بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты: күч-кубат демонстрациясы
Ибн Али бийликтен кулатылып, качкандыгынын он эки жылдыгын жана 2011-жылы 14-январда Тунис калкы көтөргөн козголоңду эскерип, Хизб-ут-Тахрир–борбордук маалымат бөлүмүнүн Тунис вилаятындагы өкүлү билдирүү жарыялады. Билирүүдө ушулар баса белгиленген: «Элди чөгөлөтүү, козголоңдун жалынын өчүрүү максатында Тунис режими тарабынан алып арылган бир катар аракеттерге карабастан, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты жүрүш өткөрүүгө жетишти. Хижрий 1444-жылы 21-жумадуссаний, миладий 2023-жылы 14-январь күнү жүрүштүн катышуучулары козголоң трассасына чыгышты. Адамдар биргеликте бекем коопсуздук курчоолорун жана трассага алып барган жолдорго орнотулган тосмолорду жарып өтүштү. Жүрүштө Хизб мүчөлөрү такбирлерди айтып роя жана ливаларды көтөрүп чыгышты. Демонстранттар көтөрүп чыккан плакаттардын биринде «Умматтын режимди кулатуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө козголоңу уланат» деп жазылган…».
Билдирүүдө дагы мындай делет: «Козголоң трассасында демонстрация учурунда Хизб ураан жана сөздөрү менен коомчулукка саясий кайрылуу жасашты. Мисалы, биринчи Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Хубайб Карбака Зайтуна калкына кайрылып, залим падышалардын түзүмүнө каршы көтөрүлгөн Уммат козголоңун акырына чыгаруунун жалгыз жолу о.э. түпкү өзгөрүүнүн негизи жана хазарий альтернативасы катары Ислам айланасында биригүүгө чакырды. Хубайб Карбака Кайс Саид режимин кулатууга чакырып жаткан саясий күчтөрдөн сак болуп, алар Кайстын ордуна өздөрү отуруп алып, алар да колонизатордун долбооруна кызмат кылышмакчы экенин айтты. О.э. Зайтуна калкын козголоңго тузак коюу үчүн аңдып турган колонизатор мамлекеттер жана алардын каракчы уюмдарына каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды. Устаз Хубайб баса белгилешинче, Умматты ойготууну, бириктирүүнү жана колонизаторлуктун кишендеринен азат болуу каалоосун жүзөгө чыгарууну о.э. чыныгы реалдуу суверендикти кепилдеген кубаттуу бир хазарий альтернатива – бул Пайгамбарыбыз A бул улуу Умматка башарат кылган рошид Халифалык мамлекети»…
Умар Арабий менен Мухаммадалий Авний устаздар өз сөздөрүндө козголоң жүз берген бул мекендин өзгөчөлүгүн, себеби, бул жерде өзгөрүүнү талап кылган ураандар жаңырганын баса белгилешти. О.э. «муътадил ислам» Тунис калкын тарбиялай албаганын, бүгүн калк Исламга жана Ислам даъватчыларына ээрчиши маанилүү экенин кошумчалашты. Кийин устаза Саада Хашарим сөз сүйлөп, бул коррупциячыл режимдин аялдарга зулум кылып жатканы, алардын намысын тебелеп, урмат-сыйларын акаарат кылып жатканы туурасында сүйлөдү.
Ошентип, Хизб эркек-аял, жашы-карысы, баары бул зулумдарга сүкүт кылышы о.э. адилет мамлекети болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөдө суздук кылышы таптакыр дурус эместигин баян кылуу менен Зайтуна калкына кайрылуу жасашты. О.э. режимди түп-тамыры менен кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылган ураандар бул баяндар учурунда тынымсыз жаңырып турду. Кийин Хизб жигиттери кайра жолго түшүп, ушул трассадагы Франция элчилигине барышты жана «Эл колонизаторлукту түп-тамыры менен кулатууну каалайт» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Устаз Хубайб өз сөзүнүн акырында мындай деди: «Жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын камералары козголоң трассасындагы ушул маанилүү жүрүштү четтеп өтө албады, алардын көпчүлүгү иш-чараны кеңири ачыкташып, айрым билдирүүлөрдө жана баяндамаларда жүрүш өтө тартиптүү жана тынч уюштурулганы айтылды. Бирок, колонизаторлордун жарчылары демонстрациянын көлөмүн азайтып көрсөтүүгө жана президент Кайс Сайиддин кетишин талап кылган катардагы элдик демонстрация катары көрсөтүүгө урунушту. Негизи, демонстранттар көтөрүп чыккан бир катар ураандарда режимди түп-тамыры менен кулатып, анын урандылары үстүнө Ислам мамлекетин тикелөө талабы ачык-айкын айтылган эле. Бул болсо, өлкөбүздөгү колонизаторлуктун таасирин жок кылуу зарыл экендигинин дагы бир тастыгы. Мына ошондо массалык маалымат каражаттары Ислам өлкөлөрүндө, алардын ичинде Зайтуна өлкөсүндө бардык балээлердин себепчиси болгон чет элдик аралашуудан корголот».
Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.