Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Ислам назарында ден соолук жана саламаттыкты сактоо
Ислам назарында ден соолук
Саламаттыктын лугавий мааниси – бул оорунун тескериси т.а. оору жок болушу. О.э. ар кандай айып жана шек-күмөндөрдөн, жүрөктөгү дүрбөлөң жана тынчсыздануулардан таза болуу да саламаттык деп айтылат. Денедеги саламаттык табигый абал болуп, бул абалда дене аткара турган фиъл-аракеттер өзүнүн табигый багытында жүрөт. Жаңыча терминде болсо, саламаттык түшүнүгү кененирээк мааниге ээ. Саламаттыкка “Табигый милдеттерден болгон бир абал, бул абал оору себептүү кээде өзгөрүп калышы да мүмкүн” деп каралгандан кийин, жаңыча терминде саламаттыкка “ал жалаң оору жана илдеттерден кутулуу эле эмес, буга кошумча, дене саламаттыгы, психологиялык жана социалдык саламаттык” деген аныктама берилет. Ушуга ылайык, жакшы же жаман саламаттык – туруктуу активдүүлүк абалы. Оору жана илдеттердин болбошу саламаттык жакшы деп сыпатталышы үчүн жетиштүү да, зарыл да эмес. Чындыгында, Ислам саламаттыкка аябай маани берип карады. Саламаттыкты көп адамдар кадырына жетпеген жана алданып калган улуу бир ниъмат деп эсептеди. Бухарий “Сахихинде” Ибн Аббастан риваят кылат. Расулуллах с.а.в.:
نعمتان مغبون فيهما كثير من الناس
“Эки ниъмат бар. Көптөгөн адамдар бул экөөндө алданып калышат. Бул ниъматтардын бири ден соолук, экинчиси бош убакыт”, – деген. Т.а. дене саламаттыгы жана алардын күч-кубаттуу болушу. Бош убакыт – бул инсандын турмуштук иштерден, жашоо машакаттарынан бош болушу. Хадисте саламаттыктан, бош убакыттан жана ушул сыяктуу ниъматтардан пайдаланып калууга чакырылат. Расулуллах с.а.в. момундарды саламаттыгы жоголбой туруп анын кадырына жетүүгө үндөйт. Расулуллах с.а.в.:
اغْتَنِمْ خَمْسًا قبلَ خَمْسٍ : شَبابَكَ قبلَ هِرَمِكَ ، وصِحَّتَكَ قبلَ سَقَمِكَ ، وغِناكَ قبلَ فَقْرِكَ ، وفَرَاغَكَ قبلَ شُغْلِكَ ، وحَياتَكَ قبلَ مَوْتِكَ
“Беш нерсе келээрден мурда беш нерсенин кадырын бил. Карылык келбестен жаштыгыңдын, ооруп калаардан мурда ден соолуктун, кедей болуудан мурда байлыгыңдын, бир нерсе менен алек болоордон мурда бош убактыңдын, өлүм келээрден мурда өмүрүңдүн кадырын бил”. Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана бул эки шайхтын шартына ылайык сахих хадис деген. О.э. Расулуллах с.а.в. момундарды Аллах Тааладан аафият, ден-соолук, саламаттык суроого үндөгөн жана бул ишти йакын-ыймандан кийинки эң жакшы амалдар катарына кошкон. Ибн Хаббан өз сахихинде риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. айтат:
سَلُوا اللَّهَ الْمُعَافَاةَ فَإِنَّهُ لَمْ يُعط أَحَدٌ مثل الْيَقِينِ بعد الْمُعَافَاةِ
“Аллахдан аафият сурагыла. Себеби, йакыйндын мисли аафияттан кийин эч кимге берилбеген ”. Аафият – диндин фитналардан таза болушун о.э. дененин оору жана кыйынчылыктардан саламат болушун өз ичине алат. Расулуллах с.а.в. айтат:
لَا بَأْسَ بِالْغِنَى لِمَنْ اتَّقَى اللهَ ، وَالصِّحَّةُ لِمَنْ اتَّقَى اللهَ خَيْرٌ مِنَ الْغِنَى ، وَطِيبُ النَّفْسِ مِنَ النِّعَمِ
“Кишинин бай болушунда эч бир зыян жок. Таква кылган адам үчүн саламаттык байлыктан жакшыраак. Дилдин тазалыгы да бир ниъмат”. Хаким риваяты. Расулуллах с.а.в. жаман оорулардан баанек тилеген. Чындыгында, Абу Давуд Анас ибн Маликтен риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в. айтат:
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْبَرَصِ، وَالْجُنُونِ، وَالْجُذَامِ، وَمِنْ سَيِّئِ الأَسْقَامِ
“Эй Аллахым! Мен Сенден ала оорусунан, жиндилик жана жаман оорулардан баанек тилеймин ”. Ибн Хаббан өз сахихинде риваят кылган. Кийин, ден соолук ниъматы да башка ниъматтар сыяктуу болуп, адам кыямат күнүндө бул ниъматтан суралат. Бул болсо, ден соолуктун канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилейт. Расулуллах с.а.в. айтат:
إن أول ما يُحاسَب به العبد يوم القيامة أن يقال له: ألم أصح لك جسمك، وأروك من الماء البارد
“Кыямат күнүндө пенде эсеп-китеп кылына турган эң алгачкы нерсе ушул, ага “сенин дени-жаныңды соо-саламат кылбадымбы жана муздак суу менен сенин чаңкооңду кандырбадымбы?!”. Хаким риваят кылган жана аны иснады сахих хадис деген.
Ислам назарында саламаттыкты сактоо
Саламаттыкты сактоо – бул элдин саламаттыгын текшерип, күзөтүп баруу, элдин саламаттыгын коргоо жана бул үчүн зарыл болгон чараларды колдонуу. Анткени, бул иштер жисманий саламаттык жана рухий саламаттыкка алып барат. Саламаттыкты сактоо жеке адам же коом деңгээлинде болобу айырмасыз, оорулар пайда болбой туруп алардан сактанууну, пайда болгон учурда аларды дарылоону өз ичине алат. Саламаттыкты сактоого мындай көз караш менен караш керек, ал иш жүзүндө жемиштүү жана үзгүлтүксүз риъайа (амал кылынуучу нерсе) болуп, бул риъайа Исламда шахс жана коом кандай болушу керектиги жөнүндөгү тасаввурду жүзөгө чыгарат. Т.а. ал жеке адамдын жисманий жана рухий саламаттыктан пайдалануу муктаждыгын кандырат, шаръий милдеттерди аткарышына шарт түзөт. Исламий коом, Ислам мамлекети болсо саламаттыкты сактоодо Ислам рисаалатын бүтүндөй адамзатка даъват жана жихад жолу менен жеткирүүдө эң акыркы заманбап услуб жана васиталарды ойлоп табууда, илим-билим жетишкен эң алдыңкы утуштарга ээ болууда жогорку деңгээлге көтөрүлүп барат. Шарият саламаттыкты сактоону түздөн-түз мамлекеттин жана халифанын мойнуна жүктөйт. Расулуллах с.а.в. айтат:
الإمام راع ومسؤول عن رعيته
“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер ”. Бухарий риваят кылган. Анткени, саламаттык калк үчүн азык-түлүк жана коопсуздук сыяктуу эң негизги муктаждыктардан болуп эсептелет. Ошондуктан, Расулуллах с.а.в.:
مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ ، مُعَافًى فِي جَسَدِهِ ، عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا
“Силерден кимдин дили кадыржам болсо, дени соо болсо, күнүмдүк азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээлик кылгандай болуптур”, – деген. Термизий риваят кылган жана бул хадисти хасан, гариб деген. Ибн Хаббан бул хадисти өз сахихинде чыгарган. Чындыгында, шариятта саламаттыкты сактоо мамлекеттин мойнундагы важиб экендигине умумий жана хос далилдер келген:
Умумий далилдерге келсек:
Саламаттыкты сактоо жана медицина – бул мамлекет субъекттер үчүн камсыздашы керек болгон милдеттер түркүмүнө кирет. Ушул көз караштан келип чыгып, клиника жана ооруканалар мусулмандар ден соолугун тикелөө үчүн кайрыла турган мекемелер болуп эсептелет. Ошондуктан да негизи медицина масолих жана марофиктерден т.а. мекеме жана мүмкүнчүлүктөрдөн турат. Мамлекеттин мындай мекеме жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоону мойнуна алышы важиб. Себеби, Расулуллах с.а.в.дын төмөнкү сөздөрү негизинде мамлекет мындай милдетти жүзөгө ашырышы важиб:
الإمام راع ومسؤول عن رعيته
“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер ”. Бухарий Абдуллах ибн Умардан чыгарган. О.э. калктын саламаттыгын сактоо иштерин камсыздабай коюу зыянга алып барат. Зыянды жоюу мамлекетке важиб. Расулуллах с.а.в. айткан:
لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ مَنْ ضَارَّ ضَارَّهُ اللَّهُ وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ
“Зыян жеткирүү да, бири-бирине зыян жеткирүү да жок. Ким зыян жеткирсе, Аллах ага зыян жеткирет. Ким машакатка салса, Аллах анын өзүн машакатка салат.” Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана бул хадисти Муслим шартына ылайык иснады сахих хадис деген. Мына ушул тараптан да саламаттыкты сактоо мамлекетке важиб болот.
Ал эми хос далилдерге келсек:
Имам Муслим Жабир разияллоху анхудан кылган риваятта айтылат:
بَعَثَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى أُبَيِّ بْنِ كَعْبٍ طَبِيبًا فَقَطَعَ مِنْهُ عِرْقًا ثُمَّ كَوَاهُ عَلَيْهِ
“Расулуллах с.а.в. Убай ибн Каъбга бир табиб жиберди. Табиб анын бир тамырын кесип, андан соң аны күйгүздү”. Хаким “Ал-Мустадрак”та Зайд ибн Сабиттен, ал атасынан кылган риваятты келтирет: “Умар ибн Хаттоб заманында катуу ооруп калдым. Ошондо Умар мага бир табиб чакырды. Табиб мени диета сактоого буюрду. Диетанын катуулугунан мен жалаң гана урук шимийт элем”. Расулуллах с.а.в. мамлекет башчы катары Убай разияллоху анхуга табиб жибергендиги, экинчи рошид халифа Умар разияллоху анху Аслам разияллоху анхуну дарылоо үчүн ага табиб чакырганы – мына ушулардын бардыгы саламаттыкты сактоо жана медицина мамлекет өз калкы үчүн акысыз камсыздашы важиб болгон негизги муктаждыктар түркүмүнөн экендигине далалат кылат.
Бухарий “Адабул муфрод” жана “Тарихи согир”де Махмуд ибн Лубайддан риваят кылат, Махмуд разияллоху анху айтат: “Хандак согушунда Саъд билегинен жараат алып, оор абалга түшүп калганда аны Руфайда деген аялдын алдына алып барышты. Ал аял жараат алгандарды дарылайт эле. Набий с.а.в. Саъддын жанынан өткөн сайын:
كيف أمسيت “Күндү кандай өткөрдүң ”,- деп, эртелеп болсо, كيف أصبحت “Таңды кандай атырдың”, – деп абалын сурайт эле. Саъд Пайгамбарыбыз с.а.в.га өзүнүн абалы тууралуу айтат эле. Саъд разияллоху анхунун Руфайданын алдына жөнөтүлүшү Набий с.а.в.дын буйругу менен болгон. Ибн Исхак Саъд ибн Муаз разияллоху анху кыссасында айтат, Саъд разияллоху анху Хандак согушунда жарадар болгон соң, Расулуллах с.а.в.: “Аны Руфайданын алачыгына алып баргыла, мен бир аздан кийин барып көрөмүн”, – деди. Руфайда Аслам уруусунан чыккан аял болуп, жарадар болгондорду дарылайт эле жана ал абалы начар жетим-жесир, жакыр, жардамга муктаж адамдарга жана бирер мусулман жакыны болбогон жалгыздарга кызматын арнаган аял болчу. Муну Ибн Исхак “Ас-сийрат”та, Вакидий болсо, “Ал-магозий”де келтирген. Имам Муслим бул окуяны Айша розияллоху анхадан кыскача риваят кылат. Айша энебиз айтат:
أُصِيب سعد يوم الخندق، رماه رجل من قريش، يقال له بن الْعَرِقَةِ رماه في الأَكْحَلِ ، فضرب النبي صلى الله عليه وسلم خَيمة في المسجد ليعوده من قريب
“Хандак күнү Саъд жарадар болду. Аны Курайштан Ибнул Арико деген адам жаа менен аткан эле. Жебе анын билектеги кан тамырына тийди. Натыйжада, Расулуллах с.а.в. ага мечитте бир алачык курдуруп, андан тез-тез кабар алып турду”. Көрүнүп тургандай, алачык Расулуллах с.а.в.дын буйругу менен курулган. Алачык мечитте т.а. умумий жерде курулган эле. Ал азыркы умумий оорукана катары болгон. Расулуллах с.а.в.дын жогорудагы Ибн Исхак риваятындагы “аны (Руфайданын алачыгына) алып баргыла!”, деген сөзү ал зат ишти мамлекет башчысы жана армия командачысы катары башкаргандыгына далил болот. Мындан тышкары, Саъд разияллоху анху армия сабындагы аскерлерден болчу. Бирок, оорукана жалаң аскерлерге гана хос болгон эмес. Тескерисинче, ал умумий болуп, Ибн Исхак риваятында келгендей, бардык мусулмандарга тиешелүү болгон.
Бухарий “Адабул Муфрод”до келтиргендей, Ибн Саъд Руфайданы Куъайба деп атаган. Маанилүүсү, ал аял мамлекет башчынын буйругу менен мечитте курулган, бир алачыктан турган мамлекеттик оорукананын мүдүрү болгон. Хадисте бейтаптардан эч кандай акы албаганына ишара бар. Ал кызматын мусулман жарандар, бей-бечараларга арнап койгон эле. Т.а. мусулмандар ага дарылануу акысын беришпейт эле, алардын дарыланышы акысыз эле. Ушул акысыз медицина кызматы бей-бечара, жакырларга гана хос болгон эмес. Себеби, Саъд Бану Абдул Ашхам уруусунун саййиди болгон, ал жакыр-бечаралардан эмес эле. Ошондой болсо да ал акысыз дарыланды, медицина кызматынан акысыз пайдаланды. Ошондуктан мамлекеттин бардык жарандарды, байын да, кедейин да акысыз медициналык кызмат менен камсыздашы важиб.
Бухарий жана Муслимде Анас ибн Маликтен риваят кылынат. Анас разияллоху анху айтат:
عن أنس بن مالك، قال: قدم أناس من عكل أو عرينة، فاجتووا المدينة «فأمرهم النبي صلى الله عليه وسلم، بلقاح، وأن يشربوا من أبوالها وألبانها
“Укл жана Урайна уруусунан болгон кишилер келишти жана алардын Мединада тургусу келбеди. Ошондо Расулуллах с.а.в. аларды эмдөөгө жана төөнүн сүтүнөн, бавлинен (сийдигинен) ичүүгө буюрду”. Бухарийде ушундай текст менен келет. Муслимде болсо, төмөнкүдөй текстте келет:
“Расулуллах с.а.в. аларга: “ Эгер кааласаңар садака кылынган төөлөргө барып, алардын сүтүнөн жана бавлинен ичкиле”, – деди. Ошондой кылышкан соң алар айыгып кетишти. “Мединада тургусу келбеди” – дегени, тынчсыздануу же кандайдыр оору бар болгону үчүн Мединада турууну каалашпады дегени. Абу Убайд, Жавхарий жана башкалар бул сөздү чечмелеп, “качан ниъматтар ичинде болсо да, ал жерде турууну жактырбаса шаарда тургусу келбеди деп айтылат” дешкен. Хаттобий айтат: Бул сөздүн аслинен ашказанды оорута турган бир оору түшүнүлөт. Т.а. Мединанын абасы аларга туура келбеген. Алар Мединага келип ооруп калышкан. Ошондуктан, ал жерде тургусу келбей калган. Ошондо Расулуллах с.а.в. аларды дабалай турган, алар үчүн шыпаа боло турган бир жерди даярдоого көңүл бурган. Бухарийдеги хадистин башка риваятында Расулуллах с.а.в. “ … натыйжада аларды Харрага түшүрдү”. Харра – Мединанын тышкарысында кара таш каптаган жер болчу. Расулуллах с.а.в. балким алардын табиятына Мединанын жерине караганда Харранын жери туура келер деген үмүттө аларды ошол жакка барууга буйруган эле. Расулуллах с.а.в. аларга садака кылынган төөлөрдүн сүтүнөн ичүүгө уруксат берген. Негизи, ал төөлөр Байтулмалдын тасарруфундагы төөлөр эле. Бул болсо, медицина, медициналык жардам мусулмандардын Байтулмалдан каражат бөлүнө турган масолих-кызыкчылыктарынан экендигине далалат кылат.