы о.э. бул абалдарды жоюуга аракет кылышы керек болот. Балдар төрөлө элек эмбрион абалынан баштап, төрөлгөнгө чейин жана төрөлгөндөн кийин да Саламаттыкты сактоо мекемесинин көзөмөлү жана коргоосу алдында болушу керек. Ал үчүн терапевтик көзөмөл жүргүзүлөт. Эненин курсагындагы баланын өсүшү жана анын азыктанышы текшерилет. Төрөлгөндөн кийинки балдарды эмдөө иштери аткарылат жана бул эмдөө эң жакшы саламаттыкты сактоо нормаларына туура келиши керек болот.

Эмгек жараянында саламаттыкты сактоо жана коопсуздук

  Жумуш убагында саламаттыкты сактоо – бул мамлекеттеги жумушчу, кызматчынын ден соолугун, саламаттыгын жана коопсуздугун камсыздоого тиешелүү болгон тармак. Жумушчу же кызматчынын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыздоо болсо, даяр продукциялар о.э. ушул продукцияларды даярдоодо колдонулуучу техникалар, пайдаланылган материалдар жана бул материалдардан даярдалган продукциялар коркунучун азайтуу, жумушчуларга жумуш орундарынын коркунучун азайтуу, ар түрдүү окуялар жүз беришин жана жумуш ордунан чыга турган ооруларды азайтуу аркылуу о.э. жумушчуларга тынчсызданбай иштешине шарт түзө турган шарттарды түзүп берүү аркылуу болот. Эл аралык Саламаттыкты сактоо уюмунун 2009-жылдагы отчётунда келишинче, жыл сайын болжол менен бир миллион адам эмгек шарты себептүү өлөт. Дем алуу органдарынын ооруларына алып баруучу азбест, кооптуу химиялык заттар, биологиялык коркунучтар жана чаңдар сыятуу зыяндуу заттар мына ушул начар эмгек шартары түркүмүнөн.

  Жумушчулардын саламаттыгын сактоо Халифалыктын саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү эң маанилүү фактор. Мамлекет ар кандай жумуш берүүчүдөн кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын түзүп берүүнү талап кылышы керек. Анткени, кызматкерлер жисманий же рухий оору коркунучуна дуушар болбошу керек жана эртели-кеч ооруп калууга себеп боло турган заттарга дуушар болбошу керек. Халифалык мамлекетинде Хисба аппараты эмгек шарттарын көзөмөлдөйт.  О.э. ал иш чөйрөсүн, алардын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынан даярдалган техникалык стандарттарга туура келишин көзөмөлдөйт. Мамлекеттин бул талабы зарыл абалдарда өздүк коргоочу каражаттарынан пайдаланууну о.э. өрт, жарылуу же зыяндуу заттарга дуушар болуу сыяктуу ден соолукка коркунуч туудуруучу коркунучтарды азайтуу үчүн зарыл болгон чараларды колдонууну да камтыйт. Бул чаралар эгер керек болсо, айрым оорулар менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон кесиптердин айрым түрлөрүндө, мисалы курулуш иштери, боёк жана боёкторду чыгаруу, кир жуучу каражаттар жана ушулар сыяктуу өпкө ооруларына алып бара турган чаңдар боло турган тармактарда иштеген жумушчуларды көзөмөлдөп барууну да камтыйт.

  Мындай саясаттын шаръий негизи мамлекеттин ө калкы алдындагы жоопкерчилигине курулган о.э. адамдарга зыян жеткирбестик талаптарына негизделген. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ مَنْ ضَارَّ ضَارَّهُ اللَّهُ وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ

  “Зыян жеткирүү да, зыян тартуу да жок. Кимде-ким бирөөгө зыян жеткирсе, ага Аллахтын өзү зыян жеткирет. Кимде-ким бирөөнү машакатка салса, аны Аллахтын өзү машакатка салат”. Набий саллоллоху алайхи ва саллам жумушчу, кызматкерге такаатынан ашыкча иш тапшыруудан кайтарган. Ошондуктан жумушчудан аткара албай турган же аны кыйнай турган иш талап кылынбайт. Муслим өз “Сахих”инде риваят кылат. Набий саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

للمملوكِ طعامُهُ وكسوتُهُ، ولا يُكَلَّفُ من العملِ إلا ما يطيقُ

  “Мамлук-жумушчу, кызматчы жеп-ичирилет жана ага кийим-кече кийгизилет. Ага такааты жете турган иш гана буюрулат.” Ошондуктан мамлекет мухтасиби жумуш берүүчүлөр менен жумушчу жалдоочуларды жумушчу жана кызматкерлерге чектен ашык иш жүктөөдөн же аларды ден соолугуна зыян жеткире турган иштерге мажбурлоодон кайтарат. Кудум ушундай эле, мухтасиб кооп-коркунучтан сактануу жана зыян жетишинин алдын алуу максатында жумуш берүүчүнү же ижарачыны коопсуздук нормаларын сактоого о.э. эмгек шартында кооп-коркунучтарды азайтууга мажбурлайт.

Топографиялык текшерүү – бул оорунун белгилери болбогон адамдарда ооруну аныктоо максатында жалпы калк үчүн өткөрүлө турган текшерүү (топографиялык анатомия – анатомиянын адам органдарынын кандай жайгашкандыгын о.э. кан тамырларына, нервдерге байланышын үйрөнүүчү бөлүм). Адаттагы медициналык кароодон айырмалуу түрдө, топографиялык текшерүү эч кандай оорунун белгилери болбогон адамдарда өткөрүлөт. Бирок, бул текшерүү ыйгарым-укуктуу саламаттыкты сактоо бөлүмү “ушул текшерүү жашыруун ооруларды аныктоого жардам берет” деп эсептеген абалда гана  ишке ашырылат.

Ал эми топографиялык текшерүүлөрдүн максатына келсек, ал коомдогу ооруну эрте аныктоодон турат. О.э. бул текшерүү оорунун кыйынчылыгын азайтууга жана дарылоонун ийгилигин ашырууга мүмкүнчүлүк жаратат. Мисалы, жаңы төрөлгөн бөбөктөр үзгүлтүксүз “feniketonuriya” (PKU) үчүн сыноодон өткөрүлүшөт. Бул азыктык аралашуусуз аклий алсыздыкка алып бара турган абал. Бул аркылуу көптөгөн бөбөктөрдүн өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Халифа саламаттыкты сактоо башкармалыгынын адистери менен кеңешкен абалда, ушул топографиялык текшерүү программалары ыктыярдуу же мажбурий болушу тууралуу чечим кабыл алат.  Калк мындай текшерүүдөн өтүүгө мажбурланбайт. Болгону, эгер “адамдардын текшерүүдөн өтүүнү четке кагышы натыйжасында башка адамдарга да зыян жетет” деген коркунуч болсо, мындай абалда

لا ضرر و لا ضرار

“Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок ”, деген хадис, шаръий коида негизинде зыянды жоюу үчүн адамдар кароодон өтүүгө мажбурланышат.

Ооз жана тиштердин саламаттыгы

Ооз көңдөйү саламаттыгынын дүйнөлүк программалары “ооз көңдөйү саламаттыгы умумий саламаттыктын ажырагыс бир бөлүгү болуп, бул жашоонун сапатын белгилөөчү фактор” экендигин баса белгилешет. Ооз, бүйлө жана тиш оорулары кеңири жайылган көйгөй болуп эсептелет. Өнөржайы өнүккөн ири мамлекеттердеги мектеп окуучуларынын 60-90 % жана чоңдордун да ири бөлүгүнүн тишинде кариес бар. Кудум ушундай абал бүйлө ооруларына да тиешелүү. Тиш оорулары азап жана ооруларга алып барат. О.э. ал сүйлөөгө жана анын жакшылыгына таасирин тийгизет. Ооздун жытын бузат жана адамдын чырайын өзгөртөт. Мындан тышкары, ал чайноо жана тамактанууда көйгөйлөрдү пайда кылат. Ислам ооздун саламаттыгына жана анын тазалыгына көңүл буруп, аны сактоого чакырат. О.э. муну Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүүгө байланыштырды. Расулуллах с.а.в. Ахмад, Нисаи, Ибн Мажжа, Ибн Хазима риваят кылган жана Нававий сахих деген хадисте айтат:

السِّواكُ مَطهَرةٌ للفَمِ، مَرْضاةٌ للرَّبِّ

Мисвак оозду тазалайт жана Жаратуучуну ыраазы кылат”.

Расулуллах с.а.в. дагы айтат:

لولا أن أشُقَّ على أمَّتي لأمَرتُهم بالسِّواكِ مع كلِّ صلاةٍ

“Эгер  үммөтүмө оор болуп калат деп чочулабаганымда, ар бир намаздын алдында мисвак колдонууну милдет кылар элем”. Бухарий жана Муслим риваяттары.

لولا أن أشُقَّ على أمَّتي لأمَرتُهم بالسِّواكِ عند كلِّ وُضوءٍ

“Эгер  үммөтүмө оор болуп калат деп чочулабаганымда, ар бир намаздын алдында мисвак колдонууга буюрат элем”. Бухарий риваяты. Бүгүнкү күндө мусулмандар арасында даарат учурунда мисвак колдонуу кеңири жайылууда. Хадистер Ислам дини пайда болору менен өздүк гигиенага, оозду таза сактоо үчүн мисвактын ролуна кандай маани бергендигине ишара кылат. Риваяттарга караганда, Расулуллах с.а.в. өлүм төшөгүндө жатканда жубайынан тиштерин мисвак менен тазалап коюуну суранды жана бул иш Расулуллах с.а.в.дын бул дүйнөдө кылган эң акыркы иши болду. Ушундай болгон соң, анан кантип тиштердин саламаттыгын жана ооз көңдөйү саламаттыгын сактоо Халифалык мамлекетинин саламаттыкты сактоо саясатындагы эң негизги бөлүк болбосун!

Чындыгында, Ислам мусулмандан жамаат намазына – жагымсыз жыт менен боордошуна азар бербеши үчүн – сарымсак жана пияз жеп баргандан кайтарды. Бухарий риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в. айтат:

مَنْ أَكَلَ ثُومًا أَوْ بَصَلًا فَلْيَعْتَزلْنَا، أَوْ فَلْيَعْتَزلْ مَسْجدَنَا

“Кимде-ким сарымсак же пияз жеген болсо, бизден четте турсун, же мечитибизден да четте турсун”. Ооз жана тиштерге көңүл бурбастык алардын жыты бузулушуна жана табигый түрдө бул жыттан мусулмандарга азар жетишине алып барат.

Халифалык мамлекети жаш балдарды акысыз стоматология менен камсыздашы керек. Мамлекет маал-маалы менен бардык жарандардын, айрыкча, тиштердин саламаттыгын күзөтүү, оорулардын жана эрте чиришинин алдын алуу, дарылоо үчүн мектеп таалиминин түрдүү баскычтарындагы балдардын ооз көңдөйүн текшерип турушу керек. О.э. Халифалык мамлекети алгач Исламдын тийиштүү өкүмдөрүн үйрөтүү аркылуу, андан соң адамдарга ооз көңдөйү жана тиш саламаттыгынын мааниси о.э. аны кантип сактоо жөнүндөгү маалыматтарды камтыган массалык маалымат компаниялары аркылуу, ооз көңдөйүнүн гигиенасы жана тишти сактоонун маанилүүлүгүн үйрөтүүгө көңүл бурушу керек. Тиштерди сактоо жана алардын оорушу деңгээлин азайтуу саясатын колдонушу керек.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here