Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

289
0

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

 Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус алака-катышынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.

 “Мындан сырткары Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги тууралуу пикир алмашты. Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн өз ара мамилелерди мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты”, – деп айтылат кабарда.

 Комментарий: 2022-жылы 23-ноябрда Ереванда өткөн саммитте Армения ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Арменияга жардам берүү боюнча кызматташтык чаралары жөнүндөгү документтерге кол коюудан, быйыл январь айында болсо ЖККУ күчтөрүнүн “Бузулгус боордоштук – 2023” машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан эле. Бүгүнкү күндө Армения НАТОнун “Defender Europe-2023” аскерий машыгуусуна катыша турган болду. Армениянын бул кадамы Россиянын таасиринен чыгуу үчүн ташталган кадам болуп, эгер Армения да бул багытта бекем туруп, Батышка жүздөнүүсүн уланта берсе, бул нерсе Россиянын Закавказье аймагындагы көзөмөлү жоголушуна алып барат. Себеби, аймактагы эки мамлекет – Грузия менен Азербайжан алда качан эле расмий Кремлден алыстап, Батыш менен жылуу мамиле орнотууга аракет кылып келет. Арменияны Россиядан алыстоого үндөгөн фактор – бул азер-армян согушунда Россиянын бейтарап позицияда турушу жана премьер-министр Никол Пашиняндын суранычына карабастан согушка ЖККУ күчтөрүн тартпай койгону болду. Россиянын мына ушул позициясынан кийин армян өкмөтү Россиядан алыстоо жана Батышка жүздөнүү саясатын күчөттү. Балтика жээгиндеги республикалар – Эстония, Латвия жана Литва Россиянын орбитасынан чыгып кеткенине көп болгон жана булар НАТОнун толук кандуу мүчөсү болуп эсептелишет. 

  Россия Арменияны да колдон чыгара турган болсо Россия менен “достук” мамиле орноткон, аны колдоп-кубаттап жаткан Борбор Азия республикалары гана калат. Россия өзүнүн эгинзары катары көргөн бул аймакты колдон чыгарбоо үчүн катуу аракет кылары табигый көрүнүш. Бул жолдо ал тургай башаламандыктарды уюштурушу да мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, биздин мамлекет башчылар дагы деле кулдук психологиясынан кутула элек. Алардын жүрөгүндө дагы деле Россиядан коркуу сезими бар. Ошол себептен да бул жетекчилер өздөрүнүн кресло жана бийликтерин сактап калуу үмүтүндө Россияга жалтактап, ага жакшы көрүнүүгө аракет кылышат. Алар чөгүп бара жаткан орус кемесинен кутулуунун ордуна күн өткөн сайын ага жакындап, ортодогу мамилелерин жаңы баскычка алып чыгуу жолунда аракет кылып жатышат. Алар орус империализми эч качан жергиликтүү элдин жыргалчылыгы жолунда аракет кылбашын, өз кызыкчылыгы жолунда гана аракет кылышын түшүнө алышпайт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here