بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Саудиянын гольф оюнуна байланышынын сыры!
Устаз Ахмад Хутваний
Жакында Сауд Арабия аймакта адатка кирбеген жана жалпысынан регион калктары арасында массалык түрдө жайылбаган жаңы спорт турнири – гольф турнирин жарыялады. Саудия бул оюнду колдоо, каржылоо үчүн 100 миллион доллар бөлүү жоопкерчилигин алды.
Бул таң калычтуу кабарды терең үйрөнүүнүн натыйжасында гольфко туурасындагы сырдын артында мурунку АКШ президенти Дональд Трамп турганы аныкталды. Трамп өзү муну айтты т.а. гольф уюму саудиялыктардын миллиондогон долларына муктаж болгон, бул миллиондогон доллардын акысына Трамп Салманды тактыдан кулашынан коргой турган болуп, өз кезегинде, Салман ушул чоң каражатты талап кылган оюнду коргоо жоопкерчилигин өз мойнуна алган. Демек, бул – Сауд үй-бүлөсүнүн өкүмдарларына карата Американын жаңы шантаждарынын бири. Трамп бул жөнүндө мындай түшүндүрмө берди: «Мен билген байлардын акчасы чектелген, калган өмүрү үчүн 100 миллион доллар сарптоону каалашпайт. Бирок, саудиялык байлар бул маселеде акчаны аяшпайт, алардын капчыктары аябай терең… Саудия гольфту сүйөт».
Мындай болбогур турнирди уюштурган Саудия ал үчүн миллиондорду сарптай турган болду. Негизи, өткөн июль айында түзүлгөндөн бери турнирлер үчүнчү айлампасына келди. Гольфтун көптөгөн түрлөрү «Live Golf Invitational» деп аталып, ага «Bed Minster» деп аталган Трамптын клубу да катышат.
Саудия гольф турнирин каржылоо менен гана чектелбестен, Оман өлкөсүндө «Dar Al Arkan Real Estate Development Company» аркылуу ири гольф долбоорун ишке ашыруу үчүн Трамптын уюму менен 1.6 миллиард долларлык келишим түздү. Долбоор 3500 үй-жай, гольф ойноочу жайлар, 450 бөлмөлүү эки мейманкана жана курорттордон турат.
Бул келишимдин түзүлүшү Трамп 2024-жылдагы өтө турган шайлоодо президенттик кызматка расмий түрдө талапкерлигин жарыя кылган учурга туура келди.
Мухаммад ибн Салмандын Трамптын клубуна жана уюмуна мындай марттык менен акча сарптап жатканы бир эле нерсени түшүндүрөт: Ибн Салман эки жылдан кийин өтчү президенттик шайлоонун кампаниясында Трампты колдоп-кубаттап жатат о.э. шайлоо кампаниясында Республикачылар партиясынын эң ири демөөрчүлөрүнүн бири Саудия болууда, муну менен Саудия АКШдагы шайлоо оюндарынын бир бөлүгүнө айланды.
Саудия Трамп жана анын партиясына, Саудия менен келишим түзгөн АКШ компанияларына ушундай берешендик кылгандан кийин Америка администрациясы Мухаммад ибн Салманды укуктук кол тийбестик менен камсыздашы, мыйзамдуу куугунтуктабашы жана журналист Жамал Хашакжийдин өлүмү үчүн жоопко тартпашы табигый.
Адамдар «учурдагы президент Байден жана Демократтар партиясына Саудиянын ушул демөөрчүлүгүнүн пайдасы жок, бул Трамп жана анын партиясына тиешелүү, андыктан, эмне үчүн Байден администрациясы Ибн Салманга кол тийбестик берсин?» деп сурашы мүмкүн. Мунун жообун Америка шайлоолорунан табабыз. Америка шайлоолорунда демөөрчүлөргө эки партияны каржылоого уруксат берилет. Кеп Трамп жана партиясында да, Байден жана анын партиясында да эмес. Жок, кеп Америка жана партияларында. Саудия гольф турнирине ири өлчөмдө акча берип жатканынан Трамп гана пайдаланбайт. АКШ компаниялары, америкалык оюнчулар, ал тургай, АКШ мамлекети да пайдаланат. Ошондуктан, бул жерде Ибн Салманды шантаж кылып жаткан Америка болот. Бул болсо, Америка бийлигине чоң финансылык пайда алып келет. Ушул себептен улам, аны кабыл албоого таптакыр орун жок.
Демек, Ибн Салман мусулмандардын мал-мүлкүн мына ушундай болбогур оюндарга ысырап кылууда. Бул Американын кызыкчылыктарынан башка нерсеге кызмат кылбайт. Анын эч кимге пайдасы тийбейт, бир гана Ибн Салманга тактысын сактап калышына жана кара тизмеден чыгышына жардам берет. Белгилүү болгондой, кара тизме жашыруу кыйын болгон оор кылмыш жасаганы үчүн Америка тарабынан издөө жарыяланган адамдарды кысымга алуу максатында түзүлгөн.
Эгер, Ибн Салман бул акчаларды реалдуу өнөр жай курууга жана адамдардын негизги муктаждыктарын кандырууга сарптаса, өз мамлекетинин маанилүү инфраструктурасына жана объекттерине олуттуу инвестиция катары жаткырса, шексиз, Саудия эгемендүү мамлекет эле эмес, ал тургай, ири мамлекетке айланмак. Же бул сыяктуу акчаларды жакыр мусулмандарга бергенде, бир да жакыр калмак эмес.
Бирок, Ибн Салмандын бул каражаттарды чет элдик оюнчулар гана пайдаланган гольф талааларына жана мейманканаларына жумшап жатканы Умматтын душмандарынан башкасына кызмат кылбайт. Бул каражаттар душманга кызмат кылары менен бирге дүйнөдө сауд режими шылдың болууда. Адамдар бул адам өлкөнүн каражатын келесоолук менен ысырап кылып, бирөөлөргө сапырып жатканын айтып жатышат.
Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.