Шойгу: Россия Тажикстан жана Кыргызстандагы базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

268
0

Шойгу: Россия Тажикстан жана Кыргызстандагы базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

Кабар: Афганистандагы кырдаалдан улам Россия ар кандай кырдаалга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу шаршемби күнү Ташкентте ШКУнун коргоо мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди.

 Ал: “Россия ар кандай кырдаалга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат”, – деди.

Шойгу Афганистанда “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” сыяктуу эл аралык террорчу уюмдар активдешип жатканын  белгилеп, муну Борбор Азия коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч деп атады.

 “Афганистанда куралдуу кагылыш уланып жаткандыктан социалдык-экономикалык кырдаал начарлап, диний радикализмдин идеологиясы жайылып, баңгизат жана чек арадагы кылмыш гүлдөп жатат”, – деди Россиянын коргоо министри.

Ал Россия Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык эл аралык демилгелерди колдой турганын айтып, аны менен катар Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрө турганын кошумчалады.

Шойгу июнда Москвада Борбор Азия мамлекеттери менен Россиянын коргоо мекемелеринин жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болгонун эске салып, анда Афганистандагы кырдаал жана аны жөнгө салуу маселеси көтөрүлгөнүн эске салды.

  Комментарий: Дүйнөдөгү жетекчи террорчу мамлекеттердин бири болгон Россия терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү маскасы артында дүйнө жүзүнө фитна таратып, согуш отун жагып келет. Дал ушул Россия жана дүйнөдөгү номер биринчи террорист АКШнын кесепетинен жүз миңдеген мусулмандар өлтүрүлүп, миллиондогон мусулмандар баш баанексиз калышты.

А бирок, ушул террорчу мамлекеттер мусулмандардын өлкөлөрүн басып алууда жана өз ара таасир талашууда иш жүзүндө жок болгон терроризм жана экстремизм коркунучун мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүп келишет. Белгилүү болгондой, Россиянын таянышы мүмкүн болгон аскерий кубатынан башка кубаты калбай бара жатат. Ошол себептен да, Россия Борбор Азияны өз таасири алдында кармап калууда Афганистанды жана ал жерде топтолгон куралдуу топторду  аймакка коркунуч катары көрсөтүүдө. Россия буга чейин Талибан кыймылын мокочо кылып көрсөтүп келген болсо, Талибан бийликке келген соң аталган кыймылдын расмий өкүлдөрүн Москвада расмий мамлекеттик делегация катары тосуп алып, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мурда Талибан кыймылына Россияда террорчу уюм катары тыюу салынган болсо, бүгүнкү күнгө келип расмий кабарларда “БУУнун санкциясы алдындагы уюм”  деп атала баштады. Талибандын бийликке келгенине бир жылдан ашып калса да, ал аскерий жактан бирер кошуна мамлекетке коркунуч туудурбады. Россия эми “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” уюмдарын коркунуч катары көрсөтүп, аймактагы аскерий базаларын күчөтүүгө умтулууда. Себеби, Россия аймакта саясий мүмкүнчүлүктү АКШнын пайдасына колдон чыгарып жаткан болсо, экономикалык жактан позициясын Кытайдын пайдасына колдон чыгарып барууда. Ошол себептен да, Россия аймакты өзүнүн аскерий коргоосуна муктаж абалга алып келүүгө аракет кылат. Ал үчүн жасалма коркунучтарды же башаламандыктарды пайда кылууда ар түрдүү провокация жана теракттарды уюштурушу да мүмкүн. Ошол себептен биз мусулмандар мындай фитналардан сак болушубуз, эл аралык жана аймактык саясий абалдардан кабардар болуп, колонизатор кафирлер үстүбүздө оюн кылышына жол бербешибиз керек. Бул болсо бизден саясий сергектикти талап кылат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here