Эмне үчүн колонизатор кафирлер Хизб-ут-Тахрирден коркуп жатышат?

1927
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эмне үчүн колонизатор кафирлер Хизб-ут-Тахрирден коркуп жатышат?

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты өткөргөн он экинчи жылдык Халифалык конференциясы каралоо жана сындоолор толкунун жаратты. Бул каралоолор дагы эле уланууда. Хизбге доомат кылуу, ага таандык болбогон нерселерди жабыштыруу жана атайылап аброюна зыян жеткирүүнү камтыган бул каралоо кампаниясын Халифалык чакырыгын четке кагып, заманбап жарандык башкарууга көз жаш төгүп жаткан илманийлер козгоду. Алардын акмакчылыгы ушундай бир даражага жетти дейсиң, алар Тунис режимин Хизб мүчөлөрүнө, анын муаййид жана ансарларына каршы тукуруп, ал тургай, Хизб-ут-Тахрирди таратууну талап кылышты. Хизбге каршы кампанияны жетектөөнү массалык маалымат каражаттары жана «жарандык коомдун» айрым уюмдары колго алышты… Негизи, «жарандык коом» колонизаторлор менен пикирий жана ачык мамиле кылышы сыр эмес. Системалык түрдө жүргүзүлүп жаткан бул кампанияда диалог трибуналары алардын кызматына берилди, басма сөз мейкиндиги, темалары жана башкы макалалар аларга берилди.

Эмнеге Хизбге каршы үгүт иштери жүрүп жатат? Деги, илманийлер өздөрү пикир жана сөз эркиндигин айтышпайт беле?! Эгер, ар кандай пикир ээси зомбулук колдонбосо же зомбулукка чакырбаса, анын пикири четке кагылбайт дешпеген беле?! Хизбдин зомбулукту колдонбошуна жана чакырбашына өздөрү күбө болушпаган беле?! Демек, эмнеге Хизбге жана Хизб чакырып жаткан Халифалыкка каршы тукуруу кампаниясын башташты?! Эмнеге полицияны Хизб мүчөлөрүнө душман кылууга урунуп жатышат?! Эмнеге жылдык Халифалык конференциясын тыюу салууга урунушту?!

Алар «жарандык» жана «республикалык» башкарууга жана баалуулуктарга Халифалык тескери келет, заманбап мамлекетке коркунуч туудурат дешти жана Халифалыктан коркуп жатышканын ачык көрсөтүштү.

Халифалык кооптуубу? Кимдер Халифалыктан коркуп жатат?

Халифалык – Ислам башкаруусу. Халифалык менен Расулуллах ﷺ биринчи кышын коюп баштагандай исламий жашоо башталат. Ал бүткүл адамзатты куткаруучу мамлекет. Халифалыктын фарз экендигине бүткүл Уммат уламалары келишишкен жана алардын эч кимиси буга каршы пикир билдиришпеген. Халифалык Исламды турмушта көөдөлөнтүүнүн жолу болгон соң, тунистиктер мусулман болгон соң, Халифалык мусулмандар үчүн кооп-коркунуч туудурабы?

Албетте, жок!

Тунистеги коомдук пикир Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү катуу колдоп-кубаттап жатат. Тунистин каягына барбагыла жана кимден Аллах түшүргөн өкүмдөр жөнүндө сурабагыла, эч качан терс жооп албайсыңар. Тескерисинче, адилеттүү исламий шарият өкүм сүрө турган күндү Аллахтан сурап дуа кылып жатышканына күбө болосуңар. Бул сөздөрүбүздүн күчтүүлүгүн жана бул жөн гана арзуу эместигин ырастаган далил – илманийлер жана коммунисттер (айрыкча, козголоң башталганда) Исламга каршы душмандыктарын ачык көрсөтө албай калышты. Себеби, кимдин Исламга, ал тургай, анын бирер өкүмүнө каршы экендиги белгилүү болсо, калк арасында анын аброю бүтүндөй түшүүдө.

Демек, Халифалыктан жана Исламдан коркуп жаткандар кимдер?

Тунистеги расмий чөйрө илманий-дунявий болуп, ал колонизатор тарабынан түзүлгөн. Саясий турмушта да ушул расмий чөйрө өкүм жүргүзүп жатат. Бирок, ал адамдардын ишенимин жоготту. Себеби, алар алтымыш жылдан бери илманий башкарууну тажрыйбадан сынап, анын ар кандай башкаруу формасын т.а. диктаторлукту, демократиялык башкарууну, сакалдууларын да, сакалын кыргандарды да сыноодон өткөрдү жана бул түзүмдөн кайгы жана азап-кыйынчылыктан башка нерсени көрүшкөн жок. Ошондуктан, ага каршы чыгып, козголоң кылышты жана өлкө башчысын кулатышты… Алар баштаган козголоң дагы эле уланууда, учурда бул козголоң өзүнүн түпкү негизине кайтмакчы. Себеби, залим колонизатор жана анын кор малайларынан бүтүндөй кутулуу жана чыныгы өзгөрүү жасоо ошол жерден камсыздалат, ошол жерден Уммат өз көз карандысыздыгын жана жетекчилигин кайра ээлеп, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат макамына көтөрүлөт. Ал эми, бул мүмкүнчүлүк илманийлерде жок, алар башкара алышпайт. Себеби, алар пикирде да, саясатта да көз карандылыкты гана билишет, деңиз аркы бетинен келчү көрсөтмөлөрдү кордук менен аткаруудан башка нерсени билишпейт.

Тунис жана башка исламий өлкөлөрдөгү мындай абал бүткүл расмий чөйрөдөгүлөрдү абдыратып койду, ал тургай, аларды тургузган колонизаторлорду да абдыратты. Себеби, колонизаторлордун куурчактары (илманий саясий чөйрө) ушунча айла-амал жана фитна иштетип да адамдарды адаштыра албады. Натыйжада, колонизаторлорго каршы эки коркунучту пайда болду. Биринчиси, козголоң кеңейип, Тунистеги ар бир жай жана катмарды өз ичине алып уланып жатканы. Экинчиси, чыныгы альтернативанын бар экендиги. Ооба, Ислам жана Халифалык Хизб тарабынан тунук көрсөтүлгөн альтернатива болуп, адамдар ушул Хизбдин жигиттерин таанышат, алардын чынчыл жана калыс экенин билишет. Алар Исламдын туура түшүнүгүн ушул жигиттерден көрүп, Хизб мамлекеттер алып барып жаткан оюндарды жана тузактарды ачыктоого кудуреттүү экенине күбө болушту. Мусулмандар менен Халифалык ортосунда бир гана нерсе турат. Ал да болсо, күч-кубат ээлери аракетке келип, малайлардын кишенинен кутулушу жана дин, Уммат жана жетекчи (Хизб-ут-Тахрир) тарабына өтүшү гана калды. Хизб, анын жигиттери жана жетекчилери баарына тааныш.

Ооба, абал Батыш үчүн өтө кооптуу:

Хизбдин дүйнөгө келиши алардын Исламды жашоодон четтетүүгө болгон кылмыштуу аракеттерин кыйратты. Себеби, кече Халифалыкты жана Исламды жок кылдым деп ойлогон Батыш бүгүн Халифалык идеясы дүйнөдө да, козголоң башталып, бүткүл исламий өлкөлөргө жайылган Тунисте да коомдук пикирге айланып жатканына күбө болуп турат… Тунистен тартып Шамда, Индонезияда, Пакистан жана Афганистанда Халифалыкка чакырылып жатканын көрүп турат. Халифалыкка үндөгөн чакырыкты дүйнөнүн ар тарабындагы мусулмандар да, дүйнөнүн ар тарабында капитализмге үүгүттөп жаткан адамдар да угушууда.

Хизб-ут-Тахрир даъват кылып жаткан Халифалык – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык. Ал – өлкө ичинде Исламды колдоно турган, өлкө тышында даъват жана жихад менен адамзатты капитализм кылмыштарынан куткара турган мамлекет.

Халифалыктын кайтышы жөн гана пикир эмес. Ал Расулу акрам ﷺ баштагандай, дүйнөнү кайра исламий жашоого жетектей турган, 1648-жылы Вестфалияда кол коюлуп, Сайкс-Пико келишими менен кеңейген караңгы заманга чекит коё турган бүткүл дүйнөлүк мамлекет. Батышты дал ушул нерсе коркутуп жатат, коркутуп эле калбастан калтыратууда. Исламдын дүйнөлүк кубат катары кайтып жатканынан Батыш коркууга түшкөн.

Айрымдар «силер Батыштын Халифалык мамлекетинен коркутуп жатканы жана титиретип жатканы туурасында ашырып ийип жатасыңар» дешет.

Аларга айтабыз, колонизаторлордун билдирүүлөрү коркуп, коркууга түшкөнүн ачыктоодо. Алар дүйнө эрежесинин өзгөрүшүнөн коркуп жатышат о.э. пайдубалы 1648-жылы Вестфалияда орнотулган карамүртөз имараттын, андан курулган Сайкс-Пико жана башка имараттардын кулашынан коркушууда. Генри Киссинжер Вестфалия келишими бүткөнүн сезип, өзүнүн доклад жана макалаларында анын күнү бүтүшү жакындашып жатканын баян кылды. Ал эми, Зейно Баран өзүнүн 2004-жылдагы изилдөөсүндө Хизбден эскертип: «Хизб-ут-Тахрирдин эң кооптуу тарабы – ал адамдарды кызыктыруучу идеология жараткан», – деди. Зейно бул сөзү менен социализм капитализмге каршы тура албай, кулагандан кийин капитализмге альтернатива эсептелген жана дүйнө адамдарын өзүнө тартышы күтүлүп жаткан Исламды назарга алып жатат. Ушуну да баса белгилөө зарыл, ири мамлекеттердеги токтом ээлеринин китепканалары Хизб жана Халифалык жөнүндө о.э. Хизбдин Халифалыкты тикелешин кандай алдын алуу туурасында жазылган отчётторго толуп ташты.

Демек, Батыш Тунис жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү Хизб-ут-Тахрирден коркуп жатканы акыйкат. Бул малайлардын коркуусу эмес. Себеби, алар бул коркунучту түшүнө турган акыл-парасатка ээ эмес, кожоюндары көрсөткөндөн ашыкчасын түшүнө албаган жалданма кимселер. Түпкүлүгүндө, Хизб жана Халифалыктан коркутуп жаткандар – Ак үйдөгүлөр жана колонизаторлук стартегиялык изилдөө борборлорундагылар. Себеби, анын өсүп бара жатканын ошолор көрүп турушат. Ошондуктан, малайларын Хизбге чабуул кылууга үндөп, ушул аркылуу Хизб жана анын даъватына тоскоолдук кылабыз деп ойлоп жатышат. Себеби, алар өз түзүмүн улантууну каалап жатышат о.э. Умматы ачка коюп, кордоо менен анын тынчын бузууга, кайратын сындырууга, калыс жетекчилерин адаштырып, жаманатты кылууга урунушууда. Халифалык бирер жамааттын же Хизб-ут-Тахрирдин иши эмес, ар нерседен улуу жана ар ишке кудуреттүү Аллахтын иши болуп, Ал Өз пенделерине Халифалыкты каалап жатат. Аллах эмнени кааласа, албетте ал болот жана Аллахтын убадасы эч качан жалган эмес.

Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушундан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                          [24:55]

 

Роя гезити, №434, 2023-жыл, 15-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here