Мындай жоготуу ал тургай чоң согуштарда да болбойт
АКШда ок атуучу куралдардан өлгөндөрдүн саны уккандарды таң калтырууда. 2023-жылдын башынан бери т.а. акыркы 3 айда мамлекет ичинде ок атуучу куралдардан 10 миңден ашык адам өлгөн. Бул тууралуу АКШда ок атуучу куралдар аралашкан бардык окуяларды архивге сактоочу Gun Violance Archive (GVA) аттуу бейөкмөт уюм өзүнүн веб-сайтында жарыялады. Бул болсо, АКШда ок атуучу курал аралашкан окуялар себептүү күн сайын орточо эсеп менен 114 адам өлөт дегенди түшүндүрөт.
(GVA)нын веб-сайтындагы маалыматтарга ылайык, быйыл жыл башынан бери 5742 адам ок атуучу курал менен өз жанын кыйган. 4260 адам болсо атайын өлтүрүү ниетиндеги кол салуудан өлгөн. Булардан тышкары, 7519 адам ок атуучу куралдан жараат алган. Өлгөндөрдүн арасында жүздөгөн жаш балдар бар. Мындай жоготуу ал тургай ири согуштарда да болбошун белгилеген адистердин айтымында, өзүнүн өмүрүнө кол салуу же башкаларды өлтүрүүнүн себеби көбүнчө депрессия жана тынчсызданууларга барып такалат.
Комментарий: Батыш хазаратынын табиятында адам өзүнүн шахсий каалоолорун бардык нерседен жогору коёт. Бул хазараттагы адам ачкөздүккө баш оту менен кирип кетип, бардык нерсеге кызыкчылык көз карашынан карай турган болуп калат. Мындай адам ар бир учурдан өз кызыкчылыгы жолунда гана пайдаланууга умтулуп, эгер анын каалоолору ишке ашпай калса, депрессияга түшүүсү табигый көрүнүш болуп эсептелет. Анткени, ал каалоолору ишке ашпай калышын “бактысыздык” деп эсептейт. Натыйжада бул абал аны депрессияга түшүрүп, өз жанын кыюуга же ачуу үстүндө башкалардын жанын кыюуга үндөйт. Ошондуктан, Америкада ар бир алты саатта бир өспүрүм өзүн-өзү өрттөп, өз жанын кыйышына, же жыл сайын 50 миллион америкалык психиатрдык клиникаларга барышына таң калбаса да болот. Жогорудагы цифраларда жалаң гана ок атуучу куралдан өлгөндөрдүн саны айтылган. Булардан тышкары, рухий тынчсыздануулар себептүү асынып алуу, өзүн-өзү өрттөө, бийик имараттардын үстүнөн боюн таштоо сыяктуу абалдарга эсеп жетпейт.
Бул абал америкалыктарда эле эмес, Батыш хазаратына таандык болгон бардык калктарда жолугат. Мисалы, Москвадагы психиатрия институту ректорунун 2005-жылдагы маалыматына ылайык, жыл сайын сегиз миллион адам психологдун кабыл алуусуна жазылат. Булар расмий түрдө жарыяланган цифралар, ал эми көпчүлүк адамдар эч качан медициналык жардам сурап кайрылышпайт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) 2005-жылы “Америка, Англия жана Канадада саламаттык жаатындагы эң чоң көйгөй аклий жана рухий оорулар” экендигин жарыялады. Аталган уюмдун билдиришинче, жыл сайын депрессиядан азап тартып жаткандардан 800 000 адам өзүнүн өмүрүнө кол салат. Ал тургай айрым отчёттордо айтылышынча, дүйнө калкынын 25%ы депрессия жана уйкусуздуктан азап тартат. Адистер рухий оорулар өсүшүнүн өлчөмү мамлекетте капитализм түзүмү колдонулушунун жана адамдардын ага мабда катары карашынын өлчөмүнө үндөш болорун баса белгилешет . Бул абал Батыш хазараты адамзаттын башына салган мусибаттар деңизинин бир тамчысы гана.
Дүйнөдө эсепсиз адамдардын азап тартышына себеп болуп жаткан ушул депрессия, кайгы, тынчсыздануу, сыяктуу илдеттерден кутулуу үчүн адамзат алгач өзүн кыйроону көздөй жетектеп жаткан Батыш хазаратынан баш тартып, анын ордуна Ислам хазаратын кабыл алышы керек. Ислам хазараты жашоодо колдонулган доорлордо адамзат жогорудагы абалдын бүтүндөй тескерисине күбө болду. Ислам хазараты көлөкөсүндө адамдар он үч кылым бою ушундай бир турмушта жашады дейсиң, ал кылымдарда адам эле эмес, бардык нерселер турмуштагы эң көркөм доорун башынан өткөрдү.
Ислам көз карашынан алганда, дүйнө турмушунда адамдын каалоолору ишке ашпай калышы же адамдын башына түшүп жаткан мусибаттар Аллах Субханаху ва Тааланын сыноосу болуп эсептелет. Эгер ал сабыр-такаат кылып чыдаса, анын сыйлыгы бейиш болот. Мындай түшүнүккө ээ болгон адам өзүнө жетип жаткан зыянга тынчсызданбайт жана башына түшкөн жамандыктан кайгыга батып калбайт. Ислам адамга ушундай бир Исламий түшүнүктөрдү сиңирет дейсиң, ал түшүнүктөр адамда депрессиянын изин да калтырбайт. Расулуллах ﷺ айтат:
«عَجَبًا لأَمْرِ الْمُؤْمِنِ، إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ، وَلَيْسَ ذَاكَ لأَحَدٍ إِلا لِلْمُؤْمِنِ، إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ، وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ»
“Момундун иши ажайып. Анын бардык иши жакшылык. Бул нерсе момундан башкасында болбойт. Эгер ага бир курсантчылык жетсе, шүгүр кылат жана бул ага бир жакшылык болот. Эгер ага бир кыйынчылык жетсе сабыр кылат жана бул да ага бир жакшылык болот”. (Муслим риваяты).
Мындан тышкары, Исламда Аллахтын ыраазылыгына жетүү чыныгы бакыт жана эң жогорку максат болуп эсептелет. Бул максат адамды чиеликтер, кризистер жана депрессиялардан алыста, кадыржамдыкта, рахаттанып жашай турган кылып коёт. Бул өзгөчөлүктөр Исламий хазараттан башка эч бир хазаратта табылбайт. Анткени, Ислам акыйдасы гана адамдын жашоонун маңызы, анын келип чыгышы жана кийинки тагдыры жөнүндөгү суроолоруна акылды канааттандыра турган жана табиятына туура келе турган көрүнүштө жооп бере алат.
Демек, адамзатты бул илдеттерден куткаруунун бирден-бир жолу – ушул чириген хазараттан баш тартып, анын ордуна Ислам хазаратын кабыл алуу. Ислам хазараты коомду бардык илдеттерден, анын ичинде рухий илдеттерден да коргоонун бирден-бир кепилдиги экендиги тарыхта тастыкталган акыйкат.
Зохид Заргар