АКШнын кызыкчылыгы үчүн Суданда мусулмандар өлтүрүлүп жатат

713
0

АКШнын кызыкчылыгы үчүн Суданда мусулмандар өлтүрүлүп жатат

Судандын борбору Хартумда жана башка шаарларда жүз берген куралдуу кагылыштарда өлгөндөр менен жарадар болгондордун саны өсүп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Башкы директору Тедрос Гебрейесус глобалдык саламаттыкты сактоонун көйгөйлөрү боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Гебрейесустун билдиришинче, Суданда уланып жаткан кагылыштан өлгөндөрдүн саны 270ке жеткен жана 2600дөн ашык адам жарадар болгон. Өлгөндөрдүн арасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 3 кызматкери да бар.

Куралдуу кагылыш генерал Абдулфаттах ал-Бурхан башында турган Судан армиясы менен генерал Мухаммад Хамдан Даклу башында турган ыкчам аракеттенүүчү күчтөр ортосунда болууда. Кайсы тарап биринчи болуп ок атканы азыркыга чейин белгисиз. АКШ, Россия, Мисир, Саудия, БУУ, Европа Союзу жана Африка Союзу эки тарапты согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өз билдирүүсүндө Судандагы согушту токтотуу «өтө маанилүү» деген пикирге келгенин айтты.

Комментарий: Судандагы өткөөл мезгил өкмөтүн бир тараптан Америка өзүнө тартып жаткан болсо, экинчи тараптан Европа өзүнө тартууда. Бул тарткылоо негизинен 2019-жылы Судандын мурдагы президенти Умар ал-Башир бийликтен кулатылгандан кийин күчөгөн.

Белгилүү болгондой, Суданда 30 жыл бою Вашингтондун кызыкчылыктарын коргоп келген Умар ал-Башир бийликтен кулатылган соң, 2019-жылдын 21-августунда Аскерий кеңеш жана саясий партиялар ортосунда мамлекетти башкаруу боюнча “келишим” түзүлгөн. Бул жерде жарандык өкмөткө чакыруучу саясий партиялар менен Аскерий кеңештин ортосундагы карама-каршылыктын акыйкаты төмөнкүдөй, бул эки тараптын бири мамлекетте Британиянын кызыкчылыгына кызмат кылса, экинчиси АКШ кызыкчылыгына кызмат кылат. 2019-жылдагы келишимге ылайык, АКШга малай болгон Аскерий кеңеш 21 ай өкмөткө төрагалык кылышы, андан соң Британияга малай болгон саясий партиялар өкмөткө 18 ай төрагалык кылышы керек эле. Бирок, 2021-жылдын 25-октябрындагы мамлекеттик төңкөрүш Британия малайлары бийликке келишине мүмкүнчүлүк бербеди.

Негизи Судан армиясынын командачысы генерал Абдулфаттах ал-Бурхан жана ыкчам аркеттенүүчү күчтөрдүн командачысы Даклу (Хамидети) ортосунда эч кандай келишпестик жок, тескерисинче, алардын экөө тең АКШнын малайлары болуп эсептелишет. Булар мамлекетте АКШнын өкүмдарлыгын сактап калуу жана бийлик англистердин колуна өтүп кетпеши үчүн бүгүн да ошол эски сценарийди кайталап, кудум Бурхан менен Хамидети ортосунда келишпестик бар сыяктуу кылып көрсөтүү максатында жасалма кагылыштарды уюштуруп жатышат. Өкүнүчтүүсү, бул кагышууларда мусулмандардын перзенттери өлүп кетиши булар үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Булар үчүн эң маанилүүсү, кожоюндарынын кызыкчылыгын ишке ашыруу жана  өздөрүнүн мансабын сактап калуу.

Анык көрүнүп турган акыйкат ушул, эгер Судандагы саясий партиялар жарандык өкмөткө чакырууну, ал эми Аскерий кеңеш болсо Америкага малайлык кылууну уланта берсе, анда калк үчүн олуттуу коркунуч сакталып тура берет. Ушундай болгон соң, Судан калкы мындай азаптардан кутулуу үчүн, алгач АКШ же Европанын кызыкчылыгы менен өздөрүнүн мансабынан башканы ойлобогон акимдерден баш тартып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Ислам башкаруусун тикелөөгө аракет кылып жаткан адамдар менен биргеликте аракет кылышы керек. Халифалык мамлекети тикеленери менен Судандагы эле эмес, бүтүндөй  Ислам дүйнөсүндөгү колонизатор мамлекеттердин таасирин түп-тамыры менен сууруп таштайт. Мына ошондо бүтүндөй адамзат чыныгы адилеттүү башкаруу кандай болоруна дагы бир ирет күбө болот.

لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ العَامِلُونَ

– “Андыктан амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт таалай) үчүн (жакшы) амалдарды кылышсын!” [37:61]

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here