بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Пакистан суу ташкыны астында калды…
Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги болсо бийлик үчүн күрөшүү менен алек
Пакистандын өтө көп аймагы мезгилик жаандын күчтүү болгондуктан суу ташкыны астында калды. Кырсыктарды башкаруу улуттук мекемеси билдиришинче, 12-июндан бери суу ташкынында 903 адам каза болуп, 1290у жараат алган, 200 миңге жакын үй бүтүндөй жараксыз болгон, 20 миллиондон ашык киши эвакуацияланган.
Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Суу ташкындары мамлекеттин жоопкерчилигине куткаруу иштери үчүн күнү-түнү болгон күчүн аябай жумшоо милдетин жүктөйт. Бирок, өкүмдарлар кудум адамдарга реалдуу кыйроо жетпегендей мамиле билдирип, мындай абалды өздөрүнүн билдирүүлөрү үчүн ыңгайлуу учур деп билишүүдө. Себеби, саясий жана аскерий жетекчиликтин чыныгы ташбиши – бийлик үчүн күрөш.
Пакистандын учурдагы бийлиги суу ташкыны учурунда адамдардын укугун орой түрдө бузуп, алардан баш тартты жана жетимдердей таштап койду. Эмнеге? Себеби, демократияда башкаларга кызмат кылынбайт, балким, өлкө байлыгынын эсебинен элитага кызмат кылынат…».
Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана суу ташкындарында жана башка проблемаларда биздин иш ээбиз болот. Халифа Исламды толук колдонуу менен эле чектелип калбайт, муну менен бирге, Аллах Субханаху ва Тааланын алдында эсеп берүүдөн коркуп, адамдардын жыргалчылыгын да өз жоопкерчилигине алат. Ошондуктан, Пакистан армиясындагы калыс офицерлер тезинен Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахирге нусрат-жардам берүү аркылуу өзгөрүү жасашы керек. Халифалык суу ташкынынын курмандарына жардам берүүгө болгон күч жана көңүлүн жумшайт».
Роя гезити, №407, 2022-жыл, 7-сентябрь.