Европа Союзунун Судандагы миссиясы Батыш пикирлерине жана түшүнүктөрүнө суугарылган малайларды тартуу менен шугулданат

222
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Европа Союзунун Судандагы миссиясы Батыш пикирлерине жана түшүнүктөрүнө суугарылган малайларды тартуу менен шугулданат

Европа Союзунун Хартумдагы миссиясы 15 миллион евро каражат бөлүнгөнүн, анын 5 миллиону демократиялаштыруу жана тынчтык үчүн аракет кылып жаткан жаштарды колдоого бөлүнгөнүн билдирди. Миссия Судан аялдардын укуктарын урматтоосун CEDAW конвенциясына кол коюу аркылуу көрсөтүүнү талап кылган.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү Ибрахим Усман (Абу Халил) билдирүүсүн жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Европа Союзунун бардык миссиялары колонизаторлук мекемелер болуп, алар Судан жана башка исламий өлкөлөрдө Батыштын пикир жана түшүнүктөрүнө суугарылган малайларды тартуу менен шугулданат. Ошондуктан, колонизаторлор жаштарга, айрыкча, аялдарга көңүл бурушууда. Себеби, өзгөрүү жасоого үндөөчү күч – бул жаштар. Батыш өлкөбүзгө дагы да катуу бүлгүнгө учуратуу жана жаштарды чыныгы өзгөрүүдөн алыстатуу үчүн катуу аракет кылып, жаштар туура жолдон адашуусу жана Батыштын адашуу жолуна түшүүсү үчүн чоң акчаларды сарпташууда… Бул жаатта колонизаторлорго рувайбиза өкүмдарлар жардам беришүүдө. Доллар жана евро үчүн динин саткан бул өкүмдарлар ушул сыяктуу миссияларга Умматтын жаштарын жана аялдарын манипуляция кылышы үчүн өлкө дарбазаларын ачып беришүүдө…

Жаман ниеттеги бул миссия Судан бийлигинен бузукулукка чакырган CEDAW конвенциясына кол коюп, аны аткарууну талап кылып жатат. Бу конвенция Батыштагы үй-бүлөлөр бузулгандай мусулман үй-бүлөлөрдү да бузууга жана ажыраштырууга багытталган. О.э. ал жаштарга акча берип Батыш системасына туткун кылып, Батыштын динди турмуштан бөлгөн акыйдасын кабыл алуусун, Исламдан баш тартуусун, келечекте өлкөнүн мына ушундай жетекчилерине айлануусун каалап жатат. Бирок, Аллах Таала ушул аятта айткандай, алар эч качан бул ниетине жете алышпайт:

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنْفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер жаханнамга топтолушат»                        [8:36]

 

Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here