Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

327
0

Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-5-февралга белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Учурдагы бийлик үчүн бул сапар абдан маанилүү. Анткени, Жапаровдун өкмөтү маанилүү долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууну мерчемдеп турат. Алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо, Нарында ачыла турган логистикалык борборду куруу, тоо-кен тармагындагы кытай инвесторлорунун коопсуздугун камсыздоо сыяктуу келишимдердин түзүлүшү күтүлөт. Кытай мына ушуга окшогон кызыкчылыктар жүзөсүнөн Кыргызстанга карыздарды, «жардамдарды» берип келүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы карызы 5 миллиард долларга жакын. Анын 2 миллирд доллары Кытайга тиешелүү. А бирок Кытай карыздары негизинен инфраструктураны калыптандыруу үчүн берилет. Бул тармакты кайра эле Кытай компаниялары ишке ашырат. Башкача айтканда кредит, карыздар ушундай талап менен берилет. Буга кошумча, Кытай компаниялары өзүлөрү менен кошо кытай жумушчуларын кошо алып келишет. Бул жумушчу кытайлар өлкөбүздөгү келечек «чайна таундардын» пайдубалы десек жаңылышпайбыз.

Буга чейин Кытай чек араны толук ачуу үчүн Кыргызстанга бир катар шарттарды, айрыкча, кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо шартын койгон эле. Анын алдында Кытай карызынан кутулуу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кени иштетиле турганы айтылган. Жапаровдун айтымында, учурда Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул болжол менен 50 миллиард доллардык сырьё. Кыргызстанга окшогон алсыз өлкөлөр мындай ири кендерди чет элдик инвестор колу менен иштетүүсү талашсыз. Демек, кытайдын компанияларын дал ушул тоо-кен тармагында калктын нааразылыгынан коргоо максат кылынууда. Эгерде алардын коопсуздугуна кепилдик берилбесе, кытай аскерлери аркылуу камсыздоого аракет кылат. Бул темир жолдун коопсуздугун сактоо сыяктуу шылтоолор менен шөкөттөлөт.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Муну Кытай да өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турат. Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышууда. Алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында өздөрүнүн экономикасын көтөрүүдө. Демек, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here