Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо негиздери
Өзгөчө кырдаалдарда иштерди башкаруу
Суу ташкындары, жер титирөөлөр, эпидемиялар, согуштар жана башка ушул сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда Халифа иштерди оптималдуу түрдө улантуу үчүн атайын чараларды көрөт. Коомдук турмуш токтоп калбасын үчүн жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерде чукул чараларды көрүү үчүн механизм жана пландарды белгилеп, муну көзөмөлдөө үчүн ар бир тармак боюнча адистерди жана ыйгарым укуктуу адамдарды дайындайт. Өзгөчө кырдаалдар үчүн чыгымдар каражаттар зарыл болот. Мусулмандар казынасында – байтул малда – каражат болсо, андан өзгөчө кырдаалдарда муктаждыктарды каптоо үчүн каражат жумшалат. Эгер жок болсо, мындай муктаждыктар үчүн байларга салык салынат. Эгер салыктар топтолушун күтүп калууда зыян жетүү коркунучу болсо, мамлекет карыз алып, аны жумшайт. Андан кийин ушул максатта чогулган салыктардан карызды төлөйт. Расулуллах с.а.в. айтат:
وأيُّما أهْلِ عَرصَةٍ أصبَحَ فيهم امْرُؤٌ جائِعٌ، فقد بَرِئَتْ منهم ذِمَّةُ اللهِ تَعالى.
“Бир кыштак элинин ичинде бир адам ачка абалда таң атырса, алардан Аллахтын убадасы көтөрүлдү.” Ахмад Ибн Умардан чыгарган жана Ахмад Шакир аны сахих деген. Расулуллах с.а.в. Роббиси тарабынан риваят кылган хадисте:
ما آمن بي من بات شبعانَ و جارُه جائعٌ إلى جنبِه و هو يعلم به
“Кошунасынын ачкалыгын билип туруп, түндү ток абалда өткөргөн адам мага ыйман келтирбептир”, – деген. Баззор бул хадисти Анастан Хайсамий жана Мунзирий хасан деген иснад менен чыгарган.
Мамлекет өзгөчө кырдаал жүз бербей туруп анын алдын алууга аракет кылат жана ал үчүн зарыл болгон бардык чараларды даярдап коёт. Күтүүсүз кырсыктар – алар жекече окуялар болобу, же жалпы кырсыктар болобу айырмасыз – суу ташкындары, жер титирөөлөр, эпидемиялык жана эпидемияга тиешеси болбогон пандемияны алдын ала аныктоо о.э. бул балээлерден алдын ала эскертүү жаатында илим-билим жетишкен эң заманбап услуб жана васиталарды, техникалык жабдыктарды ишке салат. Ал жабдыктар, жүз берүү ыктымалы болгон өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн ар дайым даяр абалда турат. Эгер мындай кырдаалдардын алдын алууга мүмкүн болбосо, жок дегенде, алардын кесепетин эң жакшы көрүнүштө жоюуга шай турушу керек болот. Ал үчүн жабдыктар, даярдык, үй-жай, башбаанек, көчмө ооруканалар, алдын ала даярдап коюлган атайын орундардын болушу, алардын даярдыгын маал-маалы менен текшерип туруу о.э. аларды эң заманбап жабдыктар менен камсыздоо зарыл болот. Эгер акимдер Исламды чырайлуу колдонушса, Үммөт да мухасабаны о.э. “аларды оңдоп турууну” чырайлуу аткарышса т.а. өз убагында акимдерди эсеп-китеп кылып, алар тайылган кезде дароо туура жолго салып турса, алардын иштери туура жана туруктуу болот, Аллахтын изни менен эң кыйын көйгөйлөрдү да жеңип өтүшөт. Аллах Таала айтат:
وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَىٰ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ
“Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек”. [7:96].
Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоону каржылоо
Шаръий далилдер мамлекетке коопсуздукту камсыздоо, медицина жана таалим сыяктуу Үммөттүн негизги муктаждыктарын камсыздоону важиб кылган. Шарият саламаттыкты сактоо талап кыла турган каражаттарды мамлекеттик казынага – байтул малга – жүктөгөн. Абу Хурайрадан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в. айткан:
مَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِوَرَثَته وَمَنْ تَرَكَ كَلاًّ فَإِلَيْنَا
“Ким мал-дүйнө калтырып кеткен болсо, ал мураскорлоруна берилет. Ким жетим-жесир калтырып кеткен болсо, ал биздин мойнубузда”. Бухарий өзүнүн сахихинде риваят кылган.
Муслим Жабир р.а.дан чыгарган хадисте айтылат:
بَعَثَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عليه وسلَّمَ إلى أُبَيِّ بنِ كَعْبٍ طَبِيبًا، فَقَطَعَ منه عِرْقًا، ثُمَّ كَوَاهُ عليه
“Расулуллах с.а.в. Убай ибн Каъбга табиб жиберди. Табиб анын тамырын кести жана аны күйдүрдү.”
Хаким “Ал-Мустадрак”та Зайд ибн Асламдан, ал атасынан риваят кылган хадисте айтылат:
“Мен Умар ибн Хаттабдын заманында катуу ооруп калдым. Ошондо Умар мага бир табиб чакырды. Табиб мени диетага салды. Диетанын катуулугунан мен урук гана шимийт элем”.
Демек, Расулуллах с.а.в. мамлекет башчысы катары Убай ибн Каъбга табиб жиберди. Экинчи рошид халифа Умар разияллоху анху да Асламды дарылашы үчүн ага табиб жиберди. Бул эки мисал саламаттык жана медицина элдин негизги муктаждыгы болуп, булар мамлекет – бул тармакка муктаж болгон калкы үчүн – акысыз камсыздашы важиб болгон негизги муктаждыктар түркүмүнө кирет.
Саламаттыкты сактоого байтул малдан каражат бөлүнөт. Эгер саламаттыкты сактоого тиешелүү зарыл иштер чыгып калса, мисалы, аймакта талапка жооп бере турган оорукана болбогон абалда жаңы оорукана курууга байтул малда каражат жетишпесе, мындай абалда мамлекет саламаттыкты сактоо үчүн зарыл болгон муктаждыкты каптоо үчүн байларга салык салат. Себеби, халифа мусулмандардын кызыкчылыгы кайсы жерде болсо, ошол жерде алардын кызыкчылыктарын коргошу важиб жана аларга жардам бериши керек. Жардам берилбесе, мусулмандарга зыян жетиши мүмкүн. Зыянды жоготуу халифага да, мусулмандарга да важиб. Расулуллах с.а.в. айтат:
لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ، مَنْ ضَارَّ ضَارَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ شَاقَّ شَاقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ
“Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок. Ким зыян жеткирсе, Аллах ага зыян жеткирет. Ким машакатка салса, Аллах аны машакатка салат”. Хаким бул хадисти “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана аны Муслим шартына ылайык сахих деген.
Мусулмандардын кызыкчылыгы корголбошу, бериле турган жардамдын болбошу акыбетинде аларга жете турган зыянды эсепке алган абалда халифага да, мусулмандарга да мындай коргоо жана жардамдарды берүү важиб болот. Анткени, буга эътибарсыздык зыян жеткирет. Демек, бул мусулмандарга фарз болот. Муну халифага фарз кылган нерсе иштерди башкаруудан көрүнүп турат. Муну мусулмандарга жана халифага фарз кылган нерсе болсо, далилдердин умумийлигинен келип чыгат. Себеби, Расулуллах с.а.в.дын; “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок”, – деген сөздөрү умумий. О.э. “Ким машакатка салса,” деген сөзү да умумий. Ошондуктан, бул халифаны да, мусулмандарды да өз ичине алат. Саламаттыкты сактоо адамдар ага муктаж боло турган масолих жана марофик – кызыкчылык жана ыңгайлуулуктар – болгону үчүн зарурий муктаждыктардан деп эсептелет. Чындыгында, Расулуллах с.а.в. дарыланууга буйруган. Абу Давуд Сунанында Усома ибн Шурайктан чыгарган хадисте келет, Усома айтат:
قَالَ أَتَيْتُ النَّبِيَّ صلى الله عليه وسلم وَأَصْحَابُهُ كَأَنَّمَا عَلَى رُءُوسِهِمُ الطَّيْرُ فَسَلَّمْتُ ثُمَّ قَعَدْتُ فَجَاءَ الأَعْرَابُ مِنْ هَا هُنَا وَهَا هُنَا فَقَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ أَنَتَدَاوَى فَقَالَ : تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلاَّ وَضَعَ لَهُ دَوَاءً غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ
“Мен Расулуллах с.а.в.дын алдына келдим. Сахабалар кудум башына куш конуп отургандай тынч отурушкан экен. Мен салам берип, отурдум. Ошондо ар тараптан бадавий (бедуин) арабдар келишти жана алар: Дарыланабызбы, я Расулуллах, – деп сурашты. Ошондо Расулуллах с.а.в.: “Дарылангыла! Анткени, Аллах кандай оору пайда кылган болсо, албетте анын шыпаасын да жараткан. Карылыктан башка бардык оорунун шыпаасын жараткан”, – деп жооп берди”. Бул хадис Термизийде Усома ибн Шурайктан төмөнкүдөй текст менен келет:
قَالَ قَالَتْ الأَعْرَابُ يَا رَسُولَ اللَّهِ أَلا نَتَدَاوَى قَالَ: “نَعَمْ يَا عِبَادَ اللَّهِ تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلا وَضَعَ لَهُ شِفَاءً أَوْ قَالَ دَوَاءً إِلا دَاءً وَاحِدًا) قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ وَمَا هُوَ قَالَ: “الْهَرَمُ”
“Бадавийлер; дарыланабызбы, я Расулуллах, деп сурашты. Ошондо Расулуллах с.а.в.: Ооба, эй Аллахтын пенделери дарылангыла! Анткени, Аллах кандай дарт жараткан болсо, албетте анын шыпаасын да жараткан. Болгону, бир гана дартка дабаа жараткан эмес, – деди. Ошондо алар: Ал кайсы дарт, – деп сурашты. Расулуллах с.а.в. аларга: Ал карылык, – деп жооп берди.” Термизий бу хадисти сахих, хасан деген. Карылык дегенде картайып, алсырап, өлүмү жакындап калган карылык назарда тутулган. Т.а. мындан өлүмдүн дабаасы жок деген маани чыгат. Дарылануу менен пайдага жетишилет, зыян жоготулат, бул болсо умумий кызыкчылык болуп эсептелет. Буга кошумча, клиника жана ооруканалар мусулмандар саламаттыгын тикелөө жана дарыланууда кайрыла турган умумий кызыкчылык, ыңгайлуулук орундары болуп эсептелет. Мамлекеттин мындай умумий кызыкчылык, ыңгайлуулук орундарын куруп, аларды башкарышы важиб. Анткени, Расулуллах с.а.в.дын төмөнкү сөздөрүнө ылайык мамлекет мындай иштерди башкаруудан жоопкер:
الإمام راع ومسؤول عن رعيته
“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер ”. Бухарий Абдуллах ибн Умардан чыгарган.
Мамлекет дарылануу жана медицинаны – байтул малга элдин кызыкчылыгы жана ыңгайлуулугу катары кайтарымсыз жумшашы важиб болгон нафака болгону үчүн – акысыз камсыздашы важиб болсо да, бирок, табиб жалдоо жана ага акы берүү жаиз. Себеби, дарылануу жаиз. Расулуллах с.а.в. жогорудагы хадисте: “Эй Аллахтын пенделери, дарылангыла!” – деди. Дарылануу кызыкчылык болуп, ижарага алынган киши пайда көрүшү мүмкүн. Буга ижара таърифи туура келет. Мунун кайтарылган жери жок. Мындан тышкары:
احتجم رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَجَمَه أَبُو طَيْبَةَ وأعطاه بِصَاعين مِنْ طعام وكلم مواليه و خفف عنه
“Расулуллах с.а.в. хижама кылдырды. Ал затты Абу Тойба хижама кылды. Расулуллах с.а.в. ага эки соъ тамак берди.” Бухарий Анас разияллоху анхудан риваят кылган. Ибн Аббастан риваят кылынат:
احتجم النبي صلى الله عليه وسلم وأعطى الحجام أجره ولو علم كراهية لم يعطه
“Набий с.а.в. хижама кылдырды. Хижамачыга акысын берди. Эгер мында карохият (жаман көрүлгөн нерсе) болгондо Расулуллах с.а.в. ага акысын бербейт эле”. Бухарий риваяты. Хижама ошол кезде дарылоонун кеңири жайылган түрлөрүнөн болгон. Демек, хижамага акы алуу табиб жалдоо жаиз экендигине далалат кылат. Дары-дармектер соодасы менен алектенүү да табиб жалдоого окшойт. Себеби, бул соода да мубах болуп, ага Аллахтын:
وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ
“Аллах сооданы адал кылды ”[2:275], деген сөзүнүн умумийлиги далил болот. Бул сооданы арамга чыгара турган бир да насс-хужжат келген эмес.