Эрдаган өзүнүн бети жоктугун ачык көрсөтүүдө!

275
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган өзүнүн бети жоктугун ачык көрсөтүүдө!

«Арабий Жадид» веб-сайты хижрий 1444-жылы 23-робиуссаний, миладий 2022-жылы 17-ноябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Бейшемби күнү Түркия президенттик администрациясы билдиришинче, президент Режеп Таййиб Эрдаган мурунку (израиль) премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди сактап калуу маанилүү экенин билдирген. Белгилүү болгондой, Ненатьяху партиясы өткөн айдагы шайлоонун натыйжасында биринчи орунду ээледи.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Эрдаган Нетаньяхуга эки күн мурун Батыш Жээкте жүз берген окуяларга кайгырып жатканын билдирди. Өз кезегинде, Нетаньяху да жекшемби күнү Стамбулда жүз берген жардырууда курман болгондорго көңүл айтты».

Роя:

Бул кабардын артынан Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында ушул түшүндүрмөнү жарыялады: «Кооз жана курулай сөздөрдүн ээси болгон Эрдаган Фалестин үчүн эң оор жана эң үрөй учурган убакта кымындай уялбай яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу жолунда бара жатат. Бул баскынчылардын жана алардын жетекчилеринин текебердиги дагы да күчөп жатканда, күнү-түнү Фалестин калкын өлтүрүп, ыйык жайларды тебелеп-тепсеп, ал тургай, бул кылмыштарды ачык-айкын ашкере коркутуулар менен жасап жатышканда Эрдаган алар менен нормалдашууга шашылууда. Ал тургай, Эрдагандын бети жоктук ушундай бир даражага жетти дейсиң, Фалестиндин эр жүрөк жигиттери Фалестин жана Акса үчүн өч алуу катары өлтүргөн яхудий вужудунун аскерлери үчүн көңүл айтууда!».

Түшүндүрмөдө ушул суроолор берилди: «Эй Эрдаган, бул кандай уятсыздык?!

Эр жүрөк шейиттери үчүн Фалестин калкына көңүл айтуунун ордуна, тескерисинче Фалестин калкын күнү-түнү өлтүрүп жаткан баскынчыга көңүл айтасыңбы?!

Баскынчынын сепилин кыйратуу жана туткун Акса мечитин азат кылуу үчүн армияңды аракетке келтирүүнүн ордуна, тескерисинче бул баскынчыга көңүл айтасыңбы?!

Ар бир момун жана калыс адам кубанган нерсеге кубануунун ордуна, баскынчыга көңүл айтасыңбы?!».

Түшүндүрмөнүн акырында мындай делет: «Мындай нерсени Эрдаган биринчи жолу кылып жаткан жок. Жакынкы күндөрдө анын көптөгөн кылмыштары адамдарга дагы да ачыкталат. Анын кимдигин башынан жакшы билген киши үчүн анын бүгүнкү кылмыштары жаңылык эмес. Бул кылмыштар анын чыныгы жүзүн көрсөтүп, баёо адамдардан жашырган жактарын ачыктап берет. Эрдагандын эски жалындуу сөздөрү да ошол кездеги кожоюну каалаган нерселерди көрсөтөт».

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here