Бисмиллахир рохманир рохиим
Тарыйкатта натыйжага жетүү үчүн пикирлөө шарт
Адамдагы бардык оорунун дабаасы бар, болгону андагы ооруну аныктоодо т.а. диагноз коюуда, ага дары-дармек белгилөөдө же дарылоо жолунда ката кетет. Натыйжада ал оору адамдан чыгып кетпей, аны кыйнай берет. Ошондуктан ар кандай ооруну дарылоодо күчтүү, тажрыйбалуу адис врачка муктаждык болот. Себеби, оору анык, аны туура табыш керек, дабаасы да анык, болгону анын туурасын билип, андан туура пайдаланыш керек. Себеби, Расулуллах с.а.в:
تداووا عباد الله، فإن الله سبحانه لم يضع داء إلا وضع معه شفاء، إلا الهرم
“Дарылангыла, эй Аллахтын пенделери! Аллах Субханаху бир ооруну койгон болсо, албетте аны менен шыпаасын да койгон, болгону карылык мындан тышкары”, – деген.
Адамдардагы оорулардын эле эмес, бардык проблемалардын чечими Куръанда баяндалган, Аллах Таала айтат:
وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ
“сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куръанды түшүрдүк”.[16:89].
Бул ыйман маселеси, муну билип туруп күмөн кылган адам кафир болот. Андан ишибиз үчүн зарыл болгон өкүмдөр китептерибизде кеңири баяндалган, биз үчүн зарыл болгон бардык маселенин чечими анык, буга да ишенебиз, Аллах Тааланы күбө кылып, касам менен ишенимибизди бекемдеп койгонбуз.
Демек, биздеги бардык проблемалардын чечими бар, болгону аны үйрөнүш керек. Учурда биздеги негизги проблема тарыйкат (Исламды турмушка алып келүү) туурасындагы Ислам чечимин туура түшүнбөстүк болуп жатат т.а. башыбыздагы проблемаларга чечим табуу үчүн тарыйкатты жакшы үйрөнүшүбүз керек. Тарыйкатта натыйжа көздөлбөгөн иштер шаръан кабыл алынбайт, ибадаттарда ниет шарт кылынгандай, же намазда даарат шарт кылынгандай эле, тарыйкатта да натыйжаны эсепке алуу шарт. Мисалы, ырыскы Аллах Тааланын колунда деген ишенимдеги момун, ырыскысын табуу үчүн соодасындагы кирешени, пайданы эсеп-китеп кылып, өзүнө макул келсе ушул ишке киришет. Бул фикратка тиешелүү, бирок натыйжаны эсепке алууну элестетүү үчүн бир мисал. Албетте – фикратка тиешелүү болобу, же тарыйкатка тиешелүү болобу айырмасыз – ар бир ишти шарият өкүмдөрү негизинде кылуу момун үчүн эң зарыл иш, негизи момун киши шариятка тескери иш кылууну ойлобойт. Ушул сыяктуу эле тарыйкатта да – натыйжа Аллахтын колунда болсо да, ар бир иши шариятка ылайык болсо да – негизги шарт натыйжаны этибарга алыш керек жана бул натыйжаны бардык жигиттерибиз көз алдына элестетип, ошону ишке ашыруу үчүн аракет кылышыбыз керек, себеби натыйжа эсепке алынбаган иштин шариятта этибары жок. “Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү” китебинде: “Ошондуктан, Ислам фикратын ишке ашыруудан көздөлө турган бардык иштер сезилбей турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган иштерден болушу бүтүндөй кайтарылат жана бул Ислам тарыйкатына тескери деп эсептелет”, – деп келген. Бул натыйжа масъулдардын эле эмес, бардык жигиттерибиздин көз алдында болушу шарт. Туура, ушул максатка алып баруучу планды аныктап берүү масъуллардын мойнундагы жоопкерчилик болсо да, калгандарынын муну билбестен аракет кылышы шаръан жаиз эмес.
“Ар бир ишти аткаруудан мурда бул иштен көздөлгөн максат болушу шарт. Бул максат болсо ыйманий мухиттин бир бөлүгү. Себеби, ыйманий мухит мабдага т.а. Исламга болгон ыймандан жана амалий коидадан турат. Амалий коида болсо – бул пикирди ишке байлоо жана экөөнүн тең бир максат үчүн болушу. Ар бир амалдын максаты болушу керек дегени – бул пикир жүргүзүү жана амал кылуунун белгилүү бир максат үчүн болушу дегени. Бул болсо бир бүтүн вужуд катары хизбдин өзүндө жана анын ар бир мүчөсүндө болушу шарт. Бул максатка тарбиялоо жана аны бардык адамдарда пайда кылуу зарыл”. (“Хизбут-Тахрирдин жайылуу нуктасы” китебинен).
Тарыйкаттагы ушул тарап т.а. натыйжаны эсепке алган абалда амалга киришүү этибарга алынбаганы үчүн – канчалаган калыс боордоштор Аллахтын калимасын бийик кылуу, Исламды турмушка кайтаруу жолунда малы-жанын курмандыкка беришсе да – Үммөт дагы деле куфр чеңгели алдында эзилип келет. Мисалы, мураттаб карыларды, факихтерди көбөйтүүнүн Үммөттү куфр чеңгелинен куткарууга тиешеси жок, бул фикрий тараптан анык болушунан тышкары, биздин жакын тарыхыбыз, бүгүнкүбүз буга ачык-айкын далил болот. Мисирдин өзүндө эле миллиондогон карылар, факихтер бар болсо да, Мисир АКШ чеңгелинен кутула албай жатат. Мындан тышкары, бул жолдун Расулуллах с.а.в. куфр түзүмүнөн кутулуу үчүн кылган иштерге таптакыр байланышы жок, себеби ал кезде Куръан толук түшүрүлө элек болчу, башкача айтканда, экономика, ижтима, башкаруу сыяктууларга тиешелүү көптөгөн өкүмдөр түшүрүлө элек болчу. Демек, муну негиз кылуу менен Расулуллах с.а.в.дын жолунан жүрбөгөн, ал затты өзүбүз үчүн өрнөк кылбаган, ал затка ээрчибеген болобуз. Негизи, мураттаб кары болуу (Куръанды толук жаттоо) Ислам талап кылган амалдардан, ал Үммөт мойнундагы фарзи кифая, факих болуу кудум ушундай. Усман ибн Афван р.а. риваят кылат:
خَيرُكُم من تعلَّمَ القرآنَ وعلَّمَهُ
“Силердин эң жакшыңар – Куръанды үрөнүп, аны башкага үйрөткөнүңөр”. Бухарий риваяты. Муавия ибн Абу Суфян риваят кылат, Расулуллах с.а.в:
من يُرِدِ الله به خيرا يُفَقِّهْهُ في الدين
«Аллах кимге жакшылыкты ыраа көрсө аны динде факих кылып коёт», – деген.
Жихад, адеп-ахлактарды тарбиялоо, мазлум-бечараларга жардам берүү, мечит-медреселерди куруу жана ушул сыяктуу амалдар Исламда улуу амалдардан болсо да, булардын Исламды турмушка кайтарууга тиешеси жок, кудум орозонун нафакага, зекеттин ажылыкка тиешеси болбогону сыяктуу, булар башка-башка вакиълер үчүн түшүрүлгөн өкүмдөр. Бул иштер менен алек болуу момунду Ислам түзүмүсүз жашоодогу ваъидден (жемеден) куткара албайт. Абдуллах ибн Умар р.а. риваят кылат:
وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً
“Кимде-ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. Муслим риваяты.
Бул амалдарды кылуу менен проблема (т.а. Исламды турмушка кайтаруу) чечилбейт, анын чече турган, шарият белгилеген өз чечими бар, ким шарият боюнча жүрөмүн, шайтандын жолдорунан сактанамын десе ошол “жол”ду үйрөнүшү керек. Аллах Таала айтат:
وَأَنَّ هَٰذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
“Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, (эгер башка жолдорго ээрчисеңер) алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду”. [6:153].
Абдуллах ибн Масъуд р.а. риваят кылат:
خَطَّ لَنَا رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم خَطًّا ثُمَّ قَالَ: «هَذَا سَبِيلُ اللهِ ثُمَّ خَطَّ خُطُوطًا عَنْ يَمِينِهِ وَعَنْ شِمَالِهِ، ثُمَّ قَالَ: هَذِهِ سُبُلٌ مُتَفَرِّقَةٌ، عَلَى كُلِّ سَبِيلٍ مِنْهَا شَيْطَانٌ يَدْعُو إِلَيْهِ». ثُمَّ قَرَأَ ﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِى مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ﴾
Расулуллох с.а.в. мубарак колу менен бир сызык сызып: “Бул Аллахтын туура жолу ”, – деди. Андан соң оң жана сол жагына сызыктарды сызды да: “Бул жолдордун кайсы бирине карасаңар анын үстүндө бир шайтан отуруп алган болот о.э. ал шайтан ушул жолго даъват кылып жаткан болот”, – деди. Андан кийин мына ушул аятты кыраат кылды; “Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, (эгер башка жолдорго ээрчисеңер) алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду”.[6:153]. Ахмад жана Дарумий риваяты.
Исламды турмушка кайтарамын деген жакшы ниеттин өзү менен тарыйкатты аныктабастан туруп Исламга каршы иштеп, шайтандын жолуна түшүп калышы, ал тургай өзүнүн ката жолун башкаларга туура кылып көрсөтүүгө аракет кылуу менен шайтанга жардамчы болуп калышы мүмкүн.
Ушундай болгон соң ошол туура жолду, бейиш жолун табуу үчүн, шайтандын жолдоруна адашып кирип кетип башкаларды да адаштырбастык үчүн тарыйкат туурасында бирер ишке амалга киришүүдөн мурда ушул жөнүндө олуттуу пикирлеш керек. Кудум, катуу оорулуу болгон адам тажрыйбалуу врачты издегени сыяктуу же куфр өлкөсүндө ач калган адам адал тамак туурасында пикирлегени сыяктуу, же болбосо ири өлчөмдөгү карызы болуп, акча табууну көздөгөн соодагер өз иштери жөнүндө пикирлегени сыяктуу, ал тургай андан да олуттуураак пикирлөө зарыл, себеби, инсан текшербестен тажрыйбасыз врач колунда калса кыйналат, тамак туурасында адашкан адам ач калышы, арам тамак жеп коюшу мүмкүн, соодасындагы ката чөнтөгүнө, аброюна зыян жеткириши мүмкүн т.а. өзүнө зыян болот. Ал эми тарыйкаттагы ката болсо Үммөткө, динге, Исламдын турмушка кайтышына зыян жеткирет, артка тартып, куфрдун өмүрүн узартат жана буга ойлонбой иш кылган даъватчы себепкер болуп калышы да мүмкүн.
Ошондуктан, Ислам фикратын ишке ашыруу көздөлө турган бардык амалдар хис кылынбай турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган амалдардан болушу бүтүндөй четке кагылат жана бул Ислам тарыйкатына тескери деп эсептелет.
Туура жолдо жүрүү үчүн алгач вакиъни үйрөнүш керек, себеби, шариятта ар бир вакиъ үчүн чечим бар. Ошондуктан, мейли тарыйкатка далалат кылган амал хис кылына турган натыйжага ээ болгон маддий амал болсо да, бул амал Аллахтын амру-нахийлери негизинде жүргүзүлүшү жана аны Аллахтын амру-нахийлери негизинде жүргүзүүдөн Аллахтын ыраазылыгы көздөлүшү керек.
Хистен амалга өтүп кетүү – ал тургай шарияттагы фарз амалдар менен алек болсо да – негизги иштен буруп жиберет, туура жолдон чалгытат. Хадисте келгендей, шайтандын жолуна түшүп калуу ыктымалы бар, мындан Аллах сактасын.
Расулуллах с.а.в.дын биринчи кадамын – коомдун арасында болуп, бетме-бет талкуулашып, адамдардагы чириген акыйдаларды, ката түшүнүктөрдү, залимдик мамилелерди о.э. мунун каршысындагы акыйкаттарды ачып берүү үчүн жетиштүү даъватчыларды, коомдун мугалимдерин даярдап алууга каратты жана бул иш аягына чыкканга чейин башка иш менен алек болбоду. Абу Бакр, Мусъаб ибн Умайр р.а. сыяктуу, ар кандай адам менен талкуулашып, акыйкаттарды жеткирүүгө кудуреттүү момундардан турган жамаатын даярдап алгандан кийин гана коомдо иштөөнү баштады….
Биз жашап жаткан вакиъ да Мухаммад с.а.в. пайгамбар кылып жиберилген абалга окшойт т.а. куфр системасы көлөкөсүндө бардык мункарлар чокусуна чыкты, уятсыздык, зулум-зомбулук өкүмдар болуп, ширк, зына ачык эле кылынууда. Бул мункарлардан, зулумдардан, куфр чеңгелинен мечит-медреселерди куруу же кары-факихтерди көбөйтүү менен, тапкан байлыктарыбызды муктаждарга, мазлумдарга берүү же адеп-ахлакты тарбиялоо менен кутулса болобу? Туура, бул амалдар шарият талап кылган фарз-мандуб амалдар жана даъватчылардын бул иштерде алдыңкы саптарда болушу талап кылынат, бирок Расулуллах с.а.в. куфрду, мункарларды, зулумдарды жоготуу үчүн ушул иштерди негиз кылганбы? Албетте, жок. Бул амалдар менен алек болуп, “куфрду, зулумду, мункарларды жоготуу үчүн аракет кылып жатам” деп билүү – бул туура жолдон тайылуу, өзүн-өзү алдоо, шайтандын азгырыгына дуушар болуу.
- Эми бизге важиб болгон Расулуллах с.а.в.дын ушул вакиъге тиешелүү иши т.а. шаръий талап эмне жана ал эмне үчүн т.а. кайсы натыйжа-максат үчүн кылынышы керек? Китептерди өз алдынча окуп чыгуу жетиштүү деп билесизби?
- Биз билгендей, Расулуллах с.а.в.ды өзүнө жолбашчы кылган, Аллах Тааланын туура жолу менен жүрүүнү максат кылган даъватчы алгач, адамдардын акыйдалары, түшүнүктөрү ката экенин ачып берүү жана рисолатты жеткирүү максатында өз жамаатын-хизбин даярдашы керек. Тарыйкаттагы алгачкы кадам ушул болгон соң, ал кандай даярдалат? Расулуллах с.а.в.сахабаларды Аркам ибн Аркам р.а.нун үйүндө топтогондой биз да бир жерге топтолушубуз керекпи?
- Хизбдин башка адамдардан айырмалай турган кандай негиздери бар? Шаръий өкүмдөр бардыгынан талап кылынат го?
Бул суроолорго жооп табуу үчүн албетте фикрат жана тарыйкатты жакшы үйрөнүш керек.
Ал эми бизде проблема чечилген, ушул кезге чейинки аракеттердеги каталар, алардагы адашуу себептеринин баяны о.э. мурдагы муътабар китептерде болбогон халифалык түзүмүн дагы кайрадан турмушка алып келүү туурасындагы, андагы башкаруу системасы, алардын салахияттары, жихаздары жөнүндөгү өкүмдөр болсун же акционердик, кооператив, камсыздандыруу компаниялары, акчаларды айырбаштоо сыяктуу экономикага тиешелүү өкүмдөр болсун же аялдардын бүгүнкү күндө иштөө өкүмү, эркек-аялдардын аралаш же өз-өзүнчө болушу сыяктуу ижтимаий маселелер болсун, таалим-тарбия, жазалар сыяктуу азыркы доорго тиешелүү шаръий өкүмдөрдүн бардыгы сахих ижтихад менен иштелип чыккан, тарыйкат өкүмдөрүнө тиешелүү суроолор үчүн да жооп анык. Биздин пикирлер китептерибизде муфассал (кеңири) баяндалган, социалдык тармактардан таап, үйрөнүүгө, текшерүүгө баарынын мүмкүнчүлүгү бар.
Эми ушул жөнүндө кыскача токтолуп, тарыйкатта хизб белгилеген өкүмдөрдү көз алдыңызга элестетишиңиз үчүн кээ бир пикирлер жана чечимдерди келтиремин, пикирлеп көрүңүзчү, ушул иштер шаръий экенине жана тарыйкат талап кылган максатка алып барышына сиздин да акылыңыз канааттанар бекен:
… Бүтүндөй хизбди туруктуу көрүнүштө ыйманий мухит курчап турушу зарыл, анткени хизбди бириктирүүчү фактор эки нерсе – жүрөк жана акыл болсун. Ошондуктан, мабдага ыйман келтирүү зарыл, хизб мүчөлөрү ортосун алгач жүрөк байланыштырсын. Андан соң мабданы терең үйрөнүү, эсте тутуу, өздөштүрүү жана түшүнүп жетүү зарыл, экинчи робита т.а. акыл пайда болсун. Ушундай кылуу аркылуу хизб туура даярдалат жана анын робитасы хизбдин ар кандай бороон-шамалдар каршысында бекемдик менен турушуна мүмкүнчүлүк бере турган деңгээлде бекем болот.
Биринчи баскыч – таъсис баскычы. Т.а. ар кандай туура сакафаттан ыраак экендикте үммөттүн бардык шахстары бирдей деп этибар кылуу, хизбге мүчө болууну каалап жаткан кишилерди хизб сакафаты менен тарбиялоону баштоо жана коомго таасир өткөрүү максатында аны менен байланышууга кудуреттүү болгон топту хизб тарабынан кыска мөөнөттө жетилтип чыгаруу үчүн бүтүндөй коомду хизбдин мектеби деп этибар кылуу баскычы. … Бул тарыйкатка тиешелүү айрым пикирлерибиз болчу, эми кээ бир чечимдерди келтиремин:
- Даристи халкага алып келүүдөн максат – турмушта амал кылышы жана Үммөткө жеткириши үчүн Исламды үйрөнүү. Мулахаза: даристер халкага келип Исламдан үйрөнүшпөсө же үйрөнүшсө да, ага амал кылууну о.э. Үммөткө жеткирүүнү билишпесе, мушриф – Амирдин чечимине итаатсыздык кылуудан тышкары – аманатка кыянат кылган болуп калат. Себеби, даристерди Исламга амал кыла турган, Үммөткө жеткире турган кылып үйрөтүү анын жоопкерчилиги чөйрөсүнө кирет, себеби тарыйкаттын алгачкы кадамы ушул, мушрифке ушул милдет жүктөлгөн. Мындан тышкары, Аллах Тааланын аманатын шаръий талапка ылайык жеткирүүгө амал кылбаган болот. Бул оор күнөө, аманатты жеткирбеген яхудийлер жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:
مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا ۚ بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
“Тоорот жүктөлгөн-берилген андан соң аны көтөрө албаган (тактап айтканда, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген) кимселер (яхудийлер) дал китептерди көтөрүп кетип бараткан эшекке окшойт (тактап айтканда, анын оорлугунан чарчап-чалыгышат, бирок ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Алланын аяттарын жалган деген коомдун мисалы канчалык жаман. Алла мындай заалим коомду хидаят кылбас!” [62:5]
- Халкага баруудан мурда сабакка даярданып баруу…
- Кошумча китептерди апталык халкадагы китептер менен бирге окуп баруу…
- Сабакка убагында баруу, кеч калганын дабалоо, ал тургай беш минут болсо да кеч калууну дабалоо…
- Даристердин кемчиликтерин оңдоп, каталарын түздөө үчүн, исламий шахсиялар кылып тарбиялоо максатында апта ичинде алар менен көбүрөөк бирге болуу, аларды күзөтүп баруу ж.б.у.с…
Бул чечимдердин нашаръий болгону же максатка алып барбай турганы барбы?
Болгону итаат жакшы болбой жатат, себеби хизбдин үч негизи бар, итаат да анын негиздеринин бири:
а). Амири. Амир өз ишин кемчиликсиз аткарууда.
б). Табанний. Ишибиз үчүн зарыл болгон, максатыбызга алып баруу үчүн керектүү болгон өкүмдөр, услубдар бардыгы табанний кылынган. Бул пикирлер биз үчүн максатыбызга жетүүгө дастурул-амал болушунан тышкары ким акыйкат да, ким акыйкат эместигин билишибиз үчүн өлчөө болот.
в). Итаат. Бул жаатта кемчиликке жол берип жатабыз, “Ухуд” казатында тоодогу жаачылар “Амирине” итаат кылбастан, акылдарына эрк берип, “бул жерде туруудан пайда жок” деген тыянак менен буйрукту бузгандыгы себептүү жеңиш жеңилүүгө айланып, мусулмандар оор жоготууга учураган. Ошондуктан, Амирибизге итаат кылып, шариятка тескери келбестик шарты менен ар кандай чечимдерге, биз үчүн арзыбас болуп көрүнгөнүнө да итаат кылышыбыз фарз. О.э. ушул итаат менен Үммөттү Исламына кайтаруу үчүн туура жолдо бара жаткан болобуз, антпесе шайтаний жолдорго ооп кетүү коркунучу бар. Аллах Таала айтат:
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا ۚ وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ (103) وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ (104) وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِن بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ ۚ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ
“Бардыгыңар Аллахтын жибине(Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! Ошондой эле Аллахтын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар. Тозоктон болгон бир чуңкурдун жакасында турган элеңер, силерди андан куткарды. Акыйкат жолду табышыңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буюра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар. Анык далилдер келгенден кийин бөлүнүп кеткен жана бир-бири менен талашып- тартышкан кишилер сыяктуу болбогула! Андайлар үчүн улуу азап бар”. [3:103-105].
Муфаккир Муслим.