Кыргыз бийлиги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар сурады

768
0

Кыргыз бийлиги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар сурады

 Кабар: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сурады. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында ведомствонун башчысы Динара Кутманова билдирди.

Кутманованын айтымында, гранттын эсебинен 23 көмүр менен жылытылган мештерди газга өткөрүп, үй чарбаларында энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү пландаштырылган.

 “Энергиянын альтернативдүү булактарын кеңири жайылтышыбыз керек. Бул багытта долбоорлор иштелип чыкты”, – деген Кутманова.

О.э. ал БУУнун алдындагы Жашыл климаттык фонду мындай суммадагы арыздарды үч жыл ичинде карай турганын белгиледи. Ошондуктан Кутманова Бишкектеги ыш маселесин эртерээк чечүүнү убада кылды.

Мындан тышкары, жаратылыш ресурстары министри ведомство Бүткүл дүйнөлүк банктан 50 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя алганын билдирди. Ал каражатты Бишкектин ирригация системасына, Кыргызгидрометти жана көмүрдүн сапатын текшерген лабораторияларды жабдууга жумшоо пландаштырылган.

 О.э. Кутманова 2022-жылы Финансы министрлиги экологияны коргоого бир дагы сом бөлүп бербегенин белгиледи.

«Албетте, грант жакшы. Климат, экология абдан жакшы каржыланат. Бирок ошол эле кезде эл аралык институттар ички салымды да талап кылышат. Бул механизм иштемейинче, мага эл аралык платформада климаттык күн тартибине берилгендигибизди далилдөө өтө кыйынга турат», – деди Кутманова.

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 миллиард доллар.

Комментарий: Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдар аралыгында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан, Кытайдын “Эксимбанкы” бөлгөн 386 миллион доллардык кредиттин эсебинен модернизацияланган. А бирок, модернизацияланган ЖЭБ мурункудай эле көмүр жана мазут менен иштеген бойдон калган. Аны газ же дагы башка жаратылышка зыяны аз болгон отунга өткөрүү жөнүндө ойлоп да коюшпаган. Алынган карыз болсо карыз бергендер жана өзүбүздүн бир ууч чиновниктерибиз ортосунда таланып-тонолуп кеткен. Бул иштин артынан бир катар чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылды, бирок элдин мойнундагы карыз азайып калбады. Кредит болсо 2033-жылга чейин 480 миллион доллар кылып кайтарылышы керек.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо учурунда альтернативдик отундан пайдалануу каралбаганы себептүү, мына бир топ жылдан бери Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде “жетекчи” болуп келе жатат. Айрыкча, абанын булганышына байланыштуу абал акыркы 5-6 жылдын ичинде ого бетер начарлап кетти. Адистер мунун бир нече себебин айтышууда: Биринчиден, Бишкек ЖЭБинин сапатсыз реконструкция кылынышы; экинчиден, шаарда абанын айланышын эсепке албастан көп кабаттуу үйлөр курулушу; үчүнчүдөн, унаалардын көптүгү.  

Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча, адамдын булганыч абадан дем алышы жүрөк-кан тамыр ооруларын жана дем алуу органдарынын бир катар ооруларын пайда кылат. Калктын аялуу катмарына ден соолугу начар адамдар, жаш балдар жана карылар кирет. Айтылышынча, абадагы уулуу заттар нерв системасына да таасирин тийгизет. Расмий өкмөт элдин мойнуна ушунча карызды илгени жетишпегендей, элдин,  келечек муундун ден соолугун да коркунучка дуушар кылууда. Бүгүнкү күндө бийлик ыш менен күрөшүү үчүн дагы кайрадан карыз сурап жатат. А бирок, Кыргызстанда терең тамыр жайган коррупция балээси себептүү, алына турган бул каражатты да бир ууч чиновниктер талап-тоноп кетпешине эч кандай кепилдик жок.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here