Кыргызстанда кылмыштуулук дээрлик 20% өстү

986
0

Кыргызстанда кылмыштуулук дээрлик 20% өстү

         Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөн. Бул тууралуу 12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди.

         Маалыматка ылайык, 2022-жылы жалпы өлкөдө 45 096 кылмыш иши катталган, анын 41 пайызынын бети ачылган. Сотко чейинки өндүрүшкө алынган 3801 оор кылмыш ишинин 61%ы ачылган. Түрдүү кылмыштардын негизинде мамлекетке жалпы 7 миллиард 906 миллион 713 700 сомдук зыян келтирилген.

         Демократия беткабын жабынган капиталисттик түзүмдө кылмыштардын өсүп турушу табигый көрүнүшкө айланып калган. А түгүл, күч органдары план толтуруу үчүн карапайым адамдарды жасалма кылмыштар менен камакка алган учурлар жүздөп саналат.

         Түпкүлүгүндө, бул кылмыштардын өсүшүнө адамдын ар кандай бузуку иштерди кылуусуна жол ачкан демократиядагы “эркиндик баалуулуктары» болуп эсептелет. Маселен, демократия мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө уруксат берет. Натыйжада, акылынан ажыраган мас адамдар түрдүү кылмыштарга барышы талашсыз. Ал эми, кылмыш кылгандарды оңдоо тарыйкаты да түп тамырынан туура эмес. А түгүл, абактарда кылмышкерлер өздөрүнүн кылмыштуу пикирлерин дагы да бекемдеп чыгышууда.

         Мунун каршысында, Ислам дини акылды бузуучу ичимдиктерге аз же көптүгүнө карабай толугу менен тыюу салат. Мас адамдарды башка кылмыш кылганга чейин эле жазалап,  дабалайт. Албетте, Исламда жаза колдонуудан мурун коомду таза сактай турган таалим-тарбия берилет. Башкача айтканда, мектеп-медреседе эле окуучулар Жаратуучусун таанып, Анын буйрук-кайтарууларын үйрөнүп, Бейиштен үмүт кылган абалда сооптуу амалдарга умтулуп, күнөөдөн арылууну үйрөнүп чыгышат. Мына ушул сакофаттан кийин тоң моюндук кылып, кылмышка баргандарга Акыретте оор жазага кириптер болбошу үчүн шаръий жаза белгиленет.

         Ал эми, бүгүнкү бийликтер Алланын өкүмдөрүн турмушка ашырбагандыктан, кылмыштуулук көйгөйүн чечүүнүн ордуна анын арбышына жол ачууга мажбур абалда. А түгүл, бул көйгөйдү түп тамырынан чечүүгө аракет кылган мусулмандардын үйүнө бастырып кирип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну адатка айландырып алды. Мусулмандарга жалаа жабуу иштеринде бийлик кафир колонизатор кожоюндарынын жана коңшу мамлекет бийликтеринин Исламга каршы тукурууларына моюн сунуп жатканы анык. Түпкүлүгүндө, «диний экстремизм» жок нерсе, бул колонизаторлордун Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан жомогу. Кала берсе, Акаевден тартып бүгүнкү күнгө чейинки бийликтердин баарынын бийликке келип кетиши – алардын өздөрүнүн мыйзамына ылайык – экстремизмге туура келет.

         Андыктан, кыргыз бийлиги жасалма кылмыштар менен эмес, чыныгы көйгөй менен алектенүүсү керек. Ал эми, эң туура чечимдер Исламда жатат. Анткени, силер башкарып жаткан капиталисттик мыйзамдар кылмышты азайтууга эмес, анын көбөйүшүнө жол ачып берет! Андыктан, чирик капиталисттик мыйзамдардын ордуна Аллахтын адилет өкүмдөрүнө негизделген Ислам түзүмүн колдонууга жүздөнгүлө!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here