Путиндин «START III» келишиминен чыгышынын себеп жана акыбеттери

1717
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Путиндин «START III» келишиминен чыгышынын себеп жана акыбеттери

Россия президенти Владимир Путин Украина согуш башталгандан бир жыл өткөндөн кийин кайрылуу жасап Москва стратегиялык чабуул куралдары боюнча келишимден чыгарын маалымдады.

Себеп жана акыбеттер туурасында сөз кылудан мурун бул «START III» келишими жөнүндө айтып өтөлү. «START III» стратегиялык чабуул куралдарын чектөө жөнүндөгү келишим болуп, 1991-жылы Москвада АКШ менен Советтер Союзу кол койгон «START I» келишиминин уландысы болуп эсептелет.

Ядролук куралдарды чектөө боюнча келишимдер жөнүндө өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Стартегиялык чабуул куралдарын кыскартууга тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кийин, АКШнын ошол убактагы президенти Рональд Рейган заманында, сексенинчи жылдары башталган. Белгилүү болгондой, жетимишинчи жылдары «START I» алкагында стратегиялык чабуул куралдарын кыскартуу  о.э. көзөмөлдөө жана текшерүү иштерин алып баруу боюнча келишим түзүлгөн.

Ошол түзүлгөн келишимде эки тараптуу ядролук бөрктөр 6000ден, континенттер аралык баллистикалык ракеталар жана бомбалоочу самолёттор 1600дөн ашпашы керектиги айтылган.

1991-жылы эки мамлекет «START II» стартегиялык чабуул куралдарын кыскартуу жөнүндө келишим түзүштү. Ошондо стартегиялык бөрктөрдүн саны 2003-жылга барып 3500гө чейин азайтууга келишишкен.

2010-жылы 8-апрелде Чехия борбору Прагада Россия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обама «START III» келишимин түзүшкөн жана 2011-жылы 5-февралда келишим күчүнө кирген.

Ушул келишимге ылайык, Москва менен Вашингтон стратегиялык ядролук бөрктөр 1550дөн ашпашына, узак аралыкка учуучу ракета жана бомбалоочу самолётторду 700дөн ашырбоого о.э. бомбалоочу самолёттордун санын 800гө чейин азайтууга келишишкен. О.э. келишимде эки тарап келишимдин шарттарына ылайык аракет кылып жатканын текшерүү үчүн 18ге чейин текшерүү амалдарын өткөрүүгө уруксат берүү зарылдыгы камтылган.

Андан соң Трамп келип, АКШ Россия менен түзүлгөн «орто аралыктагы ядролук күчтөр» жөнүндөгү келишимден чыгарын жарыялады. Трамп администрациясынын бул келишим тууралуу түшүндүрмөсүндө айтылгандай, «Анда олуттуу кемчиликтер бар. Мисалы, келишимде экинчи даражалуу жактар айтылып, башка мамлекеттин аймагына коркунуч салышы мүмкүн болгон узак аралыктары стратегиялык ядролук куралдар каралбаган. О.э. “тактикалык куралдар” деп аталган кыска аралыктагы куралдар да каралбаган. Анткени, Россиянын тактикалык куралдары АКШга караганда көп… Трамп администрациясы Росссияны ядролук бөрктөрдүн жалпы санын тоңдурууга мажбурий ыраазы кылууга үмүтү чоң эле. Ал тургай, Байдендин айрым кеңешчилери да «Жаңы START»тын кыска жана орто аралыктагы ядролук куралдарга тиешелүү эместиги жөнүндөгү өз кабатырларын расмий билдиришти».

Путиндин эмне үчүн келишимден чыгып жатканына келсек, Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун билдирүүсүнө ылайык, анын мамлекети дагы эле «Жаңы START» келишиминин максаттарын колдойт. Бирок, АКШ аскерийлеринин стратегиялык объектилерге барышы негизсиз, өз учурунда эмес жана алгылыксыз деп эсептейт. Кала берсе, эки мамлекет Украинадагы күрөш боюнча эки карама-каршы позицияда турат.

Т.а. Путинди келишимден чыгууга үндөгөн нерсе – Украинадагы күрөш жана АКШ Украина тарабында тургандыгы. Себеби, Америка армиясы бутага ала турган аскерий объекттерди билет. Путиндин куралдар жөнүндөгү келишимден чыгышы биринчи ирет болуп жаткан жок. Мисалы, 2007-жылы да Кремль суук согуштун акыркы жылдарында түзүлгөн Европадагы адаттагы куралдуу күчтөр туурасындагы келишимден чыкмакчы экенин жарыялаган.

Андан кийин 2015-жылы Россия НАТОнун Балтика жээгиндеги мамлекеттерге жана Словенияга кеңейиши келишимдин шарттарын бузду деп бул келишимден чыккан.

Орто аралыктагы ядролук куралдар жөнүндөгү келишим тарыхий болуп, Рейган администрациясы доорунда түзүлгөн. Ал да 2019-жылы Трамптын келишимден чыгышы менен бүттү. Трамп муну: “30 жылдык мажбуриятка чекит коюшубуздун себеби – Россия бул мажбуриятты аткарбаганы”, – деп түшүндүрдү.

Эми, Путиндин токтомун талкуулайлы. Түпкүлүгүндө, Россия массалык маалымат каражаттарынын «ачык-айкындуулугунан» алыстап ушуну айтуу мүмкүн, бул токтомго өтө кеч кадам ташталды. Эгер, Россия терең пикирлегенде бул келишимдерди түзбөшү керек эле, айрыкча, аны менен АКШ ортосунда тең салмактуулук бузулган учурда. Бирок, кол коюу чечими оор шарттарга жана орустардын саясий көз караштары күчсүздүгүнө байланышту көрүнөт. Бул оор шарттарда, алардын катарында, биринчи куралдануу жарышында Россия алдан тайды о.э. күчсүз экономика акыбетинде чыдамын жоготту. Себеби, курал изилдөөлөрдү, ой-пикирди, тажрыйбаны жана өнөр жайды каржылаган экономикалык кубатка муктаж. Куралдар үчүн коопсуз чөйрө, кымбат шарт жана техникалык кызмат, коргоо жана космонавтика тармагына үлкөн каражаттар талап кылынат.

Акыйкатта, Путиндин бул чечими кооптуу. Себеби, ал Американын стратегиясын жүзөгө чыгарууда. Америка Россияны мыйзам жана келишимдерди аткарбаган козголоңчу мамлекет катары көрсөтмөкчү о.э. Европа менен Россиянын ортосундагы татаал тарых, согуштар жана карама-каршы көз караштарды этибарга алганда, алар аркылуу Европаны катуу коркутууга урунуп атат. Чындыгында, Америка Путиндин бул чечими аркылуу Европаны коркутууга жана аны НАТОнун чеңгелине киргизип, жалгыз Европа армиясын түзүү арзуусунан – эч болбогондо жакынкы кездерде – баш тарттырууга жетишти. Европа Американын аскерий коргоосуна баш ийип, анын шарттарын кабыл алды жана мажбурий котолик нике келишимине кайтууга ыраазы болду.

Андан соң катаал ырайымсыз санкциялардан Россия экономикасы оор абалда турганда Америка Путинди кооптуу куралдануу жарышына да тарта алды. Негизи, мурун Россия Советтер Союзу доорунда күчтүү болгон учурда да куралдануу жарышында жеңилген. Ошондой болгон соң, Россия бүгүнкү күндө болуп көрбөгөн санкциялардын катаалдыгынан кыйналып жатканда жарыштын акыбети аны кыйроого катуу тартышы табигый.

Абалдын дагы бир тарабы бар. Путиндин бул чечими себептүү Америка Россияга коңшулаш мамлекеттерди Россиянын кайтышынан коркутуп, аларды Америкадан баанек суроого үндөөгө да жетишет. Албетте, бул Россиянын кошуналары жана короосундагы таасири эсебинен болот.

Россиянын саясий мүнөзү өтө төмөн, ушундай бир даражада саясий акмак дейсиң, ал өз душманынын стратегиясына кызмат кылууда. Эгер, анда акыл болгондо бул иштерди жасамак эмес.

Бүгүнкү күндө Россия кандуу диктарторлук менен алып барып жаткан саясаты себептүү элдин арасындагы үлкөн ички бөлүнүү астында жашап жатат о.э. тарыхий таасири астындагы региондордогу кошуналарынан саясий изоляцияда жашоодо.

Путиндин бул чечими сокур чечим болуп, эртең ага жеңилүүнү, ийгиликсиз жана коптуу акыбеттерди алып келет. Себеби, ал кезектеги куралдануу жарышы үчүн зарыл болгон экономикага да, калкты өз чечимдерине ээрчите ала турган биримдикке да ээ эмес, анда НАТОго каршы күрөшө турган кубат да, чечим кабыл алуу жөндөмү да жок. Мындан тышкары, Россия ядролук арсеналга муктаж эмес, учурда согуштук кубатынын күчсүздүгү ачык көрүнүп калганда ага согуштук аскерий арсенал керек. Деги, Россиядай бир мамлекеттин учкучсуз башкарылган самолётторду сатып алышы кандай гана кордук?! Европанын Украинага коргоо куралдарын жеткирип бериши Россия үчүн кандай гана шерменделик жана кооп-коркунуч?! Эгер, Украинага чабуул куралдары жеткирип берилсе, Россияны кандай келечек күтүшү мүмкүн?! Эгер, Россия пикирлеп, ой жүгүрткөндө ядролук курал менен коркутуунун ордуна, согуш багытын өзгөртө турган натыйжа жаратмак. Акыры, ал ядролук куралды колдоно албашын жакшы билет. Россия орустардын «Россия ядролук чабуулга учураса, шексиз ал да ядролук курал колдонот» деген сөздөрүнө ылайык жашап жатат.

 

Роя гезити, №434, 2023-жыл, 15-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here