بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Канкор Башар режими менен жарашуу жүзөгө чыкпастыгы үчүн козголоң оболу өз эрк-чечимин кайра тикелеши керек
Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн чакырыгы менен жума намазынан кийин түрк режими кылмышкер Асад менен мамилелерди нормалдаштырышына каршы «Жарашууну токтотуу үчүн оболу эрк-чечимибизди кайра тикелейли» деп аталган демонстрация өткөрүлдү. Сириянын түндүгүндө жана Идлибдин Дайр Хассан, Килли, Атма шаарчаларында жана Карома качкындар лагеринде о.э. Халабдын батышындагы Сахара жана Бабакка айылдарында өткөрүлгөн бул демонстрацияларга жүздөгөн жаштар катышты. О.э. жума намазынан кийин Идлибдин Жабали Завия, Ариха, Жиср Шугур, Сармада, Дана, Куфри Тахарим, Атма жана Тафтаназ сыяктуу айыл жана шаарчаларында, Халабдын Артаб, Арамназ, Кабасин, Баб, Иъзаз, Ифрин, Суран, Жараблус, Мари, Ражв жана Куркания сыяктуу айыл жана шаарчаларында, Ракканын Талл-Абяз шаарында да демонстрациялар болду. Демонстрацияларга катышкандар «козголоңдун өзгөргүс максаттарын» жана «режимди кулатууну» баса белгилеп, Сирия режимин кайра тикелөөнү көздөгөн ар кандай планга каршы экендиктерин билдиришти. Демонстранттар көтөрүп чыккан плакаттарда «Миллиондорду өлтүргөн, намыстарды тебелеген жана качкындарга айланткан режим менен эч качан жарашпайбыз», «Козголоңдун эрк-чечими кайра тикеленмейин, жарашуулар, келишимдер жана көз карандылыктар эч качан токтобойт» деген сыяктуу ураандар камтылды.
Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.