Садыр Жапаров Санкт-Петербургда КМШ бейформал саммитине катышат
Кабар: Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен барды.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышат.
Саммитке Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат.
Комментарий: Украинадагы баскынчылык согушу себептүү дүйнөлүк коомчулукта жекеленип калган жана күн өткөн сайын кубатын жоготуп бара жаткан Путин өзүнүн менчиги катары эсептеген Борбор Азия республикаларын чеңгелинде кармап калууга аракет кылууда. Ал үчүн Путин Россиянын жетегинде болгон түрдүү уюмдардын жыйынын өткөрүп, керек болсо аймактагы мамлекеттерди коркутуу аркылуу болсо да максатына жетүүгө умтулууда. Мисалы, быйыл 14-октябрда Астана шаарында КМШнын жыйыны уюштурулган болсо, 23-ноябрда Ереванда ЖККУнун жыйыны болуп өттү. 10-декабрда Бишкекте ЖЕЭКтин жыйыны болуп өттү. Эми болсо Санкт-Петербургда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммити өткөрүлдү.
Башка тараптан, расмий Москва адаттагыдай эле, өзүнөн алыстоого аракет кылып жаткан Борбор Азия мамлекеттерин күч менен коркутууда. Кечээ күнү Россиянын тышкы иштер министрлиги Борбор Азия мамлекеттери менен Россиянын ортосундагы мамиленин үзүлүшүнө “керек болсо, бир ишарат да” алардын экономикасына олуттуу зыян жеткиришинен эскертти.
Россия тышкы иштер министрлигинин үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник Борбор Азия мамлекеттеринин Россияга каршы санкцияларды сактоо өңдүү аракеттерине Москва кандай реакция кылары жөнүндөгү суроого жооп берип: “Биз биринчи кезекте бардык оюнчулардын аракеттерине, Россиянын кызыкчылыгына зыян келтирип жатабы же жокпу, ошого карата баалайбыз. Мына ошондон соң гана биз тыянак чыгарабыз. Биздин өнөктөштөр дагы Россия менен көп кырдуу байланыштарды жоготпоого абдан кызыкдар деген ойдобуз. Керек болсо, алардын мамилени жыйыштырууга жасаган ишараты да ушундай бир оор экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Андай чыгымдарды кожоюндардын кенемте төлөө убадалары да жаба албайт”, – деген.
РФ Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин 28-ноябрдагы Өзбекстанга сапары учурунда Өзбекстан АКШ менен кызматташтыктын “ыктымалдуу акыбеттерине баа берүүдө” Европанын Америка менен кызматташтыгы “натыйжаларынан” сабак алышы керектигине басым жасады.
Анын айтымында, АКШ менен жакын мамилелер Европаны экономикалык проблемаларга дуушар кылган. Америка Европаны Россияга каршы санкциялар согушуна сүйрөп кирип, Европа менен Россиянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду кыйроого учураткан. Володин: “Арзан энергиядан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере турган ошол программаларыбыз Германия, Франция жана башка мамлекеттерде өнөржай өнүгүшүнүн негизи болчу”, – деген.
Өз кезегинде, Россиянын саясий жана аскерий жактан алсырашынан пайдаланып калууга аракет кылып жаткан Батыш мамлекеттери да Борбор Азияга тез-тез каттап калышты. Мисалы, октябрь айында Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишель, ноябрь айында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Борбор Азияга сапар кылды.
Жозеп Боррел ошол сапарында: “Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз сыяктуу эле биз да стратегиялык автономияны бекемдөө зарыл экендигин көрдүк. Ким менен жана кандай мамиле орнотууну эркин чечүү үчүн мамилелер болгону жакшы, бирок өтө эле байланып калгандык жана тандоо мүмкүнчүлүгү жоктугу кымбатка түшөт. Биз муну Европада энергетика коопсуздугу мисалында көрдүк. Биз Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз кайсы бир эл аралык өнөктөшкө байланып калууну четке кагышын урматтайбыз жана колдойбуз. Биз Борбор Азиядагы досторубуздун тандоо эркиндигин колдойбуз о.э. тандоолор чектөөсүз болушу керектигин тастыктайбыз”, – деген жана Борбор Азия мамлекеттеринин Россиядан мүмкүн болушунча алысташын колдогон. Мындан тышкары, Мирзиёев да, Токаев да ноябрь айында расмий сапар менен Францияга барып, президент Эммануэл Макрон менен жолугуп келишкен…
А бирок, аймактагы мамлекеттердин башчылары бир колонизатордон кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатышат. Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттердин бардыгы бир гана негизде т.а. башка мамлекеттерди колония кылып, байлыктарын талап-тоноо, ал мамлекеттердин калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу негизинде гана аракет кылышат. Бул мамлекеттерди бири да “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине, айрыкча, исламий өлкөлөр менен мусулмандарга жакшылык алып келүү үчүн аракет кылышпайт.
Абдурахман Адилов